Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:36

БП: Нарымбаев 50 миң доллар алганы аныкталды


Данияр Нарымбаев
Данияр Нарымбаев

Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев паракорчулук баш болгон үч берене боюнча шектелип, суракка алынгандан кийин камалды.

Данияр Нарымбаев Башкы прокуратурага суракка чакырылып, депутат Хажимурат Коркмазов менен беттештирилген. Башкы көзөмөл органдын маалыматына ылайык, Нарымбаев ушул эле күнү Кылмыш кодексинин “коррупция”, “пара алуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча кылмышка шектүү катары кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Башкы прокуратуранын маалымат жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн прокурору Нурлан Тагаев:

- Тергөөнүн жүрүшүндө Коркмазов Нарымбаев менен алдын ала сүйлөшүп, Түлеевдин кызынан атасынын кылмыш иши боюнча Жогорку Сотто ага таандык мүлктү кароо маселесин оң жагына чечүү үчүн 200 миң доллар талап кылгандыгы аныкталды. Ошондой эле Нарымбаев Жогорку Соттун төрагасынын орун басары Турганбековго маселени оң жагынан чечип берүүгө көрсөтмө берем деп Коркмазов аркылуу Түлеевдин жакындарынан 7-майда 50 миң доллар алганы да тастыкталды.

Иллюстрация
Иллюстрация

Буга чейин Нарымбаев өзү бул ишке тиешеси жок экенин айтып, "бул бийликти жаманатты кылуу аракети" деп билдирүү тараткан болчу. Чуулгандуу иштердин арты менен Нарымбаев өзүн кызматынан кетүүгө мажбурлаган жагдайды кызыкдар күчтөрдүн саясий оюну катары баалаган.

Бирок президент Алмазбек Атамбаев “коррупция менен күрөштө эч кимди аябайм, Нарымбаевдин кармалышында саясат жок” деген пикирди айтты. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин маалымат катчысы Жанар Акаев билдирди.

- Президент коррупция менен күрөштө өзүнүн жакындары болобу, айлана-чөйрөсүндөгү адамдар болобу, эч кимди аябай турганын айтты. Ал мурдагы аппарат башчы эле деп Нарымбаевди коргогон жок. "Нарымбаев күнөөлүү болсо жазасын сөзсүз тартат" деп билдирди.

Көлөкө түшүргөн кылмыш иштери

Чоң кызматтагы жана президенттин жакын адамдарынын бири саналган аткаминердин паракорчулукка шектелип камалышы коомчулукта ар түрдүү талкууланууда. Нарынбаев камалганы менен сотто айыпка тартыларынан күмөн санагандар, саясий оюндагы Ак үйдүн адаттагы курмандыгы дегендер да, анын аракетинде чындыгында эле күмөндүү жагдайлар бар деген сыяктуу да пикирлер айтылып жатат.

Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бул окуяга байланыштуу мындай деди:

- Бул Президенттин аппаратында, Жогорку Кеңеште, Жогорку Сотто коррупциялык схемалар бар деп шек жаратуучу жагымсыз окуя болду. Чиновниктердин сот ишине аралашып жатканы мурун эле сөз болуп, сот реформасы ошон үчүн кыйрап жүрбөй жатканы айтылып келген эле. Эми ошол ойлор ушул окуялар менен бекемделип атат. Бул окуялар коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатса да, айрым аткаминерлердин буга ишенбегендиги, өзүн мыйзамдан жогору коюп, кол тийбес адамдар болушу мүмкүн деген түшүнүктөгү адамдар бар экенинен кабар берет. Мен Данияр Нарымбаевди көптөн бери тааныйм. Андай ишке барбайт эле го деп ойлойм. Бирок чын эле ошондой болсо, анда мыйзам жагынан териштирилиш керек.

Хажимурат Коркмазов
Хажимурат Коркмазов

Ал эми мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун чоң кызматтагы адамдардын паракорчулукка шектелгени бийликке көлөкө түшүрөрүн, бирок мындай адамдардын камалышы коррупцияга каршы күрөш чындап жүрүп жатканынан кабар берерин айтат:

- Бул бийликке аябай көлөкө түшүрө турган окуя болду. Эми ал адамдын камалышы мыйзам ченемдүү нерсе болуш керек. Аны камабай койсо, анда да бийликке аябай көлөкө түшмөк. Демек камалдыбы, бул президенттин кандай гана адам болбосун, мыйзам бузса жооп бериши керек дегени го.

Өткөн аптада парламент депутаты Хажимурат Коркмазов камактагы депутат Нариман Түлеевдин жакындарынан 100 миң доллар пара алып жатканда кармалганын УКМК маалымдаган. Андан көп өтпөй Түлеевдин кызы маалымат каражаттарына бул ишке Нарымбаевдин дагы тиешеси бар экенин билдирген. Дооматтарды четке каккан Нарымбаев өз арызынын негизинде 20-июлда президенттин буйругу менен кызматтан алынган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG