Линктер

дүйшөмбү, 17-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 00:30

Аз айлыкка даттанган дарыгер ишсиз калды


Эркингүл Койбакова.

Нарындык хирург Эркингүл Койбакова ишсиз калды. Ал буга дарыгерлердин айлыгы, социалдык абалы тууралуу ачык билдирүүлөрү себеп болгон деп эсептейт.

Эркингүл Койбакова Нарын райондук үй-бүлөлүк мединица борборунун хирургия бөлүмүндө бир жыл эмгектенип, андан кийин ушул эле оорукананын жандандыруу бөлүмүндө иштеп жүргөн.

Ал үч ай мурун билимин жогорулатыш үчүн Бишкек шаарындагы үч жарым айлык окууга бармакчы болуп, жетекчиликтен айлыгы сакталбаган эмгек өргүүсүн сурап кайрылган. Бирок Койбакованын бул өтүнүчүнө оорукананын башкы дарыгери макул болбогондуктан, ал жумуштан биротоло бошонуу жөнүндө арыз жазууга аргасыз болгон экен.

Эми минтип окуусун аяктап, кайра жумушка келейин десе, “ордуңа дарыгер алып койгонбуз, мурунку ордуң сакталган эмес” деген жоопту уккан.

- Мен аймакта канчалык “иштейм” деп жан далбастап атсам, мени кайра түрткүнчүк кылып, жетекчилик көңүлүмдү калтырып атат, - дейт ал. – “Орун жок, штат толук” дешет. “Мен кесиптештериме керегим жок болсо, анда кимге керегим бар?” деп ойлойт экенсиң да. Эми эмне кылам, кайда барам? Ушинтип аймакта тытынып иштеп жүрүп, талаада калам деп эч ойлогон эмесмин. Үч уктасам түшүмө кирген эмес. Азыр мурунку башкы дарыгерим “ии, Койбакова, ошону көрмөксүң” деп табасы канып отурат.

Эркингүл Койбакованын "Фейсбуктагы" билдирүүсү.
Эркингүл Койбакованын "Фейсбуктагы" билдирүүсү.

Койбакова Нарын райондук үй-бүлөлүк медицина борборунда иштеп жүргөн убакта “Фейсбуктагы” жеке баракчасына “Ушинтип жашайбыз. Бүгүн менин акчам түгөндү. Бар болчу, бирок мен аны кичинекей, ачка балдары барларга бердим. Маянабыз медиктерди жашабай эле, эптеп тиричилик кылганга мажбурлайт. Үйдөн ун таап, калама жасадым” деген билдирүү жазган. Бул посту коомчулукта чоң талкуу жаратып, дарыгерлердин маянасынын аздыгына нааразы болгондор өкмөткө наалат да айтып жиберишкен.

Койбакова оорукананын жетекчилиги аны жумушка кайра албай жатканына ушул билдирүүсү да себеп болушу мүмкүн деп эсептейт.

- Ушуну жазгандан кийин бир топ ызы-чуу болгон, - деди ал. - Мен иштеп жүргөндө мындай маселени далай эле жолу көтөргөм. Айлыгым 6500 сом болсо, квартирамдын ижара акысына 5000 сом төлөсөм, айлык эмнеге жетет? Мен жумушка кайра албай жатышканы ушундан улам болсо керек. “Кулак-мээбиз тынч иштейли” деп сүйүнүп жатышса керек да. Мен облустук оорукананын жетекчисине да бардым. Ал да көңүлкош мамиле кылып койду. “Сен ким элең, кайдан келдиң?” дейт. Шартымды түшүндүрүп айтсам “жумуш жок, дарыгер жетиштүү” деп гана тим болду. Ичимден ыза болдум. ““Дарыгер жок, жетишпейт” деп наалыйсыңар, анан дарыгер “иштейм” деп келип жатса кайра кылганыңар ушу” деп айтайын деп, кайра “жаман көрүнбөйүнчү” деп унчуккан жокмун.

Ал эми Нарын райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун башкы дарыгери Сыяпат Сырдыбаева Эркингүл Койбакованы кайра жумушка ала албай тургандыгын билдирди. Анын айтымында, Койбакова мурда иштеген ордуна башка дарыгер келген. Койбакова ага жеке жолуккан эмес.

Сыяпат Сырдыбаева.
Сыяпат Сырдыбаева.

- Өзү арызын жазып кеткен, - дейт Сыяпат Сырдыбаева. - Мен окууга уруксат бербей койсом айтпай-дебей эле кетип калган. Мен артынан телефон чалдым. “Эркин, бул эмне кылганың, мен сенин окууңа муктаж эмесмин” десем укпай басып кетип калган. “Окууга жибербегениңиз үчүн жумуштан бошодум” деп арыз жазып берип жибериптир. Бул жерде менин эч кандай күнөөм жок. Анын ордуна дарыгер келип иштеп жатат. Эл дарыгерсиз калган жок.

Саламаттык сактоо тармагындагы эксперт Бурул Дыйканбаева ооруканадагы системаны өзгөртүү менен дарыгерлердин айлыгын да, дарылоо сапатын да көтөрсө болот деп эсептейт. Дыйканбаева бул ишти ишке ашырууда оболу коомчулуктун демилгеси менен талабы биринчи орунда турарын билдирди:

- Биз бул эскирген системадан эчак арылышыбыз керек болчу. Дарыгердин айлыгын өкмөт эмес, ошол оорукананын жетекчилиги коюп бериши керек. Мамлекет дарыгердин кызматын сатып алышы керек. Ошондо ооруканалардын арасындагы атаандаштык пайда болуп, дарылоонун сапаты оңолот. Муну ишке ашырыш үчүн Саламаттык сактоо министрлиги каржы саясатын оптималдашыруусу зарыл. Ушундай система иштеген учурда гана дарыгер алган айлыгына ыраазы болот. Маселен, гемадиализ боюнча ушундай системага өтүшүп, ушул тапта жакшы жыйынтык берип жатат.

Нарын облустук ооруканасына ушу тапта жүздөн ашык дарыгер жетишпейт. Дарыгерлер жамаатынын алтымыш пайыздан ашыгын пенсия курагындагылар түзөт. Алардын ар бири бир эмес, эки дарыгердин милдетин аткарып иштейт.

Нарын облусунун жетекчилиги маселени чечиш үчүн жаш дарыгерлерди аймакка тартуу боюнча Нарын облустук ооруканасы менен кошо атайын программа даярдап жатат. Эгер ал колдоого алынып, ишке ашса облустагы дарыгерлердин кырк пайызын жаш адистер түзүшү керек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Мирлан Кадыров

    "Азаттыктын" Нарын облусундагы кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин англис тили жана адабияты адистиги боюнча аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG