Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:12

Нарын: ГЭС курулушу солгун жүрүүдө


Жумушчулар үчүн салынып жаткан үйлөр. 2014-жыл.
Жумушчулар үчүн салынып жаткан үйлөр. 2014-жыл.

Жогорку Нарында Орусия салып баштаган электр станцияларынын негизги курулуш иштери баштала элек.

Буга чейин негизги жумуш ушул жылдын жаз айларында башталары айтылган эле. Жергиликтүүлөр курулушта кайнаган иш жок экенин айтышат. Биринчи гидроэлектростанция курулат деп белгиленген Нарын дарыясынын жээгинде таш бургулоочу техникадан бөлөк курулуштун изи билинбейт. Суу жээгинен бир чакырымдай алыс, Орток айылына чукул жерде убактылуу шаарча, анын жанында толук курулуп бүтө элек бир кичи бетон заводу турат. Шаарчанын чеке-бели тосулган, жетекчилерден эч ким жок деп эшик оозунда кайтарып тургандар ичкери киргизбеди.

Шаарчага жол, суу, электр жарыгын киргизүү иштери жүрүп жаткан өңдүү. Сырттан караганда бирин-экин гана кишилер, топ-тобу менен жүргөн жумушчулар деле байкалбайт. Жол салган жана курулуп жаткан бетон зоводунда иштеген ондон ашык техникалар турат. Буга чейинки маалыматтарда убактылуу жумушчулар жашоочу шаарча 400 кишиге ылайыкташтырылганы кабарланган.

Жумушчулар үчун курулуп жаткан шаарчадагы имарат
Жумушчулар үчун курулуп жаткан шаарчадагы имарат

Жергиликтүү тургун Жолдошбек курулуш жай жүрүп жатканын айтууда.

- Эми курулуш жай эле жүрүп жатат. Көп деле иш билинбейт. Кичине эле кыбыратып жатат. Төртүнчү күндөрү чоңдору келимиш болот. Ошондо бир иштемиш болуп калышат.

Жолдошбек айыл элине толук маалымат жетпей, ар кандай кептер тарап жатканын кошумчалады:

- Качан башталат, эмне болорун билбейбиз. Биз чоңдор менен сүйлөшө албайбыз да. Кызыгып сурасак, оңдуу жооп беришпейт.

Ал эми Жолдошбектин кошунасы Аскарбек жергиликтүү тургундар жумушка кабыл алынбай жатат дейт:

- Мыйзамда жергиликтүүлөрдөн кабыл алынсын деген бар да. Азыр биздин айылдан аз эле балдар иштеп жатат. Калганын башка жактан алып келип жатат окшойт.

Жергиликтүү эл ГЭС курулушу жай жүрүп жатканын айтууда.
Жергиликтүү эл ГЭС курулушу жай жүрүп жатканын айтууда.

Курулуштагы мындай көйгөйлөр буга чейин дагы бир нече ирет массалык маалымат каражаттарынан айтылган эле.

Жогорку Нарын гидроэлектростанция башкармалыгынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн өкүлү Петр Черняк телефон аркылуу буларды айтты:

- Курулуш токтоп турат деген ар кандай сөздөр чындыкка дал келбейт. Негизги жумушту баштоо үчүн алгач бетон заводу, электр жарыгы, суу тартып келиниши керек да. Азыр ошол иштер тынымсыз жүрүп жатат. Ушул сыяктуу иштер бүткөндө негизги жумуш башталат.

Жогорку ГЭСтердеги негизги жумуш ушул жылдын жазында башталат деген буга чейинки билдирүүлөрүнө мындайча жооп берди:

- Ооба негизи ошентип айтылган эле. Азыр башталбай турат. Бирок мурда айтылгандай план боюнча эле, кандай болгон күндө дагы биз биринчи гидроагрегатты 2016-жылы ишке киргизебиз. Биз курулуш планынан артта калбайбыз.

Черняк жергиликтүүлөр жумушка кабыл алынбай жатат деген дооматтарды четке кагат. Бирок учурда канча жумушчу иштеп, анын канчасы айыл тургундары экени ишкананын сайтында илинүү деди. Аталган сайттан андай маалымат таба алган жокпуз. Башында Нарында ГЭСтер курулат экен деген кабарга сүйүнүп, карапайым калк курулуш иштерин жапа тырмак колдоп турган. Эми ГЭС курулушундагы ар кандай кептердин байма-бай чыгышы жергиликтүүлөрдү тынчсыздандырууда.

Нарын дарыясына Орусия менен биргеликте Камбар-Ата -1 жана Жогорку Нарындагы ГЭСтер каскадын куруу боюнча келишимге былтыр кол коюлган. Орусия тараптан каскадды куруудагы Кыргызстандын өнөктөшү “Русгидро” ишканасы - ГЭСтердин курулушу беш-алты жылга созулуп, алгачкы гидроагрегат 2016-жылы ишке кирерин маалымдаган. ГЭСтер курулуп бүтсө Нарын, Ысык-Көл облустарын электр жарыгы менен камсыз кылат.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG