Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:22

Нарын: Соодагерлер жардам күтөт


Нарын шаарында өткөн аптада эки базар өрттөнүп кеткени маалым. Атайын комиссия иликтөө ишин бүтө элек. Кырсыктан жапа чеккен соодагерлердин азыркы абалы кандай?

Жабыр таркандарга саткан товарларына жараша орундар берилип, аз-аздан карыз алып, соодасын кайра башташты. Алардын бири – Эркеган айым:

- Тиги жактан губернатор менен сүйлөшүп, “азыр төлөбөйсүңөр” деген. Бул жак эгемендүүлүккө чейин деп айтылды го, ошого чейин деп атат. Ошондо тиги жак бүтсө, өз ордубузга кайра кетебиз. Бул жакта “Реемстма” филиалы бизге карызга берет, сатып, кайра төгүп, ушинтип иштеп атабыз.

Күйүп кеткен “Мукаш Ата” базарында жашылча-жемиштерди сатып иштеген Сайрагүл мурдараак салынып бүткөн “Кут Ордо” базарынан орун алалбай калган.

Эми “бул жердеги ордуна бирөө акча төлөп, ээлеп койсо кантем” деп сарсанаа болуп турган кези:

- Жалгыз бой болгон үчүн “Мукаш Ата” базарында эле отурчумун. Кээ бирлери болсо эки жактан эки орун алып, жашылчаларды сатышчу.

Бул базар өрттөнүп кеткенден кийин ошол жакка ылайыкташтырабыз деп алып барды. Бирок ал жактагы орундарга мурун эле акча төгүп алгандар көп экен. Орун жок болуп калган үчүн 10-15 күн болобу, 1 ай болобу убактылуу туруп туруңуздар деп, ар кайсы жерге алып барып коюшту. Мен ушул бирөөнүн ордунда убактылуу турам.


Бүбүажар базар күйүп кеткенден кийин бош жүрдү. Бирок балдарын багыш үчүн карыздап, кайра соода-сатыкты баштаган экен:

- Биз тиги базарда болчубуз, күйүп кетти. Андан кийин эки-үч күн бош жүрдүк. Бирок балдарды багыш керек да.

Карызга акча алып, күнүмдүк жашоону өткөрүп атабыз. Бул базар Жумабек деген кишиге таандык, ижара төлөбөй эле кирип алдык. Биз дагы сүйлөшөбүз го. Өздөрү деле унчуккан жок.


Базардагы кырсыктан жапа чеккендердин саны 122. Алардын айрымдары акыйкатчынын Нарын облусу боюнча өкүлү Бакыт Рысбековго кайрылышкан:

- 28 жарандын атынан бүгүн арыз түштү. Бул 28 жаран чукул арада жардамга муктаж. Себеби бул адамдардын базардан башка киреше булактары жок. Үй-бүлөсүндө пенсия-пособия албагандар да бар. Ашык каражат жок болгондугуна байланыштуу ушул 28 жаранга жардам көрсөтүү боюнча эл аралык уюмдарга кайрылып атабыз.

Нарын шаардык мэриясынын алдын ала божомолу боюнча, соодагерлердин жалпы чыгымы 16 миллион сомду түздү. “Өтө чукул жардамга муктаж болгондорго каралашуу аракети башталды” дейт Нарын шаарынын мэри Баатырбек Жээналиев:

- Акчасы да, орду да жок, 30 киши жөн эле басып калды. Бул кишилерге тез арада жардам берели деп шаар боюнча марафон өткөрөлү деп атабыз. Буларга да жума күнү жардам берилет. Губернатор баштап 100 миң сом жардам берди. Буйруса иштер жүрүп атат. Банктар менен эми жакындан иштеп атабыз. Ошол 122 киши 16 миллион акча алганы чынбы, комиссия иштеп атат.

Жабыр тарткан соодагерлердин негизги бөлүгү “ФинансКредит” банкынын Нарындагы кеңсесинин кардарлары. Аталган банктын Нарындагы кеңсесинин жетекчиси Аида Жумаканова:

- Бишкектеги жетекчиликтен “кандай жардам беребиз” деп кеңеш сурадык. Банктарда бул багытта иш жүргүзгөн кредиттик комитет бар. Жогорку офистеги кредит комитети кандай чечим кабыл аларын күтүп атабыз. Алдын ала айта кетсек, 3 айга төгүү мөөнөтүн узартканга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бирок толугу менен насыяны кечип салуу жөнүндө сөз жок.

Өрттөнүп кеткен базарлар эгемендик күнүнө чейин салынып бүтөрү айтылууда. Эми анда иштегендер бардык коопсуздук чаралары бар, заманбап базар салынат деген үмүт менен күтүшүүдө.

XS
SM
MD
LG