“Шалбар” тигүүчүлүк цехинде нарындык кыз-келиндер шым тигип жатышат. Алардын саны 50нүн ары-бери жагы, бул – чакан шаар үчүн жакшы эле көрсөткүч. Баарынан жакшысы – Орусияга экспорттоп жатканы болсо керек.
Тигүүчү машиналарды колу тетик Нурлан оңдоп түздөп турат экен:
- Жаштайыман электр кыймылдаткычтарына кызыгып иштеп келатам. Кийим тиккен машиналарды оңдоп иштегениме 22 жыл болду. Бишкекке былтыр сезон убагында барып келгем.
Азыр Нарында да тигүүчү цехтер ачыла баштады. Шарттары канааттандырат, эртең менен саат 7де машина менен алып кетет, түштө жумуштан тамактанабыз. Эс алууну да унутпайбыз, Салкын-Төргө барып турабыз.
Адилет жумуш жок деп колоктоп жүрө бербей, же “кыздардын иши” деп намыс кылбай, бул цехте шым үтүктөйт:
- Иштегениме бир апта болду, эки күндө үйрөнүп кеттим. Мурун шаарда “упаковкада” иштегем. Сын-пикир укпайм деле, буйруса жакшы. “Ага Ханда” окуп, курулуш жагында иштечүмүн. Кийин жумуш жоктун айынан бул жакка кирдим. Айлык жакшы эле, шым үтүктөгөнүмө жараша болот.
Сыртка сатылып жаткан соң бул жерде шымдын сапатына катуу карашат. Тигилген шымдын баары көзөмөлдөөчү Гүлнара Мамбеттотоева айымдын колунан өтөт экен.
- Күнүнө эң аз дегенде 300 шым чыгат. Бирок арасынан 10 шым туура эмес болуп калат.
Айрыкча жаңы кыздар тиккенде. Кайра алып барып көрсөтүп берем. Бир эле шым тиккени менен төрт модели тигилет: жинсы сымал, стилдүү, ичке жана классика. Стилдүү, жинсы сымалдар жаштар, ичкеси орто муун, классика улгайгандар үчүн.
Тигүүчү цехтин ээси – Дүйшөнбек Таштанбеков. Ал “кезинде Орусия, Кытайда ишкерлик кылып көзүм ачылган” деп кеп салууда:
- Кытай, Түркия, Гонконг жана Тайван кантип өнүккөн? Кичинекей цехтерди үч жылга чейин салыктан бошотот.
Насыяларды 5 пайыз менен 5 жылга берет. Кийин кайтаруу убактысында акчалай түрдө эмес, товар түрүндө да кайтарса болот. Өкмөт кредит бербесе да, жок дегенде салык жактан жардам берсе болмок. Нарындын депутаттары чече албайт, Жогорку Кеңеш чечиш керек да. Кыргызстанга жаңы ачылган цехтерге үч жылга чейин салык төлөөгө мораторий жарыяласа, тигүүчү цехтер көбөйөт.
Ошентип Нарында тигилген шымдар Орусиянын Казан калаасында сатылып жатат. Жергиликтүү ишкерлер “ушинтип четинен чакан ишканалар ачылып, оңолуп кетебиз” деп ишендирип жатышат.