Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:16

Чолпонкулов: Тигүүчүлүк кесипке кызыккандар көп


Өкмөткө караштуу кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Таалайбек Чолпонкулов “Азаттыкка” маек курду.

- Учурда мектеп бүтүрүүчүлөрү кесип тандоо алдында турат. Кесиптик-техникалык окуу жайларга тапшыргандардын саны кандай болуп атат? Сиздер жылына канча бүтүрүүчүнү кабыл аласыздар?

- Жыл сайын орто көрсөткүч боюнча биздин жалпы кесиптик-техникалык билим берүү системасын 15 миңден ашуун улан-кыз бүтүрөт. Жылдан жылга кабыл алуунун саны көбөйүүдө, акыркы үч-төрт жылда өзгөчө жаштардын кызыгуусу артууда. Бул жакшы көрүнүш. "Жумушчу кесипти алсак, эмгек рыногуна талабына ылайык кесиптерди үйрөнсөк" дегендердин саны өсүүдө.

- Канча кесипке үйрөтөсүздөр жана кайсы кесипке тапшыргандар көп болууда?

- Жалпы система боюнча биз 120 кесипке даярдайбыз, 110 окуу жай бар.

- "Таш ыргытсаң юрист, экономисттин башына тиет" деп айтышат. Жогорку окуу жайды бүткөндөрдүн бир тобу чет өлкөдө мигрант болуп жүргөнү жашыруун эмес. Сиздерде кайсы кесип ардактуу болуп турат? Сынак болгондору барбы?

- Акыркы жылдары курулуш тармагына чоң талап болуп атат. Андан сырткары тейлөө чөйрөсү, жеңил өнөр жай, айрыкча тигүүчүлүккө чоң талап болуп атат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, жаштарга, 9-11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө кайрылам: кесиптик-техникалык билим берүү системасына келип жумушчу, суроо-талап жогору кесиптерди алсаңар.

- Сиздерден бүткөн балдар окууну аяктаган соң жумушка орношобу же жумушсуз калышабы? Ушул боюнча мониторинг жасап көрдүңүздөр беле?

- Албетте биз жыл сайын бүтүрүүчүлөргө мониторинг жасайбыз. Бүтүрүүчүлөрдүн 73% өз кесиби боюнча жумуш таап кеткен. Бул жакшы көрсөткүч деп ойлойм. Негизи жылда эле 70% тегерегинде болот. Айрымдар окууну аяктаган соң армияга кетишет.

- Азыр окуучулар мектепти бүтүп аттестат, паспорт алсам эле Орусия кетем деп камынып турган чагы. Аларды айталы ширетүүчү, мыкты чач тарач, тигүүчү жана башка кесипке үйрөтүп Кыргызстанда эле алып калуу аракети көрүлөбү?

- Буга объективдүү себептер бар. Казакстан, Орусияга кетип жаткан жарандарга айтаар элем: биринчиден, ал тарапта жумушчу кесипке өтө чоң талап бар. Кетээрден мурда бизден кесип, тийиштүү диплом алып кетсе.

Биздин дипломдор Казакстанда, Орусияда жана КМШ өлкөлөрүнө таанылат. Бул багытта эл аралык келишим бар. Орус тилин үйрөнүп баруу боюнча да иш алып барып жатабыз. Март айында кыргыз-орус иш тобунун ортосунда келишимге кол коюлган.

- Мурда сабакты көп жакшы билбеген балдар СПТУ, ПТУда окуйт деген түшүнүк бар эле. Азыр ошол көз караш, стереотипти кантип жоюп жатасыздар?

- Туура айтасыз, биз жыл сайын ар кандай профагитация жүргүзөбүз. ММКлар аркылуу ачык эшик өткөрөбүз. Бирок жылдан жылга бул стереотип бузулууда. Сөзсүз түрдө начар окугандар эмес, жакшы окугандар, жогорку билимдүүлөр биздин системага келип билим алышууда, кесип үйрөнүшүүдө.
XS
SM
MD
LG