Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:42

Нарын: Жаңыланган “Алма бак”


"Алма бактагы" балдар, Нарын, 1-июнь.
"Алма бактагы" балдар, Нарын, 1-июнь.

Нарын шаарынын борборунан алысыраак орун алган “Алма бак” сейил багын оңдоп-жаңыланды. 1-июнь балдарды коргоо эл аралык күнүнө карата анын ачылыш аземи өттү.

Нарын облусунун губернатору Канатбек Муратбеков жергиликтүү ишкерлерге үлгү көрсөтүү максатында март айында өткөн ишкерлер форумунда Нарын шаарынын борборунан алысыраак орун алган “Алма бак” сейил багын кайра куруп чыгуу милдетин алган эле.

Бул иштерге болжолдуу түрдө 100 миң доллар сарпталды дейт аземди ачкан Нарын шаарынын мэри Баатырбек Жээналиев:


- Мына өзүңүздөр көрүп тургандай атракциондорду алып келип, футбол, теннис аянтчаларын, бассейн жасатып, жарык, отургучтардан бери койдуруп жатат. Бул жумуштарга болжолдуу 100 миң долларга чукул акча каражаты жумшалууда. Бүгүнкүдөй ачылыш аземдер шаарыбызды кудай буюрса оңойт деп турабыз урматтуу шаардыктар.

Сейил багын ачып эле калбастан, ал мэрия тараптан көзөмөлгө алынса дейт балдарын майрамдатып алып келген Айсулуу:

- Парк жакшынакай ачылды. Ачылганына жараша ушуну шаардын кароосуна өткөзүп берсе. Буга чейин 7-8 жыл мурун паркты жандандыруу боюнча иш-чаралар өткөн. Бирок жакшынакай калыбына келтиргенден кийин каралбай калып, четтеринде тосулган тосмолорду бүт алып кетишкен . Анан шаар үчүн жасалып аткандан кийин, шаардын жашоочулары бир кишидей болуп сындырбай кармап калсак деген ой.

Шаардын дагы бир тургуну Жылдыз айым сейил бактын ачылышына ыраазы болуп, бирок аземди уюштуруу иштери ойдогудай болбой калганын белгиледи:

- Ушуга эми биздин башчыларыбызга рахмат. Акчаларын бөлүп парк ачып, элдин камын ойлоп жатканына. Бирок элдин маданияты дагы жогоруласа, маданияттуурак болушса, анткени паркты дагы кандай колдонушту, тазалыкта сактап, сындырбай-бүлдүрбөй жакшынакай урунса, элдин баарына жакшы болмок да. Рахма, майрамыбыз кут болсун! Бирок аземди уюштуруу иштери анча эмес болду. Азыр эчтеке угулбайт же микрофону иштебейт. Эчтеке көрбөй да атабыз.


Шаардын дагы бир тургуну Асан уулу Кубат Сейил бактар көп болсо, элдин маданияты көтөрүлөт деген ойдо:

- Бул “Алма бактын” кайрадан жаралышы жакшы нерсе болду да. Шаар үчүн өзгөчө ушул чөлкөм үчүн. Себеби дегенде алыс болуп, эл бияктан шаардын борборуна барышы кыйын болчу. Балдарды алып барганга борбордо бир эле парк болуп, башка жерге алпара албай жаткан. Эми буюрса жакшы болду шаардыктар үчүн, жалпы эл үчүн жакшы болду. Ушинтип маданият көтөрүлсө, ушундай балдарыбыз эс ала турган жай болсо, элибиздин турмушу оңолот деген ойдомун.

Селкинчекте ойноп жаткан Акылай менен баарлаштык:


- Менин атым Акылай, бүгүн мен жыргап ойноп атам. Паравоз, горкаларга түштүм. Бөбөгүм экөөбүз жакшы ойноп атабыз. Караулга түшкөндө карагыч бар экен. Жакындатып карап атам. Чоң айлангыч бар экен, айланып ойноп атам. Селкинчек тээп атам. Майрамыңар менен! Кыскасы мага жакты.

Ал эми кичинекей Нурдин досторун куттуктагана каалоосун мындайча билдирди:

- Майрамыңар менен куттуктайм. Жакшы каникул өткөзгүлө. Жакшылык, көп-көп балмуздак, таттууларды каалайм...

XS
SM
MD
LG