Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:34

“Жибек Жолу” бригадасы: “Күч – бирдикте”


Нарын шаарындагы айдоочулар тобунан түзүлгөн “Жибек Жолу” бригадасы жүргүнчүлөрдү Нарын – Бишкек – Нарын каттамы боюнча жеткирип турат.

Жоопкерчилиги чектелген “Жибек Жолу” коомуна кирген айдоочулардын саны жүздөй. Туруктуу иштегендери 70ке жакын. Алардын бири Самарбек айдоочулуктун кыйынчылыктарын санап өттү:

- Айдоочуларга кыйын эле, эң негизги эле көйгөйүбүз – жол маселеси. Бир барып келгенде эле талкаланып калат. Жүргүнчүлөрдү 500дөн саласың, кайра 2000 сомго тетиктерди сатып алам. Жолдун абалы начар, дөңгөлөктөрүбүз жарылат, бузулат. Ар кандай кырдаалдар болот. Жолду оңдоп койсо жакшы болот эле. Азыр ансыз деле Балыкчы аркылуу кетип атабыз, май 37 сом.

Бишкекке жумуштап бараткан Аида жол киренин кымбаттыгына нааразы:

- Такси кымбат болуп, маршруткага түшөйүн дегем, бирок ал да жок, аргасыз таксиге түшөбүз. Арзан болсо биз үчүн жакшы болот эле. “Бензин кымбат” деп эле турушат. Биз үчүн түңкү автобус деле жүрүп калды. Эми ага таң атканча кыйналбай деп таксиге түшөбүз. 50-100 сомго эле арзан.

Автобекеттен жүргүнчүлөрдөн, айдоочулардан сырткары акча же документтерин бергендер да бар. Алардын бири Бакыт айдоочулардан берип жиберген ыңгайлуу дейт:

- Нарын – Бишкек каттамында тааныган, ишенимдүү айдоочулардан 100 миң сомго чейин деле берип жүрөбүз. Документтерди да берип жиберебиз. Акысына 100 сомго чейин эле акча алышат. Тапшыргандан кийин “бердим” деп кайра чалып коюшат. Банктар аркылуу деле кетип атпайбы, бирок булардын үйгө чейин эч кимди убара кылбай жеткирип бергени жакшы.

Көп жылдан бери бригаданын мүчөсү болуп келаткан айдоочу Камчыбек Жумамүдүновдун айтымында, бригадага киргендердин 100 сомдон ынтымагы бар. Жаңы айдоочулар бригадага кирүүнү кааласа 6000 сом төлөшү керек. Бригадага кошулбай, акча төлөбөй эле каттаса болбойбу деген суроомо мындай жооп алдым:

- Андай болбойт. Бригадада балдар жамандык-жакшылыктарга катышып турушат. Мисалы, той болот, ошон үчүн ортого акча чыгарабыз. Андай-мындай кырсыктарда да жардам беребиз. Жолдо токтоп бирөөгө чалабыз, машина айдатып алып кетебиз. Биздин бригаданын айдоочуларына түшкөн ишеничтүү. Башка айдоочуларга токтошпойт.

Айдоочулар көзөмөлдөнөбү? Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн жол көзөмөлдөө кызматынын башчысы Үсөн Айтмамбетов автоунаалар техникалык кароодон өтөөрүн белгилөө менен салык кызматкерлери менен бирдикте иш алып бараарын айтты:

- Булар 1 айдан 4 айга чейин, керек болуп калса, 15 күнгө да жаздырып алышат. “Мөөнөтү бүтүп калды” деп Салык кызматынан балдар келет. Алар менен баары бир барыш керек болуп калат. Автобекетке барып текшерип, “патентиң барбы? Айдоочулук тажрыйбаң барбы?” деп чыгарабыз. Техникалык кароодон азыркы күндө таксилер өттү. Автобекетке барып иреттеп, документин текшерип, Салык кызматынын балдары менен бирге патентин берип, жаздыртабыз.

Ошентип жумуш жок деп шылтоолобостон автоунаалары менен айдоочулар жүргүнчүлөрдү ташып, үй-бүлөсүн багып келишет.
XS
SM
MD
LG