Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:09

Жаңы бүткөн жол жарыла баштады


Бишкек – Нарын – Торугарт жолу
Бишкек – Нарын – Торугарт жолу

2010-жылдын жаз айларында башталган Бишкек – Нарын – Торугарт эл аралык жолунун жаңы бүткөн жерлери кайрадан жарыла баштады.

Эл аралык жолго чектеш Казыбек айылынын башчысы Максат Абылгазиев жолдун сапаты начар болгонун айтып, "бир жагынан ошол эле Кытайдын оор жүк ташуучу унаалары да жолду талкалап жатат" деп кошумчалады:

- Акчанын баары талаага кеткени жатат. Куруп жаткан жолдун сапаты жок, ортосунан, туурасынан жарыла баштады. Эми төрт-беш жылдан кийин эле кайра жараксыз болуп калат го. Оор жүк ташыган унаалар канча жүк менен өтүп жатканы белгисиз. Алар да жолду талкалап жатышат.

Жолдун четинен кыйрашы быйыл кыш айларында байкала баштаган. Бул боюнча облустук бийлик жогорку тараптарга бир нече жолу кат жөнөтүшкөн. Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн аппаратынын башкы адиси Алмаз Дүйшөналиев:

- 411-421-чакырымда жаракалар бар. Бул боюнча бизге УКМКдан кат келген. Анын негизинде биз Транспорт жана байланыш министирлигине кат жолдогонбуз.

Ал эми жолдордун жарылып жатканына Транспорт жана байланыш министрлигинин жолдорду долбоорлоо тобунун координатору Султан Сарбагышев мындай баасын берди:

- Асфальт кышында жарылып калган. Биз эл аралык эксперттерди чакырганбыз. Эми жыйынтыгын күтүп жатабыз. Ал жердин топурагы начар. Биз долбоордун эсебинен жарым метр эле үстүн оңдоп кеткенбиз. Эки кабат гана шагыл төшөдүк. Ал эми жарака болсо 3 метрдей экен. Азыркы жумуш менен сактап калганга эч кандай мүмкүнчүлүгүбүз жок. Ал жердин өзү ошондой болуп жатат.

Сарбагышев учурда жарылган жерлер кайра оңдолуп жатканын жана жолдо унаалардын жүрүшүнө эч кандай тоскоолдук жаратпай турганын кошумчалады:

- Ошол жерде азыр унааларга эч кандай тоскоолдук болгон жок. Эч ким тыгылган жок. Мына азыр ошол жарылган жерлерди кайра оңдоп жатабыз.

Буга чейин Бишкек – Нарын – Торугарт жолунда Кытайдан чыккан 70 тонналык жүк ташуучу унаалар каттап, жолдун бузулушуна алып келгени айтылган. Жаңы жол салына баштаганы тараза коюлуп, унаалардын жалпы салмагы 44 тоннага чейин түшүрүлгөн. Бирок айрымдар таразада көзөмөл катуу экенине ишенбейт.

Эл аралык Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун жалпы узундугу 539 чакырым. Оңдоо иштери 2010-жылы башталып, 2014-жылы бүтөрү пландалган. Жолдун курулушуна каражат Азия өнүктүрүү банкынан бөлүнүп, бүгүнкү күндө 1 миллиард сомдон ашык каражатка иштер аяктады. Курулушту бир нече кытайлык компания жүргүзүүдө.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG