Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:13

Нарындын трактор тизген бийлиги


Нарында тизилген тракторлор.
Нарында тизилген тракторлор.

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгү дыйкандардын техникасын кароодон өткөрүп жатат.

Облустук бийлик өкүлдөрү ар бир айылдагы бардык менчик айыл чарба техникасын бир жерге чогулуп, жазгы айдап-себүү иштерине дыйкандардын даярдыгы тууралуу маалымат чогултуп жатат. Бирок бийликтин бул аракетине дыйкандар "өкмөт колдомок тургай кошумча түйшүк жаратып атат" деп нааразы болушту.

Нарын облусундагы 63 айыл өкмөттүн бардык айылдарындагы менчик айыл чарба техникасы өкмөттүн өкүлчүлүгүнүн сынынан өттү. Бирок арасында техника чогултпай, оозеки маалымат берген айыл өкмөт башчылары да болду.

Нарын районунун Оттук айыл өкмөтүнүн башчысы Автандил Молдосалиев бийликтин бул тапшырмасын аткаруудан эки жылдан бери баш тартып келатат. Анын себебин өзү мындайча түшүндүрдү:

Автандил Молдосалиев.
Автандил Молдосалиев.

- Көрөт, "мына, техника тизилип турат" дейт. Болду, башка пайдасы жок. Техникасын өкмөттүн өкүлүнө көргөзүш үчүн сүйрөтүп келгени бар, кайра сүйрөтүп кеткени бар. Мен былтыр ал тапшырманы аткарбай койгом. Анын айынан "тизбей койдуң" деп бир жыл бою жыйналышта тил угуп жүрдүм. Быйыл да чогултуп тизгенден баш тарттым. Эми жакында кайра жыйналыш болот деп атышат. Анда эмне дешээрин билбейм. Айыл чарба техникасына ээлик кылгандар да мага билдирүү беришкен. "Биз менчикпиз, айыл өкмөттүн техникасын тизип ал" дешти. "Болбосо май куюп бер" дешти. Мен аларга кайсы майымды куюп бермек элем?

Ал эми Нарын районунун Эчки-Башы айылынын тургуну Адылбек Курманов болсо "өкмөттүн Нарындагы өкүлү келет, тракторуңарды айыл өкмөттүн имаратынын алдына алып келгиле" деген кабарды укканда элдин шары менен от албаган тракторун башка бир жүргөн тракторго эптеп сүйрөтүп келген. Ал дыйкандын түйшүгү ансыз да кызып турган убакта өкмөт мындай кошумча түйшүк жараткандын ордуна колдоо көрсөтсө болмок деген ойдо:

- Алып барып техниканы каркайтып тизип коюп көрсөтмө кылып кайра алып келгенден эмне пайда чыгат? Азыр өзүбүз менен өзүбүз эле болуп калганбыз. Андан көрө тетиктерди жаңылап алганга жеңилдетилген насыя берсе, трактористтерге жардам болмок да. Аны менен эсептешпейт, алар. "Эмне кылсаң да алып кел" дешет. Айла жок, алып барасың.

Тизилген тракторлор.
Тизилген тракторлор.

Өкмөттүн Нарындагы өкүлчүлүгүнүн жазгы талаа иштерине дыйкандардын даярдыгын билүүнүн мындай аракети жергиликтүү бийликтин буйругунун негизинде жүргүзүлөт.

Өкмөттүн Нарындагы өкүлүнүн орун басары Касен Азизовдун айтымында, бул аракет дыйкандарды ойготуп, элге "талаа иштери башталды" деген маанай тартуулаш үчүн жасалып жатканын айтты:

- Эми техника тизилсе алардын кожоюндарынын да жоопкерчилиги көтөрүлөт экен да. "Мына, техниканын абалын караганы жатышат" деп, даярдап... Айыл аралап тракторлор жүрүп калса, эл да ойгонуп, "кой, жер айдаталы, мындай кылалы" дейт да. Биз ошолорго дем берели деп атабыз. Мунун негизги максаты ошол. Ал эми техниканын тетиги жана башка нерселери үчүн өкмөттүн демилгеси менен 50 миң сомго чейин жеңилдетилген насыя берилет. Мындан тышкары биз техниканы тизгенде айыл элине маалымат беребиз, "үрөндүн сапаттуусун бул жактан алгыла" деп.

Нарын шаардык кеңешинин мурдагы депутаты, айыл чарба адиси Улан Жаанбаев союз убагындагы колхоздун айыл чарба техникасын тизүү адаты бир жагынан дыйкандарга, айыл өкмөт башчыларына түйшүк жаратып жатканын моюнга алды. Анткен менен ал ар бир айылда кандай айыл чарба техникасы бар, кайсы айыл кандай техникага муктаж экени өкмөттүн ушундай аракетинен улам белгилүү болот деген ойдо:

Улан Жаанбаев.
Улан Жаанбаев.

- Мисалы, былтыр Ак-Талаа районунун Кызыл-Жылдыз айылында техниканы тизип жатып, ал айыл техникага муктаж экени билинди. Ошондон улам эл аралык уюмдар ал айылга жардам иретинде бир трактор алып берди. Ушундай маалымат үчүн чогултушса жакшы эле. Жыйынтык болушу керек. Мисалы, азыр элдин баарында соко толтура, сеялка (сепки - ред.) жок. Ошонун зарылчылыгын айтыш керек. Талап кылыш керек.

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгү минтип элдин менчик айыл чарба техникасын чогултуп, "облус айдап-себүүгө 100 пайыз даяр болду" деп отчет берип жатканы менен дыйкандар азыр өкмөттүн колдоосуна муктаж болсо да өз киндигин өзү кескенге эчак көнүп бүткөнү жаңылык деле эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG