Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:36
Улуттук университет.
Улуттук университет.

КУУнун ректорлугуна үч талапкер тандалды

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректорлугуна ат салышкан 15 талапкердин ичинен үчөө алдыга чыкты.

15:38 18.10.2014

11:10 18.10.2014

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректорлугуна 15 талапкер  ат салышууда. Талапкерлер:

Зайнидин Курманов - Кыргыз-Орус славян университетинин эл аралык мамилелер кафедрасынын башчысы;

Алтай Бөрүбаев - Улуттук Илимдер академиясынын вице-президенти;

Мустафа Кидибаев - Улуттук Илимдер академиясынын физика-техникалык институтунун лаборатория башчысы,

Алмаз Акматалиев - Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректорунун кеңешчиси;

Таалайбек Каракеев - КУУнун проректору;

Роза Сарымзакова -  КУУнун проректору;

Тынчтыкбек Чоротегин - КУУнун Тарых факультетинин Чөлкөм таануу кафедрасынын профессору, "Кыргыз тарыхчылары" коомунун жетекчиси;

Жанат Жаманкулов - КУУнун эл аралык кызматташтык борборунун жетекчиси;

 Жаныбек Бокоев - КУУнун Юридикалык институтунун директору;

Нурзак Абдразаков - КУУнун Дистанциялык билим берүү департаментинин башчысы;

Таалайбек Иманалиев - КУУнун прикладдык математика жана информатика кафедрасынын профессору;

Айнура Арзыматова - КУУнун Америка жана Европа өлкөрүнүн тарыхы кафедрасынын башчысы;

Төлөнбек Абдыров - Бишкек финансы экономикалык академиясынын жетекчиси;

Чынара Адамкулова - КУУнын Кыргыз-Европа факультетинин деканы;

Болот Токтобаев - КУУнун Кыргыз - Кытай институтунун директору.

Бул талапкерлерге окуу жайдын жамааты добуш берет. Эң көп добуш алган үч талапкер өкмөткө сунушталган. Алардын арасынан өкмөт башчысы бирин тандап алмакчы.

 

10:28 18.10.2014

Добуш берүү башталды. КУУ- өлкөдөгү эң алгач түзүлгөн жана алдыңкы университеттердин бири. Анда 30 миңге жакын студент билим алат. 

10:27 18.10.2014

Улуттук университеттин ректорун шайлоодо процедура боюнча талаш-тартыш чыкты. Буга чейин ар бир бюллетенди Уюштуруу комитети санап, кол койгон экен. Добуш берүүгө келгенде Эсептөө комиссиясы биз да санап, кол коебуз деп чыгышты. Мунун айынан добуш берүү бир саатка кечигип башталды.

Процедура боюнча талаш-тартыш
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:00 0:00

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG