Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:32

Ош коогасы: Улуттук комиссия жыйынтыгын чыгаруу алдында


Оштогу коогалуу күндөр, 12-июль, 2010-жыл
Оштогу коогалуу күндөр, 12-июль, 2010-жыл

Июнь окуясын иликтеген Улуттук комиссиянын корутундусу президент менен парламент кароосуна жөнөтүлгөнү турат.


Окуянын кесепети жана себептери аныкталды

Июнь окуяларынын иликтөө боюнча Улуттук комиссия беш айга созулган изилдөөсүнүн жыйынтыгын жарыялоо алдында. Ушул тапта айрым түзөөтүүлөрдөн кийин корутунду президенттин жана Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлгөнү жатат.

Комиссиянын мүчөсү Жыпар Жекшеев маалымдагандай, иликтөөнүн жыйынтыгында Ош жана Жалал-Абадда орун алган окуялардын себептери жана кесепеттери аныкталды. Мындан сырткары мындай окуялар кайталанып кетпеши үчүн бир катар мамлекеттик түзүмдөргө конкреттүү сунуштар иштелип чыкты:

Жыпар Жекшеев Кызыл-Кыштак айылындагы калк менен жолугушуусу учурунда
- 17-18 пункттан турган сунуштарыбыз бар. Андан да көбүрөөк өзүнчө сунуштар даярдалды. Мисалы мыйзам чыгаруу жаатында, кандай мыйзамдарды караш керек дегендей. Анан конкреттүү түрдө президентке, өкмөткө, конкреттүү министрликтерге сунуштарыбыз бар. Иши кылып мындан кийин мындай жаңжал болбошу үчүн биз эмне кылышыбыз деген суроолорго жоопторду иштеп чыктык.


Улуттук комиссия өз иликтөөсүн июль айынын акырында баштаган. Ага ылайык Ош жана Жалал-Абаддын кандуу кагылышуулар болгон аймактарында изилдөө жүргүзүлгөн. Окуялардын күбөлөрү, тиешелүү бийлик төбөлдөрү, улуттардын айрым лидерлери менен баарлашуулар өткөрүлгөн.

Август айында Улуттук комиссия калаба боюнча алгачкы байкоолору менен бөлүшкөн эле. Анда июнь окуялары алдын ала даярдалганы, ага айрым өзбек коомчулугунун лидерлери катыштыгы бар деп белгиленген. Комиссиянын акыркы корутундусунда да мындай версиялар тастыкталганы айтылууда. Ошондой эле июндагы окуялар убактылуу өкмөттөн өч алууну каалагандар жана криминалдык төбөлдөр уюштурган иш катары бааланууда.

Бул туурасында Улуттук комиссиянын эксперти Табылды Акеров мындай ою менен бөлүштү:

Табылды Акеров
- Уюштуруучулар аныкталды. Кимдер баштаганы, эмне себептен болуп кеткени такталды. Бирок террористтердин бул окуяда катыштыгы так такталган жок. Экинчиси, ушул кагылышуунун орчундуу жери катары криминалдык топтордун басым кылганы келип чыкты.


Комиссия жыйынытыгы көпчүлүктүн көңүл борборунда


Ошентип кеминде төрт жүздөн ашуун адамдын өмүрүн алып кеткен кандуу кагылышууга Улуттук комиссия кандай баасын берери коомчулуктун көңүл борборунда турат. Ал түгүл жыйынтык кечигип жатканын айткандар менен катар эле, комиссиянын бейтараптуулугунан күмөн санагандар да бар. Кантсе да ар кыл улуттун өкүлдөрүнөн турган улуттук комиссия иликтөө жеткиликтүү жүргүзүлүп, бир тараптуулукка жол берилбегенине ишендирип келет.

Кезегинде комиссиянын мүчөсү болуп иликтөөгө катышкан, андан соң мүчөлүктөн чыгып кеткен укук коргоочу Азиза Абдрасулованын айтымында, комиссия бир аз регламенти жок, чаржайыт иштеди. Бирок буга карабастан бир топ маалымат топтолду. Кеп эми ал маалыматтардын канчасы ачыкка чыгарылаарында:

Азиза Абдрасулова
- Курал-жарак эмне болуп элдин колуна түшүп калды? Эмнеге ошого жол берип коюшту? Бул негизги маселе. Мамлекеттин жоопкерчилиги, болтурбай койсо болот беле? Ал үчүн эмне кылды? Бул дагы бир маселе. Мындан сырткары “эң биринчи ок атуучу курал ким тарабынан колдонулду? Ошондон кимдер каза болду? Жыйынтыкта булар айтылбаса, анда бул комиссия иштебеди деп койсо болот.

Июндагы калабаны Улуттук комиссия менен биргеликте Эл аралык комиссия да иликтеп келет. Аталган комиссиянын төрагасы, ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын Борбор Азия боюнча өкүлү Киммо Килюнен калабанын чыгышында бир гана себеп эмес бир нече себеп болгонун, анын ичинде тарыхый, саясий себептер бар экенин билдирген.

Бул эки комиссиядан тышкары кандуу кагылышууну коомдук ишмерлерден түзүлгөн коомдук комиссия жана Акыйкатчы институтунун алдындагы иликтөө тобу да изилдеген. Буларга кошумча Жогорку Кеңеште да июнь окуяларын иликтеп, баа берүүчү комиссия түзүлүп, ишке киришүү алдында. Бул иликтөөлөр кандай жыйынтык берери убакыттын таразасына коюлгандай...

XS
SM
MD
LG