Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:20

Июнь окуялары боюнча иликтөөлөр жыйынтыкталууда


Ош шаары, 24-июнь, 2010-жыл
Ош шаары, 24-июнь, 2010-жыл

Июнь айында Ош жана Жалал-Абадда болгон окуяларды иликтөө боюнча эл аралык комиссия өз жыйынтыгын келерки жылдын февраль айында жарыя кылат.

Ушул эле багытта иш алып барган Улуттук комиссия болсо, иликтөөсүн аяктап, корутунду чыгаруу алдында. Жыйынтыктар толук чыга электе комиссияга ишеним артпагандар да болууда.

Июнь окуялары боюнча иликтөөлөр жыйынтыкталууда


Июнь айында Ош жана Жалал-Абад аймактарында болгон окуяларды иликтеген эл аралык комиссиянын иши жыйынтыкталып калды. Аталган комиссиянын төрагасы, ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын Борбор Азия боюнча өкүлү Киммо Кильюнен “Азаттыкка” билдиргендей, азыркы тапта керектүү маалыматтар дээрлик топтолуп бүттү. Келе жаткан жылдын январь айында комиссия мүчөлөрү Кыргызстанга чогуу келип айрым изилдөөлөрдү жүргүзөт. Андан соң Ош жана Жалал-Абадда топтолгон маалыматтар, видео, аудио материалдар талданып бүтүп, жыйынтык жарыяланат.

Киммо Кильюнен июнь окуяларынын чыгуу себептери азырынча толук ачыкталбаса да, негизги элементтери белгилүү болуп калганын билдирди:

Киммо Кильюнен
- Мен бул окуянын себептери көп экендигин гана айта алам. Бул жерде бир гана себеп болушу мүмкүн эмес. Бул окуяларда көп элементтер бар. Биз "окуялар кандай болгон? Эмне үчүн болду?" деген суроолордун айланасында иликтөө жүргүзүп жатабыз. Бул окуянын ар кыл себептери бар. Алар саясий, маданий анан дагы тарыхый себептер. Бул элементтердин көбү азыр деле бар. Мындан улам биздин сунуштар, бул өңдүү окуяларды болтурбоо үчүн эмне кылуу керек деген багытта болот.


Киммо Кильюнен маалымдагандай, ушул тапта комиссия абдан көп маалымат топтоду. Эми аларды талдоо негизги иш болууда. Ал эми ушул эле багытта иш алып барган, Кыргызстандагы коомдук ишмерлерден түзүлгөн Улуттук комиссия болсо өз жыйынтыктарын жаңы жылга чейин жарыялоого белсенип жатат. Аталган комиссиянын мүчөсү Жыпар Жекшеев билдиргендей, Ош жана Жалал-Абаддагы калабага байланыштуу дээрлик бардык маалыматтар топтолду. Комиссия мүчөлөрү 16-декабрдан тарта корутундунун үстүндө иш алып барышмакчы.

Ушул жылдын август айында Улуттук комиссия иликтөөлөрүнүн алгачкы жыйынтыктарын берген эле. Анда июнь окуялары алдын ала даярдалганы, кагылышуу кайсы бир лидерлердин колунан келгени айтылган. Жыпар Жекшеев бул маалыматтар комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыгында тастыкталганын ачыктады:

Жыпар Жекшеев, Улуттук комиссиянын мүчөсү, Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айылынын жашоочулары менен жолугууда
- Сөз жок. Алдын ала даярдалганы, көп жылдан бери даярдык көрүп келгени көрүнүп турат. Акыркы жаңылыктарды уксаңыздар керек. Өзбек диаспорасы кайрылуу жасаптыр. Кадыржан Батыровдордун күнөөсүн ашкерелептир. Бул эмнени айтып жатат? Биз карапайым элди күнөөлөбөшүбүз керек. Элдин көбү бир четинен коркуп, бир четинен азгырыкка алдырып, жанагы лидер сөрөйлөрдүн куралына айланып калган.

Улуттук комиссия иликтөөлөрүнүн жыйынтыгын сентябрь айында жарыялай тургандыгын билдирген эле. Бирок бул иш өлкөдөгү акыркы саясий кырдаалдарга байланыштуу создугуп кеткен.

Комиссияларга ишеним артпагандар да бар


Июнь окуяларын талдаган комиссиялар өз жыйынтыктарын чыгара электе эле, алардын аракетин сынга алгандар да болууда. Алсак Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов жакында Казакстандын Астана шаарында өткөн ЕККУнун саммитинде сөз сүйлөп, Кыргызстандагы июнь окуяларын иликтеген эл аралык комиссияга карата сын-пикирин айткан эле. Ал бул комиссиянын Бириккен Улуттар уюмунун атынан да, ЕККУдан да толук ыйгарым укугу жок экендигин белгилеп, иликтөөнүн жыйынтыктары кандай күчкө ээ болоорун айтуу кыйын экендигин жарыя кылган.


Саясат талдоочу Александр Князев да кайсы бир деңгээлде эки комиссиянын тең ишинен толук майнап чыгаарынан күмөн санаарын билдирет:

- Мен Улуттук комиссиянын мүчөсү болчум. Мен бул комиссия объективдүү болбой турганын сездим. Ал эми эл аралык комиссиянын аракети боюнча ЕККУнун саммитинде Өзбекстан Тышкы иштер министринин айткан сөздөрүнө кошулам. Анткени бул комиссиянын чечим алууда механизмдери түшүнүксүз. Бул комиссиянын чыгарган жыйыныктары кандай колдонулат ал жоопсуз жана такталбаган бойдон калууда.

Ошол эле учурда июнь окуяларын изилдеген комиссиялар иликтөө иштери толук кандуу, так жүргүзүлгөнүн билдиришип, андан майнап чыгарына ишеним артып келишет.

Маалым болгондой Ош жана Жалал-Абад аймактарында болгон окуялар дүйнө коомчулугунда ар кыл пикирлерди жаратып, айрым уюмдар бул окуяларга карата ар кыл боекторду кошуп жиберишкен. Июнь окуяларына байланыштуу маалыматтардын чын-төгүнүн комиссиялардын иликтөөсүнүн жыйынтыктары көрсөтчүдөй.

XS
SM
MD
LG