Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:49

Ж.Жекшеев: Эл аралык комиссия бир жактуу болбошу керек


Июндагы коогалаңды иликтөө иш-чаралары тууралуу “Азаттыкка” ошол кооганы иликтеген Улуттук комиссиянын мүчөсү Жыпар Жекшеев айтып берди.

- Июндагы коогалаңды иликтөө боюнча Улуттук комиссия мындан мурда коогалаң тууралуу алдын-ала маалыматтарды билдирген болчу. Анда комиссия төрагасы жаңжалдын келип чыгышы кандай болгону тууралуу айткан эле. Азыр комиссиянын иштери кандай жүрүп атат, кайсы деңгээлге жетип калды?

Ж.Жекшеев: Мына акыркы бир-эки айлык мөөнөттө биздин иликтөө иштерибиз солгундап калган. Себеби өзүңөр билесиңер, Орозо айтта биз иликтөөбүз менен элдин тынчын албайлы деп токтотуп койгон элек. Анткени бул абдан оор маселе. Андан кийин шайлоого байланыштуу да биз токтотуп койгон болчубуз. Себеби комиссиянын бир топ мүчөлөрү саясий партиялардын өкүлдөрү болчу, алар шайлоо процесстерине катышып атышкан. Мына 2-3 күндөн бери комиссия кадимки режимде өз ишин баштады. Мисалы, кечээ биз эл аралык көз карандысыз комиссиянын мүчөлөрү менен жолугуштук. Төрагабыз Абдыганы Эркебаев, Аблабек Асанканов жана мен үчөөбүз биздин комиссиянын атынан ушу жолугушууга катышып, кеңири пикир алыштык.

Албетте бул жерде биз Эл аралык комиссияга колубуздагы болгон маалыматтарды даяр экенибизди билдирдик. Алар да өздөрүндө болгон маалыматтарды бизге беришсе, кандайдыр бир эки жактан жашыруун иштебей, чогуу иштейли, кеңешип туралы деген пикирге келдик.

- Кандай ойлойсуз, эл аралык комиссия менен сиздердин жыйынтык өтө айырмаланышы мүмкүнбү?

Ж.Жекшеев: Айырмаланышы мүмкүн. Себеби ал жерде ар кайсы мамлекеттердин өкүлдөрү бар. Кечээ биз эл аралык комиссиянын өкүлдөрүнө ачык эле айттык. Негизи көптөгөн дүйнөлүк маалымат каражаттары, артыкча Орусиянын маалымат каражаттары бир жактуу кылып, жанагы окуянын баарында жалаң кыргыздарды жаманатты кылып бергенин биз баарыбыз ачык айттык.

Эгер бир жактуу карай турушкан болсо иш оңунан чыкпайт. Ошондуктан аларды калыс кароого чакырдык. Буга чейин дагы кайсы бир эл аралык уюмдардын атынан келип сурамжылоо кылып, жыйынтыгын чыгарышканда биз аны менен таанышып чыгып таң калдык. Алар 200 өзбек тектүүнү сурамжылап, кыргыздардан экөөнү кошуп коюптур. Бул комиссия да өз ишин ушундай бир жактуу иштесе, анда ал максатына жетпейт деп айттык. Аларды эки тараптын тең ойлорун угууга, тең салмактуулуктуу кармоого чакырдык. Барсаңар жалгыз эле күйүп кеткен өзбек тектүүлөрдүн үйлөрүнө эмес, кыргыздардын үйлөрүн да көргүлө, баарын бирдей, объективдүү карагыла деп атабыз.

- Улуттук комиссия коогалаң учурундагы окуяларды гана иликтеп, жыйынтык чыгарабы же андан кийинки окуяларга да кайрыласыздарбы?

Ж.Жекшеев: Мына ошол коогалаңдын кесепети тийип аткандан кийин, ошого байланыштуу маселелерди карап, ага да баасын беребиз да. Себеби ошол окуялардан кийин кандай багытта өнүгүп атабыз? Кандай окуялар болушу мүмкүн? Ушул сыяктуу себептерин, шарттарын аныктап, ошого жараша өзүбүздүн сунушубузду бийликке беребиз. Эмне кылыш керектиги тууралуу сунуштарды.

- Улуттук комиссия алдын-ала жыйынтык чыгарып салды деп сынга алынган болчу. Бир топ укук коргоочулар айтышты. Алардын арасында сиздердин мүчө Азиза Абдрасулова да бар. Ошол сындар эске алынып атабы?

Ж.Жекшеев: Эми укук коргоочуларыбызды баарыңар эле көрүп атасыңар, биз деле байкап атабыз. Булар деги башынан эле чыр чыгаргандан баштары арылбайт. Муну мен Азизанын өзүнө деле айтып атам ачык эле. Азыр деле угуп атса керек.

Ал жерде эч кандай жыйынтык тууралуу сөз болгон эмес. Ал жерде ачык эле айтылган. Биз жыйынтык чыгарып, комиссиянын атынан айтууга укугубуз жок. Биз болуп аткан иштер тууралуу гана жооп берип, А.Эркебаев маалымат жыйынын өткөргөн.

- Улуттук комиссия өз иликтөөсүнүн жыйынтыгын жыл аягында айтат делди эле. Азырынча окуяга ким күнөөлүү экендиги аныкталдыбы? Буга чейин билдирген маалыматыңыздарда өзгөрүү болгон жокпу?

Ж.Жекшеев: Албетте өзгөргөн жок. Бул жерде кенедей гана талаш болбошу керек. Буга өзбек тектүүлөрдүн арасындагы сепаратисттик топтор күнөөлүү. Ошолордун лидерлери баштаган. Жалпы өзбек тектүүлөрдү күнөөлөгөндөн мен такыр алысмын. Карапайым эл алданып калган. Көпчүлүгү жанагы бузукуларды эрчип кеткен. Жанагы сепаратисттердин күнөөсү талашсыз. Эми бул жерде кудайдан коркуш керек да. Ар кандай гранттарды алып алып бир жактуу маалыматтар берүү менен акча табыштын кереги жок. Бизге калыстык керек бул жерде. Чындыкты айтышыбыз керек.

- Рахмат.
XS
SM
MD
LG