Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:27

Көчмөндөр оюну: тойдун чыры бүтө элек


Ат майдандын курулушунан бир көрүнүш.
Ат майдандын курулушунан бир көрүнүш.

Көчмөндөр оюнун өткөрүү үчүн Чолпон-Атадагы ат майданды курган “Темир канат” ЖЧК өкмөт аларга 14 миллион сом карыз экенин айтып чыкты.

“Темир канат” компаниясынын жетекчиси Эркин Мергенбаевдин билдиришинче, Чолпон-Атадагы ат майдандын курулушу жалпысынан 87 миллион сомго турду.

Бюджеттен бөлүнгөн 72 миллион 590 сомдон тышкары ал жерде дагы 14 миллион сомго иштер аткарылган.

Мергенбаевдин айтымында, азыр бул акча салыкка жана жумушчулардын калган эмгек акыларын төлөп берүүгө керек болуп жатат.

Ат майдандын курулушу. 2014-жыл.
Ат майдандын курулушу. 2014-жыл.

- 3 миллион сомдон ашык салык акчаны 20-декабрда төлөшүм керек. Эгер төлөбөсөм ал эки эсеге көбөйөт. Ал салык кайдан чыкты? Ал ишке сарпталган 72 миллион 590 миң сомдун негизинде чыгып жатат. Менин буга каршылыгым жок. Туура чыгып жатат. Мага мамлекет карызды төлөп берсе, анда мен ушул салыкты төлөп берем. Мен жумушчулардын жасаган иши үчүн калган эмгек акысын төлөп беришим керек. Алар азыр күтүп жатат. Бирок мен аларга кантип төлөп берем? Эгер чөнтөгүмдө өз акчам болсо төлөп бермекмин. Ансыз деле ызылдап келгендерге өз чөнтөгүмөн чыгарып, айрымдарын төлөп бердим.

​Ушул тапта ат майданына кеткен каражаттын максаттуулугун Эсеп палатасы текшерип жатат. Буга чейин ал жерде тартип коргоо органдары, ошондой эле Дене тарбия жана спорт агенттигине караштуу Улуттук оюндар борбору түзгөн комиссия курулуштун эсеп-кысабын иликтеп келишкен.

Мергенбаевдин пикиринде, бул текшерүүлөрдүн артында карызды кайтармак түгүл, аны кайра жокко чыгаруу кызыкчылыгы турушу мүмкүн:

- Мага болгон бересени кайтарбоонун айласын кылып, азыр мыйзамсыз текшерүүлөрдү жүргүзүп жатат. Биринчи текшерүү бир көрсөткүчтү берсе, экинчиси башка көрсөткүчтү берип жатат. Мисалы, мурункусунда бир устунду орнотконго эки куб материал кетти десе, экинчиси кайра 1 куб кетти деп жазышкан. Ал эми актыларга бир эле адамдар кол коюп жатат. Азыр болсо Эсеп палатасы текшерүүдө.

Көчмөндөр оюнунан бир көрүнүш
Көчмөндөр оюнунан бир көрүнүш

Дене тарбия жана спорт агенттигине караштуу Улуттук оюндар борборунун жаңы дайындалган жетекчиси Доорбай Миңбаев текшерүүлөрдүн жыйынтыгы толугу менен чыгып, анын негизинде ушул карыз акча такталганда гана аны төлөп берүү маселеси караларын билдирди. Анын айтымында, азыр алардын бюджетинде мындай суммадагы каражат жок.

- Бул 14 миллион сом боюнча менден мурдагы жетекчи Алмаз Касенов актыга кол койгон экен. Бул акчага кошумча иштер жасалган турбайбы. Биринчиден, бул берене боюнча бизде азыр акча жок. Азыр текшерүү жүрүп жатат. Ошол текшерүүлөрдүн жыйынтыгы чыгып, бул акча такталса, анда биз өкмөткө же Мамлекеттик спорт комитетине акча сурап кайрылып, төлөйлү деген оюбуз бар.

Ат майдандын курулушунда бетон куюп иштеген жумушчу Элшан Куткеев өзү менен кошо 40 ашык жумушчу 1 миллион 240 миң эмгек акысын өндүрө албай жүрөт. Алар ат майданын курган компанияга да, акча бөлгөн Улуттук оюндар борборуна да кайрыла берип, майнап чыкпаган соң укук коргоо органдарына арыз жолдошкон.

- Буга чейин 647 миң сомду патент, салыкты төлөп туруп алганбыз. Калгандарын булар бизге бербей койду. Азыр баары эле - Мергенбаев, Касенов, Эргешов деген кишилер бири-бирине шылтоолоп эле бербей келатышат. Биз азыр милицияга, прокуратурага арыз жаздык, Жогорку Кеңешке көз карандысыз экспертиза жүргүзүү боюнча кагаз киргиздик.

Эркин Мергенбаевдин айтымында, Улуттук оюндар борборунун буга чейинки жетекчиси, ат майдандын курулушуна башынан аягына чейин жоопкер болгон Алмаз Касенов 14 миллион сом карызды төлөп бере турганын айткан. Бирок жакында эле Алмаз Касенов өзү түзгөн комиссиянын жыйынтыгы чыга электе эле кызматынан бошотулду.

Алмаз Касенов азыркы болуп жаткан талаш-тартыштарга чекит коюу үчүн көз карандысыз комиссия ишти иликтеш керек деп эсептейт:

- ​Кыска убакыттын ичинде мындай чоң объектти бүтүрүү абдан кыйын болду. Менимче, бул жерде көз карандысыз комиссия эле иштеп чыкпаса, талаш-тартыш узарып кетчүдөй. Азыр мамлекет тарабынан бир аз текшерүүлөр болду. Алар башкача карап жатышат. Иши кылып, “эмне кылсаңар да Көчмөндөр оюндарынын ачылышына объектти бүтүрөсүңөр” деген. Анан кызык жери - баары бүткөн соң “иштей албайт турбайсыңбы” деп айдап жиберишти. Туура эмес да. Мамлекеттик көз караштан алганда рахмат айтат экен деп сүйүнүп турсак, кайра бизди күнөөлөп жумуштан алып койду.

Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюнун өткөрүүгө казынадан 102 миллион сом, демөөрчүлөрдүн кошумчасы менен 138 миллион сом жумшалган. Анын ичинен Чолпон-Атадагы ат майданын оңдоого эң ири сумма - 72 миллион сомдон ашык каражат каралган. Курулуш иштери эки айдын ичинде бүткөрүлгөн.

Чолпон-Атадагы ат майданды курган жумушчулар буга чейин да арызданып жүрүшкөн болчу.
Көчмөндөр оюну: "куураган" куруучулар
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:38 0:00

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG