Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:31

Улуттук университетке ректор шайлоо убарасы


Кыргыз улуттук университети.
Кыргыз улуттук университети.

Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетте 18-октябрда ректорду шайлоо болот. Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын флагманы аталып келген билим ордосу акыркы жылдары коомчулукта карама-каршы ой-пикирлерди жаратууда. Мурунку аброюнан басаңдай түшкөн улуттук макамы бар университеттин биринчи жетекчисин шайлоо процессинин башталышы көп талкууга жем таштады.

“Азаттык” ушул теманын тегерегинде талкуу жүргүзүү үчүн Улуттук университеттеги ректорду шайлоо боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Базакеева Кундуз Жаманчаевнаны, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректорунун кеңешчиси, профессор Алмаз Акматалиевди жана Жогорку билим берүү тармагы боюнча эксперт Мырза Каримовду кепке тартты. Талкууну журналист Бакыт Орунбеков алып барат.

“Азаттык”: Азыркы учурда шайлоого болгон даярдык кандай? Шайлоо процесси жобого ылайык кайсы стадияда десек болот?

Кундуз Базакеева: Кыргыз Республикасынын Билим берүү мыйзамына жана өкмөттүн атайын жобосуна ылайык, 2014-жылдын 1-сентябрында билим берүү министринин Улуттук университетте шайлоо өткөрүү боюнча комиссиясынын курамы жөнүндө буйругу чыккан. 4-сентябрда комиссиянын отуруму болуп, регламентке ылайык ректорлукка талапкерлерди көрсөтүү, каттоо, шайлоону өткөрүү мөөнөттөрүн аныктаганбыз. 27-сентябрдан баштап талапкерлерди каттоо башталды.

“Азаттык”: Улуттук статусу бар, Кыргызстанда жогорку окуу жайларынын флагманы аталып келген билим ордосунун биринчи жетекчисинин, ректорунун орду кандай болушу керек деп ойлойсуз?

please wait

No media source currently available

0:00 0:27:06 0:00
Түз линк

Алмаз Акматалиев: Улуттук статусу бар жогорку окуу жайынын жетекчиси ошондой бийик деңгээлге жооп бере ала турган адам болушу керек. Менин жеке пикиримде, билим системасын жакшы билген эл аралык тажрыйбасы, эң негизгиси таза, уюштуруучулугу мыкты менеджер болушу керек деп ойлом. Замандын талабын сезген, терең түшүнгөн реформатор адам болушу керек.

“Азаттык”: Кыргызстандын жогорку окуу жайлары эл аралык Болон стандарттарын өздөштүрүп, кабыл алып жатат. Ушундай шартта өнүккөн өлкөлөрдүн өрнөгү кандай, ректорлукту шайлоо тажрыйбасы тууралуу айтып берсеңиз?

Мырза Каримов: Мен иштеп келген Американын Миннесота мамлекеттик университетинде ректорлукка шайлоого эки жыл мурда эле даярдык көрүлө баштайт. Президенттик аппарат же өкмөт эч кийлигишпейт, буйрук келбейт, ректордун маселесин университет, анан атайын комиссия чечет. Ал жакта ректор университетти жалгыз өзү башкарбайт. Ал жерде 13-15 адамдан турган Камкорчулар кеңеши деген орган башкарат. Ректорлук орунга талапкерди бүткүл дүйнө боюнча издешет, каалагандар катыша алат, тандоо, шайлоо бардыгы ачык болот.

XS
SM
MD
LG