Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:01

Шайлоодо утулгандардын мушташы


Кыргызстандын көз карандысыздыгынын баасы “Аргументтер жана фактылар - Кыргызстан” гезитинин бүгүнкү чыгарылышында учкай комментарийленди.

Анда, президент Алмазбек Атамбаевдин: "Мен Нурсултан Назарбаев менен Ислам Каримовго тизе бүгүп жөргөлөбөйм”,-деген сөзү анын ден соолугуна байланыштуубу же моралдык жаңы багытбы? – деп суроо койгон гезит. Ошондой эле коомдук ишмер Орозбек Дүйшеевдин: “Биз эгемендүүлүктү сактоону үйрөнүп, баалоого тийишпиз”, -деген маегине орун берген.

“Аргументтер жана фактылар - Кыргызстан” гезити Бишкектеги автунаа ээлерин сак болууга чакырып, баш калаанын түштүк аймагында автоунаанын дөңгөлөктөрү уурдалып жатканын баса белгилеген. Ушул эле гезитте энергетика маселеси, бюджеттик тармакта иштегендер үчүн Токмок шаарында курула баштаган үйлөрдүн долбоорунун пайдалуу жактары, Ысык-Көл облусунун Кызыл-Суу айылындагы “Карагат-фест” мөмө-жемиштердин фестивалы тууралуу макалага кеңири орун берилген.

Ал эми “Улутман” коомдук-саясий гезити Сазыкбай Турдумалиевдин “Чамындыларына” орун берип, кыргыз саясатына жана саясатчыларга мүнөздөмө берип, саясий портретин ачып бергенге аракет кылган. Анда аткаминерлердин 23 жылда жасаган иштерине баа берилип, "Туран" партиясы жана анын кыйроосуна сереп салып, сындаган "Туран".. Каныбек...Тайырбек... Камчыбек.. Максим Бакиев" деген темада жарык көргөн. Автор “Биринчиден, биз шайлоодо утулдук да, анын эртеси мушташып тарадык. Штабдагылар жыйналган акчанын жарымысын жеп коюптур”, - деп эскерип, макаласында өзү, поэзия, аял, акча, бакыт, байлык, сүйүү жөнүндө дагы оюн ортого салган.

Ушул эле гезитте башкы редактор Болотбек Таштаналиевдин “Тоолор кулабайт” деген макаласы жана айтылуу жез таңдай акын Эсенаман Жалгаш уулунун ата-теги, өмүр баяны, чыгармачылыгын камтыган “Эсенаман” деген көлөмдүү макаласы жарык көрдү.

Ошондой эле “Ала-Тоо-Алтай-Монголия” деген жол очеркинде үстүбүздөгү жылдын 20-июнунан 24-июлуна чейин, “Санжыра” борборунун тарыхый-илимий экспедициясынын Алтай, Монголия, Хакасияга болгон сапары жөнүндө жазуучу Асыкбек Оморовдун күндөлүгү басылды.

“Улутман” гезити филология илимдеринин кандидаты Гүлбара Орозованын “Кубат бий”, жазуучу Кушубек Исандын “Кушчулар жана Кушан мамлекети”, Дастан Сарыгуловдун “Түрктөрдүн Осмон империясынын үлгүсүндөгү Мамлекеттик түзүлүш жана башкарууда Номаддардын тажрыйбасы” деген көлөмдүү макаласына орун берди.

XS
SM
MD
LG