Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:18

Кайда баратканбыз?


Бүгүнкү баяндамабыз жаңы жарык көргөн “Дело № ...” гезитиндеги макалалар аркылуу болмокчу.

Бүгүн сатыкка чыккан “Дело №....” гезити “Садыркуловду өлтүргөндөрдүн соту ачык болушу керек!” деген, “Мегаком” Рыкуновадан 30 млн. сом талап кылууда. Ал ошону менен бирге эле сотторду коркуткандыгы үчүн да күнөөлөнүүдө” деген жана “Ахмат Бакиев качып кетти. Эмне үчүн качып кеткендиги чоң табышмакка айланды” деген баштемалар менен жарык көрдү.

Президент Алмазбек Атамбаевдин Орусияга жасаган биринчи ырасмий иш сапарындагы орус жетекчилери Владимир Путин жана Дмитрий Медведовго анын түз айткан сөздөрүн кайрадан мисалга тартып: “Ырас, биз кичинекей өлкөбүз, бирок көз карандысыз өлкөбүз. Бизде да ар-намыс деген бар. Өлкөсүн экономикалык жактан гүлдөгөн өлкөгө айлантып алууга элибиздин кудурет-күчү, духу жетет. Биз күчтүү Кыргызстанды кургубуз келет. Эгер биз коңшулар менен бирдей экономикалык алкакакка кирсек Орусия менен тышкы чек арабыз бир болот. Стратегиялык шериктештик деген камчы менен пряник аркылуу эмес, тең ата укукта түзүлүүгө тийиш. Биз камчыдан коркпойбуз, ошондой эле биз пряникке да муктаж эмеспиз” деп айтканын басты.

Президент Алмазбек Атамбаев андан аркы сөзүндө 2009-жылы Бишкектеги АКШнын авиабазасын чыгаруу үчүн Бакиев алган 150 млн. доллар грантты жана 300 млн. доллар кредитти эске салды. Бул акча ошондогу президенттик шайлоого эки ай калганда берилгенин, ошондо Атамбаев Бакиев менен президенттик шайлоого жарышка түшкөнүн, Бишкек менен Москванын ортосунда жок болгон бул акчанын процентин бүгүн Кыргызстандыктар төлөп келатканын билдирди. “Бакиевдин убагында уурдалгандан соң, революциядан кийин ошол 450 млн доллардан 200 миң доллдардан көбүрөөгү 2010-жылкы Ош-Жалал-Абаддагы окуядан кийин түштүктү кайра калыбына келтирүүгө жумшалган. “Биз алсак кредит алабыз, албасак инвестиция тартабыз. Азыр Кытайдан кредит алып “Датка-Кемин” станциясын курабыз. Ким бизге жеңилдетилген кредит бергиси келсе биз ошону менен иштешебиз. Мындан ары Кыргызстандын гана кызыкчылыгы башкы орунда турат” деп айтты президент.

“Дело №....” гезити ошону менен бирге эле президенттин 23-февралда “Бешинчи канал менен “Мир” телеканалына берген маегинен да үзүндү тартуулады. Анда: Башка өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын шайлоо өнөктүктөрүндө акчаларын оңду-солду чачып, өзүлөрүн бизде кожоюн сезгенин мындан ары токтотуш керек. Эгер андай эле акчалары ашып-ташып атса, ар кандай улуттук ураандарды көчөгө көтөрө чуркабай, элдин тынч жашоосуна бүлүк түшүрүп аркы-терки чайкабай, пайдалуу иштерге жумшашсын. Биз деген Казакстан менен Орусиянын бийликтерине каршы иштеп жаткан жерибиз жок го, демек алар да бизге достук мамиле жасасын. Көбү Орусиясыз Кыргызстандын күнү өтпөйт дегендин кыныгын алып алышкан, менин бул айткандарымды Орусиянын президенти дагы, премьер-министри дагы алар менен ушул маселенин тегерегинде сүйлөшкөндө эң сонун түшүнүштүк” деп айтты президент Алмазбек Атамбаев.

Ушул эле санда “Орусиянын картасына жабышкан оппозиция” деген чакан маалымат да жарыяланды. Маалыматта президент Алмазбек Атамбаевдин Орусия менен тең ата өлкө катары сүйлөшүү керек деп айткан сөздөрүнө каршы пикирин билдирип, Орусиясыз жашай албайбыз деген маанидеги сөздөрүн Оштогу болуп өткөн митингде айтып чыккан саясатчылар Камчыбек Ташиевдин, Адахан Мадумаровдун, Мыктыбек Абдылдаевдин сөздөрү мисалга алынды.

“Садыркуловду өлтүргөндөрдүн соту ачык болушу керек!” деген теманын алдындагы макала да окурмандарга тартууланды.

Соттолуучулар кимдер? Санай кетели.

Тынычбек Маматов, Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн мурдагы опери. Милийсалар Пастухов деген селсаяктын кулагы менен манжаларын кесип барып Садыркуловго жаңы жылдык белек кылгандыгы үчүн,

Алтынбек Анаркулов, Жаныш Бакиевдин шоопуру, үч кишинин өлүмүн жашыргандыгы үчүн,

Абдыкалык Жапаров, Жаныш Бакиевди тейлеген мурдагы Мамлкеттик Күзөт кызматынын офицери, үч кишинин өлүмүн жашыргандыгы үчүн,

Азисбек Кожошев, Мамлекеттик күзөт кызматынын атайын бөлүгүнүн офицери, Садыркуловду жана анын жанындагыларды өлтүрүү үчүн дайындалган Калашников автоматын киши өлтүргүчтөргө мыйзамсыз бергендиги үчүн,

Бакыт Байжанов, УКМКнын “Альфа” атайын бөлүгүнүн мурдагы кызматкери, Садыркуловду жана анын жанындагыларды уурдоого жана өлтүрүүгө катышкандыгы үчүн,

Эргешбек Маткайымов, Ички иштер министрлигинин атайын бөлүгүнүн кызматкери, Садыркуловду жана анын жанындагыларды уурдагандыгы жана өлтүрүүгө катышкандыгы үчүн,

Марат Турдукулов, Мамлекеттик күзөт кызматынын жогорку кызматтагы адамдарды кайтаруу бөлүмүнүн мурдагы башчысы. Садыркуловдун көзүн тазалоо үчүн кылмыштуу топту жана өзүнө баш ийген Күзөт кызматынын адамдарын тарткандыгы үчүн,

Нурланбек Темирбаев, үч адам өлтүрүлгөндө Бишкек шаардык милиция башкармасынын башчысынын орунбасары болуп турган. Садыркуловду жана анын жанындагыларды жок кылууга катышкан. Тергөө иштеринин версиясы боюнча Садыркуловдорду өлтүрүү үчүн Көк-Жар айылындагы бир тууганы К. Темирбаевдин дачасын сунуш кылуу менен Жаныш Бакиевдин киши өлтүрүү боюнча планы ишке ашышына жардам берген. Садыркуловдор өлтүрүлгөндөн кийин бул жардамы үчүн Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасы болгон Жаныш Бакиевге орунбасар болуп дайындалган.

Замир Молдошев, Чек ара кызматынын мурдагы төрагасы. Садыркуловду уурдагандыгы жана аларды өлтүргөнгө катышы бар үчүн же Садыркуловдордун кайда кетип, кайда бараткандыгын тууралуу Жаныш Бакиевди кабардар кылып тургандыгы үчүн,

Садык Борбуев, Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун лидерлеринин бири, Алманбет Анапияевдин мурдагы жан сакчысы. Садыркуловдун машинасын сүзүп өрттөлдү кылган шоопур Өмүрбек Осмоновдун көзүн тазалагандыгы үчүн.

Бул соттоло тургандар менен бирге эле өзүнчө өндүрүшкө алынган дагы бир кылмыш иши бар. Ал боюнча экс-президент Курманбек Бакиев, анын бир тууганы Мамлекеттик күзөт бөлүмүнүн мурдагы башчысы Жаныш Бакиев жана Бакиевдин уулу Максим Бакиев күнөөлөнүүдө. Бул үчөө тең Медет Садыркуловду жок кылуу үчүн алдын ала сүйлөшүшкөн. Тергөөнүн далилдери боюнча Садыркуловду өлтүрүү 2009-жылдын мартынын алгачкы күндөрүндө эле пландалып, анын көзүн тазалоого шылтоо Бакиевдердин кланын жок кылыш үчүн Медет Садырклуов оппозициянын башын коштуруп жатат деген маалымат алынгандан кийин өлтүрүүнү чечишкендиги үчүн күнөөлөнүүдө.

“Дело №....”гезитинин бүгүнкү санына ошондой эле “Түрмөнү кылмыш дүйнөсүнүн штабына айландырып алышкан” деген маекти Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга карыш күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси Калыбек Сатывалдиев берди.

1-СИЗОдогу башаламандык дал ушул уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшкө байланыштуу келип чыкканын, проблеманы түрмөдөгү “положенецтер” менен “смотрящийлер” жаратарын Жаза өтөө башкармасынын башчысы Шейшенбек Байзаков мурда эле айтканын, анан айтканы айткандай эле болгонун, уюшкан кылмыш дүйнөсү өз “мыйзамын” таңуулаганын, бирок анысы кабыл алынбаганын айтты. Грузиндердин тажрыйбасы боюнча мыйзам долбоору иштелип чыкканын, маселен Грузияда “вор в законе” деген титулу бар адам 7 жылга, “положенец” дегендер 5 жылга эркинен ажыратыларын мисалга тартып, грузиндер келип Кыргызстандын түрмөлөрүндөгү мыйзам менен таанышканда “эмне үчүн силерде кылмыш дүйнөсүндөгү адамдарга ушунчалык жеңил мыйзамдар каралган?” деп таң калышканын айтты.

Калыбек Сатывалдиев андан ары Бишкектин 1-СИЗОсу деген кылмыш дүйнөсүнүн штабына айланып калганын, азыр мына ушул 1-СИЗОнун “смотрящийи” аталган Дамир Сапарбековдун түрмөгө олтуруп алып дүйнөнүн чар тарабы менен байланышып турганы иликтенип жатканын, мындан эки-үч ай мурда 1-СИЗОдо мамлекеттин мыйзамдары деген иштемек тургай, анын жыты да болбогондугун, түрмө жалаң кылмыш дүйнөсүнүн айткан-дегени менен иштеп калганын, ошондуктан анын мурдагы башчысы Элмир Аллаяров кызматынан алынып, анын үстүнөн тергөө амалдары жүрүп жатканын, Аллаяров “общактар” менен тыгыз байланышта болгонун, алардын түрмөдө олтургандардан зордоп жыйнаган акчаларын бөлүшүп турганын ачыкка чыгарды.

Сатывалдиев Аллаяровдун чөнтөк телефонуна күн сайын түшпөдү дегенде эле 2 миңден 4 миңге чейин, болбосо такай 5 миң сомдон түшүп турганын, СИЗОдогу айрым кызматкерлердин 12-13 миң сомдук айлыгына ай сайын 18-20 миң сомдон баланс кошулуп турганын, атайын коррупциялык схема иштелип чыгып, түрмөдө чөнтөк телефон деген банктын ролун аткарып калганын, камералардын ачылышын талап кылган “общактар” алтургай СИЗОнун дежур бөлүмүнө чейин кирип алып, кесилгендердин өздүк иштери менен ээн-эркин таанышууга мүмкүнчүлүк алып турушканын, кыскасы түрмөдө ким админстрация, ким кылмышкер экени билинбей баратканын, бүгүн мына ушуга чек коюлганын баяндап берди.
XS
SM
MD
LG