Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:21

Бардакстан


Бүгүн жарык көргөн “Дело №....” гезити “Акмат Бакиевдин качып кетишине ким мүмкүндүк берди?” деген ат менен жаңы санын ачты.

Буга карата айрым жарандардын ойлоруна орун берди.

Саясат иликтөөчү Токтогул Какчекеев: Бүгүн бардык тармактарда, анын ичинен - милицияда, атайын кызматтарда, прокуратурада, соттордо Бакиев кланынын кишилери олтурат. Акмат Бакиев кесилген статья менен ал камалган саатынан бошогон саатына чейин түрмөдө олтурушу керек болчу. Бирок Бакиевдин бул жерде калган командасы аны алтургай түрмөдөн алып чыгып кетиш үчүн мыкты иштеген. Карабайсыңарбы, бир күнү эле Акмат Бакиев катуу ооруп калган болот да, ооруканага жаткырылат. Мүмкүн ал ооруп жатканда уча турган белетинен бери даярдап турушкан. Эгер Мамлекеттик каттоо кызматын жакшылап каза турган болсо, ага даярдалган жапжаңы паспорттун документтери чыгаары бышык. Садыркуловду өлтүргөндөр, өлтүрүп эле тим болбой сөөгүн өрттөп жиберген Бакиевдин кландары бүгүн андан жаман иштерди жасоого даяр. Курманбек Бакиев мына жакында эле өзүнүн интернет-баракчасында кечээ эле өткөн оппозиционерлерди, анын ичинен Ташиевди колдоого чакырып турду го.

Мындан ары эмне болот? 1-марттагы митинг жөн эле билдирүү эмес.Ташиев, Келдибеков, Мадумаров эмнеге жөндөмдүү экендиктерин көрсөттү. Мындан аркысынын баары бийликке байланыштуу болот. Элдин көбүнүн добушун алган Атамбаев өлкөгө мыйзамдуулук дегенди орнотушу керек. Түрмө дегендер каралар менен саясый партиялардын көзөмөлүндө болбошу керек.

“Адилет” клиникасынын башчысы Чолпон Жакупова: Эң башкысы азыр төбө чачты тик тургузган нерселерге да эл таң калбай калды. Эң коркунучтуу нерсе ушул болууда. Менин оюмча, кимдир бирөөлөр Бакиевдердин соттолбой калышы үчүн бардыгын жасап жаткан сыяктуудай, алар сотко келсе эле элден жашырып келаткан бир балекетти айтып коё тургандай сезиле берчү болду, - деп айтты.

Акмат Бакиевдин зордук-зомбулугун тарткан жалалабаддык ишкер Касым Исмановдун адвокаты Икрамидин Айткулов: Тергөөчүлөр күнөөлүү. Акматтын далай күнөөлөрүн сотко жеткирбей жашырып коюшкан.

Прокуратура күнөөлүү. Бул орган Акмат Бакиев соттолуп жаткан учурда өтө эле пассивдүү болуп туруп алды. Бир эле мисал, көчмө сот Жалал-Абадда болуп калып, ошол соттун кезектеги жүрүшүнө барып катыштым. Аңгыча залга кирип келген Жалал-Абад облсотунун коллегиясынын мүчөлөрүнүн бири тордун ичинде олтурган Акмат Бакиев менен баш ийкешип, баары жайында дегенсип күлүп учурашты. “Эл эмне дейт?” деп ойлоп да койгон жок. Ошентип биринчи инстанциядагы сот Акмат Бакиевди актап жиберген. Акмат Бакиев кылган кылыктары үчүн 6 жылга эмес 10 жылга кесилиши керек эле. Башкы прокурордун 1-орунбасары болуп иштеп келген Рыскул Бактыбаев убагында бүгүн мен коргоп жүргөн Касым Исмановго Акмат Бакиевдин айткандары боюнча кылмыш ишин козготкон. Акмат Бакиевдин качып кетишине чейинки жардамдардын баарын так ушул Бактыбаев берип турганына ишенем,-деди.

Ички иштер министринин орунбасары, генерал Мелис Турганбаев: Эмне дээримди да билбей калдым. Биз барып, жаныбызды оозубузга тиштеп жүрүп кармап келебиз, бул жерде олтуруп алып четинен качырып ийип жатышат. Кимдер күнөөлүү экенин да билбей калдым.

Каныбек Турдумамбетов, Акмат Бакиевге кылмыш ишин козгогон Жалал-Абад облусунун мурдагы прокурору:Акмат Бакиев чынында эле убагында Жалал-Абад облусун көзөмөлдөп турган. Баардыгына киришкен, бирөөлөрдүн мүлкүн басып алуучулук менен шугулдангандыгы да чындык.

Саясат иликтөөчү Марс Сариев:Күч органдары бардакка айланган. Демек дал ушуларды сатып алган. Дагы бир эске ала турган нерсе, азыркы бийликти элге жаман көрсөтүү үчүн атайын күчтөрдүн колу менен жасалганын да унутпоого тийишпиз. Акмат Бакиев бир караганда кандайдыр бир өлкөдөгү туруктуулуктун сакталып туршунун өбөлгөсү болчу. Ал түрмөдө олтурганда Курманбек Бакиев активдүү аракеттерди көрө алмак эмес. Эми ал үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр ачылды. Эми сырткы күчтөр Курманбек Бакиевди саясый фигура катары алдына салып алып, ар кандай максаттарынын баарын, жаман иштеринин баарын ишке ашыра берет деп ойлойм, - деп жооп берди.
XS
SM
MD
LG