Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:02

Балалыкка балта чапкандар


“Назар” гезити академик Сабыр Жумабеков дагы бир уникалдуу операция жасап, 12 жыл баспай калган 28 жаштагы майыптын сообуна калганын кабарлады.

Журналист Жолдошбек Токоев “Адигине менен Тагайдын урпактары” деген чакан макаласында эки бир туугандын тарых бетинде калган нарктуу, намыстуу иштерин баяндап, нуска болор бекен деген ой менен азыркылардын эсине дагы бир ирет салып өттү.

Мамлекеттик каттоо кызматынын 2 жарым млн. доллар жана жарым млн. евронун көзүн будамайлаган чуусун Эсеп палатасы таап чыкканын, бир жылдын ичинде алкымы бузулган жетекчилердин төртөө алмаштырылганын, алардын баары тең Феликс Кулов башында турган “Ар-намыс” фракциясынын квотасы менен сунушталган кызматчылар экендигин маалымдады. Деги эле партиялар тарабынан сунушталган кадрлар эл үчүн жыргатып иштеп бербей келатканын элдин эсине салып өттү.

Ушул эле гезитте “Саралаева мазактагандай баатыр энелер акча үчүн же бир маал ысык тамак үчүн келген жок, Бишкекке!” деген Жолдошбек Токоевдин макаласында: “Эгер кыргыз бийлиги саткын, канадалыктар аферист болбогондо, Кыргызстандын 90 жылдык бюджетин түзчү Кумтөрдөн таза киреше казынага түшүп турса, ошонун эсебинен пенсиялар, пособиелер көбөйүп турса, Баатыр энелер Ак үй алдына басып келмек эмес” деп жазып чыкты.

“Алиби” гезити бул санын “Кара-Буурадагы алтын кенин Назарбаевдин кызы ташып жатабы?” деген баштема менен ачты.

Сатынды Самыкбаевдин макаласы “Улуу жазуучунун ысымы ыйгарылса” деп аталып, “Чыңгыз Айтматов менен Жусуп Абдрахмановдун эстеликтери эмне үчүн Көлдө жок?” деген суроону койду.

КТРКнын байкоочу кеңешинин мүчөсү Сабыр Муканбетовдун маеги “Акыры жоопкерчиликке тартылышат” деген ат менен жарык көрдү.

Сабыр Муканбетов бизде “митинг максатына жетти” дегенди көпчүлүк сөзсүз эле бирдемкени бүлдүрүү, талкалоо, басып алуу деп түшүнүп калганын, ал эми чынында провокацияга алдырбай, айткан талаптарын коюп, сүйлөп, тынч өткөн митингди максатына жетти деп айтса жарашарын белгиледи. Ал ошондой эле Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча оюн билдирип, Азиз Батукаевди кастарлап узатуу менен кыргыз бийлигинин абийири айрандай төгүлгөнүн, элибиздин, мамлекетибиздин бетине көө жабылганын, бул кадам ансыз да кум сыяктуу эшилип бараткан бийликтин рейтингин жер менен жексен кылганын, эгер бийлигибиздин минтип кайра-кайра алаасын булгап алмайы өнөкөткө айланып кете берсе анда арты жаман бүтөрүн, мурунку эки президенттикинен да катуу болуп калышын эскертти.

“Фабула” гезити Эрнис Балбаковдун “Кайда баратабыз?” деген макаласын жарыялады. Автор 2010-жылы 75, 2011-жылы 83, 2012-жылы 151, ал эми акыркы 7 айдын ичинде 94 наристе зордукталганын, жашы жети элек наристелерди зордуктаган эки буттуу наадандарга жаңы киргизилген Жаза кодексине ылайык химиялык кастрациялоо жолу эркиндикке чыгарына 6 ай калганда жасалмакчы болуп атканын, бирок бул деген аздык кыларын, милициянын генерал-майору Мелис Турганбаевдин "алаасын тыя албаган айбандардын баарын бычып гана эмес, турган жеринде бырчалап салса да аздык кылат" деп айтканын шилтеме кылуу менен 3 жаштагы өзүнүн кызын зордуктаган Үсөн Сакатаев деген айбандын кылыгын жазып чыкты. Мындай наадандар өнүккөн Түштүк Кореяда, Иракта, Сауд Арабиясында өлүм жазасына тартыларын, бир жыл мурун Иранда 9 жаштагы секелек кызды зордуктаган адамды шаардын борбордук аянтында миңдеген адамдардын көз алдында дарга асышканын, эл ошондо “Сотко ракмат!” деп кыйкырып турганын, былтыр 3 жаштагы наристени зордуктаган Жолдошбек Жунушалиев деген зөөкүр №1 СИЗОдон өз кокосун лезвия менен кесинип өлгөнүн мисалга тартып, мындайларга өлүм жазасынан өткөн жаза жоктугун айтты.

“Кыргыз туусу” гезити Жалал-Абад облмилийсанын начальниги Малик Нурдиновдун “Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук өсүүдө, тамыры кайда?” деген макаланы “Мамлекет жана келечек” деген рубриканын алдында тартуулады. Макалада жаш балдардын арасында өз жанын өзү кыйгандар көбөйгөнүн, компьютер оюндары балдардын аң-сезимдерин бузуп жатканын, балдарга балдардын зордук-зомбулугу күчөгөнүн, динге жамынып алып кылмыш кылуу өскөнүн, маселен Каракөл шаарындагы орто мектептин 10-11-класстарынын окуучулары кармалып, текшере келгенде алардын спортко машыктыруучусу “Хизб-ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмуна ант бергенге мажбурлаганын айтып беришкенин, балдардын арасындагы кылмыштуулукка каршы күрөштө милиция коомдун колдоосуна муктаж экендигин билдирди.
XS
SM
MD
LG