Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:34

Алсыз өлкөнү аралаган диний агымдар


1-майда жарык көргөн кыргыз гезиттерине баяндама.

“Алиби” гезити “Диний экстремизм жанан Батыш өлкөлөрү”, “Силер Акаев, Бакиев эмессиңер, кан менен келген бийликсиңер, элди алдаганды токтоткула!” деген баш темалар менен бүгүнкү санын ачты.

Карыбай Турусбековдун орус тилдүү макаласы жарык көрдү. Автор анысында эгер Орусиянын шору экөө болсо, Кыргызстандыкы үчөө экенин, үчүнчүсү - бийлиги менен элдин ырыс-кешигинен жыйнаган байлыгын сактап калыш үчүн ата-бабалар жанын берип, канын төгүп атып урпактарына мураска калтырган ыйык жерлерин күчтүү мамлекеттердин бөтөнзордугуна башын тосуп, “келе?” дегенин бөжөңдөп кармата бергенинде жатканын жазуу менен: “Чүй суусунан Түндүк Кордой тоо кыркаларына чейинки Түндүк Чүй өрөөнү, Сох менен Шаймерден, Үзөңгү-Кууш менен Каркыра, Кумтөр ушинтип” башка өлкөлөргө берилип кеткенине каңырык түтөттү.

Ушул эле “Алибинин” кабарчысы Дайырбек Мейманов Түрк мамлекетинин негиздөөчүсү Мустфа Кемал Ататүрк жөнүндөгү макаласында эл башчыларынын чанда бири гана сый-урматка, түбөлүк атак-даңкка татый аларын, көбүнүн көзү өтөрү менен артынан былык-чылыктары чубалып чыкса, Ататүрк көз жумгандан бери 75 жыл өтсө дагы түрк эли ага акарат айтмак тургай, ушул күнгө чейин сыймык менен даңазалап, ысымын ыйык тутуп келатканын кеп кылды. Түрк мамлекети менен Кыргызстандын ортосундагы жакшы мамиле тууралуу баяндады.

“Алиби” ошону менен бирге эле “Талас эл ынтымагы” бирикмесинин төрагасы Серен Шейшеновдун маегине орун берди. Таластагы Жерүй алтын кенинин ачылышына каршы жыйынга 1600дөн ашуун киши катышканын баяндап келип, экономиканы оңдоо үчүн сөзсүз эле алтын кендерин казып, ар кимге сатып пайда табуунун кажети жоктугун, алтынды казууга каршы чыккан таластыктар пайда табуунун башка бир алгылыктуу жолун таап, ал боюнча долбоорлорду жазып атканын, ал тургай мамлекеттин карыздарынан кутулуунун жолдору табылып жатканын айтып берди.

Баткендик кабарчы Кубатбек Айбашов макаласын “Диний экстремисттик уюмдар аркылуу тынчтыкты бузган Батыш өлкөлөрү” деп атап, журналист мисалы “Нурджилер” деген диний агымдын штаб квартирасы Америкада жайгашканын, бул кыймылдын өкүлдөрү Кыргызстанда да ишмердүүлүгүн активдүү жүргүзүп, керек болсо өз адамдарын күч органдарына чейин кенен жайгаштырып алышканын, тыюу салынганына карабай даваттарды уюштуруп, исламдын башка бир агымын тынбай үгүттөп жүрүшкөнүн, бул сыяктуу диний борборлор өз максатын мечит, медересе куруп берүү менен ишке ашырып жатканын, анын кенен жайылышына, иштешине Кыргызстан сыяктуу аңырайып, бардык тарабынан шамал кирген ачык, башкаруусу алсыз өлкөдө күчөп өнүгөрүн айтып, мунун бир далили катары Кызыл-Кыя менен Аравандан Сирияга согушуу үчүн кеткен жарандарды мисалга келтирди.

“Кереге” гезити Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековдун “Элди саясатчылар гана бөлөт” деген аталыштагы маегин жарыялады.

Элин укпаган бийлик башчылары кийин ошол элге зар болорун тарых көрсөткөнүн, эл менен сүйлөшкөндөн качкан бийлик бийлик болуп жарытпастыгын, Бишкекте өткөн митингге карата бийликтин мамилесинен ал мурункулардан азыркылардын эч айырмасы жоктугун байкаганын, элди экиге, үчкө саясатчылар гана бөлөрүн, ушундай сасык саясат жүргүзгөндөрдү эл душманы деп эсептээрин айтып, “Ташиев, Жапаров, Мамытов эмне эл душманы беле?” деген суроону койду.

Элизат Турсунованын макаласы “Бийлик кримдүйнөгө кантип чүлүктөнүүдө?” деген ат менен жарык көрүп, криминал менен күрөш жарыялагандардын башында Өмүрбек Текебаев турганын, Кыргызстан же АКШны кыялбай, же Орусияга баш көтөрүп бирдеме дей албай, Түркиядан алган бир аз акчага ыраазы болуп, “ачык эшик” саясатын жүргүзүп келатканын, жыл башында генерал Өмүрбек Суваналиев Көлбаевди 100 пайызга акталат деп айтып чыкканын, азыркы соттогу иштин жүрүшү дал ушундай жол менен баратканын, эгер сот Көлбаевди бошотсо анда элдин бийликке болгон ишеними биротоло жок болорун жана өлкөдө “криминалдык-коррупциялык” бийликтин өкүм сүргөнү анык болорун айтып чыкты.
XS
SM
MD
LG