Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:32

Бабанов өкмөткө келеби?


Бүгүн кыргыз тилдүү гезиттердин ичинен “Азия ньюс” гезити жарык көрдү.

“Азия ньюс” гезити “Кашаң аттар” аттуу макаласы менен жакында кайрадан элчиликтерге дайындалган эски чиновниктер Жаныш Рүстөмбеков менен Мирослав Ниязовду какшыктаган макаласы менен бүгүнкү санын ачты.

Көзү ачык Мелис Карыбеков интервьюсунун атын “Эмки президент дагы Чүйдөн болот” деп, Темир Сариев, Каныбек Иманалиевдин, Канат Исаевдин аттарын атап келип айрыкча Канат Исаевге басым жасап, анын өжөрлүгүн, көк беттигин, эң башкысы азыркы президент Атамбаевге окшоштугун, мамлекетчилдигин, аны колдой турган артында сырдуу күчтөр бар экенин белгиледи.

Ош шаарынын мэри чакан маегинде Ошто саясий абал тынч экенин билдирди.

Аталган гезит “Бабановду бийликке жолотуп болбойт, мамлекет үчүн кооптуу” деген баш теманын алдында айрым саясатчылардын ага карата айткан ой-пикирлерине орун берди.

“Прогресс” фондунун төрагасы Адил Турдукулов:- Бабанов кезинде Айдар Акаев менен биргеликте америкалык базага керосин ташып, ошону менен байыган адам,-деп;

“Эркин Эл” партиясынын төрагасы Мавлян Аскарбеков:- Бабанов 2010-жылы чала бизнесмендерден турган “Республика” партиясын курап, шайлоого катышкан. Азыр парламенттеги “Республиканын” абалын көрүп турасыңар. Бул өңдүү партиялар эч качан мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын көздөгөн саясат жүргүзө албайт. Анткен менен Бабанов жаш, саясаттан чийип салууга болбойт,-деп;

Журналист Бермет Букашева: - Албетте бул жигитте акча көп. Жаштыгына карабай бийликтин даамын татып калды. Бирок декларациясында өзүн кембагал кылып көрсөткөнү уят. Мунусу менен ал элди, мамлекетти келесоо катары баалап жатат,-деп;

Депутат Туратбек Мадылбеков:- Бабановго биз 2 жыл мурда анын ким экендигине толук баа бергенбиз. Ал азыр деле ошол бойдон калган,-деп;

“Кыргызстан патриоттук партиясынын” лидери Назарбек Нышанов:- Бабанов саясатчы эмес, ал буга чейин Айдар, Максимге окшогон ханзадалардын бизнесин жүргүзүп берип байыган жигит. Мурдагы жылы Түркияга барып миллиардерлердин клубуна мүчө болгон. Өзү сыртынан жакшынакай көрүнгөн менен Куловдон ашса ашат, асты кем калбайт. Эгер ал кайрадан өкмөт башына келсе 90 процент өзүнө, 10 процент мамлекет үчүн иштээри бышык,-деп;

Саясат таануучу Бакыт Бакетаев:- Бул жигит, мамлекетке эмес, жеке кызыкчылыкка иштеген неме. Бабановдун артынан бензин аткезчилигине байланыштуу чуулгандуу былык иштер коомчулукка белгилүү. Андыктан ушундай бизнесмендер эч качан бийликке келбеши керек,-деп;

Нурлан Мотуев: - Рамазан айында бирөөлөр жөнүндө ушак айткым келбейт,-деп жооп берди.

“Азия ньюс” гезити булардан тышкары бүгүнкү санына мурдагы депутат Садыр Жапаровдун интервьюсун басты.

Садыр Жапаров маегинде кайда жүрбөсүн элдин алдында жүзү жарык экенин, анткени байлыкка, бийликке кызыкпастан “Кыргызжилкомсоюз”, “Мегаком”, “Кумтөр”, сот системасы, Ак үй, Жогорку Кеңеш жана башка тармактарда мамлекетти талкалап жаткан коррупциялык системаны 9 ай бою УКМКанын абагында жатса дагы толук элге жеткиргенин, демек бүгүнкү система менен эмдиги жылкы парламенттик шайлоого барбай тургандыгын, бирок кийинки президенттик шайлоого катышарын, азыр ошого даярдык көрүп жатканын, алыста жүргөн менен оппозициядагы саясатчылар менен кабарлашып турарын, мамлекет үчүн таза иштеп берем деген саясатчылар менен кошулганга даяр экенин кеп кылды.

Гезит муну менен бирге эле Алманбет Анапияевдин окурмандар менен болгон Он-лайн маегин эки бет менен толтура жарыялады.

XS
SM
MD
LG