Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:07

Шайлоодо атылган ок


Бүгүн жарыкка чыккан “Барометр” гезитинин суроолоруна вице-премьер-министр Камила Талиева жооп берди.

“Кыш камын жазда көр” деген теманын алдында “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун башкы деректири Салайдин Авазовдун көлөмдүү интервьюсу да ушул гезитке басылып чыкты.

“Кыргызтудей” сайты өткөн жумада “Ата-Журт” партиясынын депутаты Жыргалбек Саматовдун жардамчысы Жакыпов мас абалында депутаттын машинасын айдап келе жатып жол эрежесин бузуп, авария жасагандыгы жана адам канына сабын болгону үчүн катуу режим менен 11 жылга кесилгенин, ошону менен биргеле КСДП партиясынын депутаты Карамушкинанын айдоочусу Алексей Хурасаев да мас абалында машина айдап келатып жол жээгиндеги эки кишини сүзүп кетип, 70 жаштагы Асангазы Кутманалиев деген карыя ошол жерден жан бергенин, бирок депутаттын айдоочусу 2 жылга кесилгенин, эки депутаттын коендой окшош жол кырсыгына сот реформасынан кийинки соттор мына ушинтип эки башка өкүм чыгарганын, болгон айырмасы биринчи күнөөкөр Жакыпов оппозициялык “Ата-Журт” партиясынын депутатынын шоопуру болсо, экинчи күнөөкөр КСДП партиясынын депутатынын шоопуру болуп жатканын мисалга тартып, “анан каяктагы сот адилеттиги жөнүндө сөз кылабыз?” деп башын чайкады. Чын эле “туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок” деген ушулбу? Тирүү турган бийликтин “терисин” бийлик өз колу менен олтургузган соттордун өзү сыйрып атканын бийлик билбейби?

“24kg” маалымат агенттиги кабарчылар Дарья Подольская менен Махинур Ниязованын “Партбилет- кандидаттын калканыбы?” деген макаласын жарыялады. Макалада кезектеги шайлоо баягы эле боло жүргөн ызы-чуу менен башталганын, кезинде шаңдуу маанай, көтөрүңкү көңүлдөрдүн жайы болуп келген шайлоо участогунда октун үнү жаңырып, курал атылганын, Кара-Суу шаарындагы мына ушул чырдуу окуяга байланыштуу парламентте кайрадан комиссия түзүлүп, анын катарына Абдулатип Режавалиев, Мирлан Бакиров жана Тынчтык Шайназаров киргенин, Шайназаровдун тууганы Нурмухамед Карагулов Кара-Суу окуясынын башкы фигуранты болуп, ага адам өлтүргөнгө аракет кылган деген күнөө коюлуп жатканын жазды. Тергөө версиясы боюнча ал КСДП партиясынын байкоочусу Мунар Сайпидиновду бычак менен сайган. Сайпидинов буга жооп кылып атып жиберип, андан “Мекен ынтымагы” партиясынын өкүлү жабыркаган. Социал-демократтардын адегенде күнөөнү башка партиянын мүчөсүнө оодара салууга кылган аракети ишке ашкан жок. Анткени Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Сайпидиновдун КСДП партиясынын мүчөсү экендигин тандырган жок.

Мына ушуга окшош окуя июнь айында Майлуу-Суу шаарында да болгондугун, жергиликтүү кеңешке шайлоо өтүп атканда “Ата Мекен” менен “Ата-Журт” партиялары мандат бөлүшө албай алгач кызылдай мушташка өтүп, мушташ акырында курал көтөргөнгө чейин жеткенин, ошондо “атамекенчилер” травматикалык пистолеттен “атажуртчуларга” 5 ок чыгарганын, кийин милиция ок аткан адам “Ата Мекен” партиясынын мүчөсүнүн тууганы болорун аныктап, бул окуянын шайлоодогу саясатка эч кандай тийешеси жок, жөн эле демейдеги ыйкы-тыйкы талаш-тартыштан чыгып кеткен чыр деп басып койгонун эске салды.
Кийин бул ок аткан адам үч жолу соттолгон Талантбек Надырбеков деген адам болгонун, ал аты-жөнүн өзгөртүп, Бишкекке келип жашап калганын, андан мурда ал Абдрахманов деген ат менен жүргөнүн, анын тууганы Алмазбек Курманкулов өткөн жылы “Ата Мекен” партиясынан шайлоого аттанганын маалымдады.
XS
SM
MD
LG