Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:05

Мигранттардын акчасын акылдуу пайдаланса болобу?


Ушул жума күнү, 26-апрелде “Азаттыктын” интернет сайтында “Мигранттардын акчасын акылдуу пайдалануу жолдору” аттуу онлайн талкуу өткөрөбүз. Глобалдык фонд, же акционердик коом түзүп, мигранттардын инвестициясын кыргыз экономикасына буруу, мекендештерге келечекте пенсия төлөө жана башка маселелер талкууланат. Интернет-талкууга кыргыз өкмөтүнөн министр Темир Сариев, ишкер Табылды Эгембердиев, Түркия менен Орусиядагы диаспора лидерлери Айбек Сарыгул жана Тилек Додонов катышат.

Талкууну түз эфирде “Азаттыктын” сайтынан көрө аласыздар. Жума күнү Бишкек убактысы боюнча саат 16:15те биз менен болуңуздар. Ушул эле күнү талкуу "Азаттыктын" кечки радиоберүүсүндө уктурулат.

Сурооңор, же сунушуңар болсо “Азаттыктын” фейсбуктагы барагына киргиле, же талкуу маалында скайп аркылуу биз менен байланышка чыккыла.
Фейсбуктагы дарегибиз: Kyrgyz Azattyk Unalgysy
Скайптагы дарегибиз: Azattyk_Radio
XS
SM
MD
LG