Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:36

Түз байланышта Аида Салянова болду


Кыргызстандын башкы прокурору Аида Салянова "Азаттыктын" окурмандарынын суроолоруна жооп берди.

"Интернет эрөөл" 22-майда, саат 16дан 18ге чейин өттү.

Башкы прокурорго антикоррупциялык иш-чараларга, 7-апрель окуясына, июнь коогасына, жеке турмушуна байланышкан жана башка бир катар суроолорго жооп берди.

Эскертүү: Жалпы эрежебизге сыйбаган жана бири-бирин кайталаган, сабатсыз жазылган, адамдын аброюна шек келтирген суроолор жарыяланбайт.

"Азаттыктын" "Интернет эрөөлүнө" буга чейин Өмүрбек Текебаев, Феликс Кулов, Айгүл Рыскулова, Мелис Турганбаев, Азимбек Бекназаров, Адахан Мадумаров, Эмилбек Каптагаев, Марат Султанов, Өмүрбек Суваналиев, Камчыбек Ташиев, Иса Өмүркулов, Ахматбек Келдибеков, Өмүрбек Бабанов сыяктуу коомдук ишмерлер, мамлекет кызматкерлери жана саясатчылар, БШК төрагасынын орун басары Айнура Шайымкулова, кинорежиссерлор Нурбек Эген, Актан Арым Кубат, муфтий Чубак ажы Жалилов, энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиев, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жана экс-президент Роза Отунбаева келишкен.
XS
SM
MD
LG