Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:03

Ош мэри Мелис Мырзакматов түз байланышта болду


"Интернет эрөөлдө" Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов "Азаттыктын" окурмандары менен түз баарлашты.

Кыргызстандын экинчи борборунун башчысына Ош шаарындагы абал, өзгөрүүлөр, шаардын келечеги тууралуу жана башка өзүңүздү кызыктырган суроолорду узата берсеңиз болот. Суроолор өтө арбын болгондуктан, эң кызыктуу жана так суроолор гана тандалат.

Эскертүү: Жалпы эрежебизге сыйбаган жана бири-бирин кайталаган, сабатсыз жазылган суроолор кабыл алынбайт. Ошондой эле коногубузду ашкере мактаган, же тескерисинче инсандык беделине шек келтирген пикирлер жана улут аралык кастыкты козуткан суроолор жарыяланбайт. Сурооңузду так жана кыска бергенге аракет кылыңыз.

"Азаттыктын" "Интернет эрөөлүнө" буга чейин Өмүрбек Текебаев, Феликс Кулов, Айгүл Рыскулова, Мелис Турганбаев, Азимбек Бекназаров, Адахан Мадумаров, Эмилбек Каптагаев, Марат Султанов, Өмүрбек Суваналиев, Камчыбек Ташиев, Иса Өмүркулов, Ахматбек Келдибеков, Өмүрбек Бабанов сыяктуу коомдук ишмерлер, мамлекет кызматкерлери жана саясатчылар, БШК төрагасынын орун басары Айнура Шайымкулова, кинорежиссерлор Нурбек Эген, Актан Арым Кубат, мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов, мурдагы министрлер Аскарбек Шадиев, Руслан Казакбаев, экс-президент Роза Отунбаева, башкы прокурор Аида Салянова жана экономика министри Темир Сариев, өлкөнүн жол-кайгуул кызматынын башчысы Талантбек Исаев келишкен.
XS
SM
MD
LG