Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:03

Батыровдун айтканы түрдүүчө талданууда


Айрым интернет булактары коогадан кийин издөөдө жүргөн Кадыржан Батыров ЕККУнун Варшава жыйынындагы семинарда сүйлөп, Кыргызстанда өзбек тектүүлөр басмырланып, аялдар маскараланып жатат деп билдиргени тууралуу маалымат таратышты.

Мындай билдирүү социалдык тармактарда эле эмес, жергиликтүү коомчулукта да карама-каршы пикирлерди жаратууда. Бул маселени айрым депутаттар парламентте да көтөрүштү.

Эки жыл мурунку улут аралык араздашуунун очогу болгон Ош шаарында бүгүн абал кандай? Кагылышты уюштурду, бузукулук кылды деп, сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган Батыровдун айткандары канчалык негиздүү?

“Фаргона Ахбороти” агенттиги тараткан маалыматка караганда, 15-май күнү Варшавада өткөн Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун “Адам соодасына каршы күрөш жана эл аралык негиздер” семинарында Кадыржан Батыров буларды айткан:

“Кыргызстанда өзбек тектүүлөр дагы эле басмырланууда. Аялдар азыркыга чейин зордуктоолордун курмандыгы болуп жатат. Аларды өлкө ичинде жана чет өлкөдө сойкулук кылууга мажбурлап жатышат. Эркектер ар кандай кылмыш топторуна шектүү деген шылтоо менен камакка алынууда. Нааразы болгондорун кулчулукка сатып жиберишүүдө”.

“Фаргона Ахбороти” агенттигинин сайты тараткан бул маалымат коомчулукта кызуу талкууга түштү. Жергиликтүүлөр мындай билдирүүнү чындыкка төп келбейт деп эсептешүүдө. Алардын бири Муяссар Ахмаджанова издөөдөгү Батыровдун Варшавада сүйлөгөнүн өз улутташтарына карата душмандык деп баалады:

- Бул айткандары куру доомат. Алыста отуруп алып, ар кандай чагым сөздөрдү таратканын өз улутташтарына душмандык деп баалайм. Анын ушундай сөздөрүнөн улам кайра эле эки тарапка бөлүнүү пайда болот. Орто жолдо биз кыйналабыз. Ушунчалык элине күйсө, басып келбейби! Кылгылыкты кылып, чет өлкөгө качып кеттиби, эми унчукпай жүрсүн ошол жакта...

Ошол эле учурда Батыровдун айткандары чындыкка жакын дегендер да бар. Атын атагысы келбеген айымдын айтымында, зордуктоолор жөнүндөгү сөздөр калп болгону менен, басмырлоордун болуп жатканы чын:

- Көчөдө кетип баратсаңыз "эй, сарт, сен Кыргызстанда эмне кылып жүрөсүң?" дегендер бар. Көчөдө үнүбүздү катуу чыгарып сүйлөгөндөн коркобуз. Жүрөгүбүздү түшүрүп бүтүшкөн…

Укук коргоочу Равшан Гапиров да ушундай пикирде. Ал басмырлоолор токтой электигин, бирок бийлик жана тартип коргоо органдары аны жашырып жатышканын айтат:

- Негизинен жаңжалга чейин соода тармактарын, ашканаларды өзбектер иштетчү. Ош коогасынан кийин мүлктөрү башка бирөөлөрдүн наамына өтүп кеткен. Аны өз каалоосу менен өткөрүп берди деп документтештирип салышкан. Эч ким өз менчигин бирөөгө жөн эле берип койбойт да. Муну кандай түшүнсөк болот?

Жергиликтүү бийлик Батыровдун Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун семинарында айтканын негизсиз деп, төгүндөшүүдө. Мэриянын укук коргоо жана коргонуу иштери боюнча бөлүм башчысы, генерал-майор Түрсүнай Айтматованын айтымында, Ошто күн алыс эле ынтымактуулукка багытталган иш-чаралар уюштурулуп келет. Элден мындай өңүттөгү арыздануулар түшө элек:

- Андай ойлорду айтууга эч кандай негиз жок. Батыровго ушундай маалыматтарды ким жеткирип турарын түшүнбөйм. Мен таң калып жатам. Өзбек айымдары маскаралоого дуушар болуп жатат дегени негизсиз.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков деле бул жаатта шаар тургундарынан эч кандай даттануулар боло электигин айтты:

- Ош шаарында күн санап эле улуттар аралык араздашуунун издери жоголуп баратат деп айтууга негиз бар. Абал туруктуу экендигин көчөдөгү адамдардын жүзүнөн да байкоого болот.

Бирок укук коргоочу Алима Шарипова Ошто абал туруктуу деп, айрым болуп жаткан окуяларга көз жумуп коюу туура эмес деген ойдо.

- Өзбекпи же башка улуттун өкүлүбү - Кыргызстандын жараны болгондон кийин мамлекеттик жумушта иштөөгө укуктуу. 2010-жылдагы калабадан соң мамлекеттик ишканаларда өзбек тектүүлөр азайып кеткен. Иштеп жаткандары аз. Алар жөндөн-жөн эле жумушун тапшырган эмес да. Реалдуу бир себеп бар үчүн мамлекеттик чоң кызматтардагы өзбектер иштен кетишкен. Улутунун айынан жумуш табалбай жүргөндөр бар…

Укук коргоочу ошондой эле мындай абалды Акыйкатчы институту көрмөксөн болуп жатканы Кыргызстанда адам укугу толугу менен сакталбайт дегенге негиз жаратаарын кошумчалады. Анткен менен Алима Шарипова иштен кеткен өзбек тектүү адамдардын ысымдарын атай алган жок.

Издөөдө жүргөн Кадыржан Батыровго Жалал-Абад шаардык соту былтыр 28-октябрда 2010-жылкы июндагы улуттар аралык кагылышты уюштурду жана чагым жасады деген айып тагып, сыртынан өмүр бою эркинен ажыраткан.

Баш прокурор Аида Салянованын 23-майда парламентте билдиргенине караганда, учурда Швецияда баш калка алды деп айтылып жаткан Кадыржан Батыровду экстрадициялоо боюнча бийлик швед өкмөтүнө документ даярдап жатат.
XS
SM
MD
LG