Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:13

Кубатбеков: Оштун жүгүн тартыш оңой эмес


“Адам укуктары жана демократия” борборунун жетекчиси Идирис Кубатбеков Ош шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча кеп салды.

“Азаттык”: Ошто шаардык кеңештин депутаттарын шайлоодо үгүт өнөктүгүнүн башталганына 15 күн болуп калды. Административдик ресурс пайдаланып жатат деген дооматтар айтыла баштады. Бул доомат канчалык жүйөлүү?

Идирис Кубатбеков: Биз азыр кээ бир шайлоочулар жана талапкерлер менен жолугушууларды өткөрүп, байланышып жатабыз. Кээ бир адамдар, кээ бир мамлекеттик органдар жана кээ бир жергиликтүү муниципалдык кызматтын башчыларынын кол алдында иштеген адамдары шайлоого аралаштыруу аракети, же болбосо административдик ресурстарды пайдалануу мүнөзүндөгү иштер болуп калып жатат деген ой-пикирлер бар. Кээ бир мамлекеттик ишкананын кызматкерлери тигил же бул партияга үгүт жүргүзөсүң деген тапшырмалар болгонун айтып жатышат.

“Азаттык”: Жазгы саясий күрөш, чоң чыр дал ушул Ош шаардык кеңештин депутаттарын, андан кийин мэрди шайлоодон чыгат деген божомолдор байма-бай айтылууда. Сиздин баамыңызда буга негиз барбы?

Идирис Кубатбеков: Мындай тынчсыздануу Ош шаарынын элинде бар. Бирок азырынча кандайдыр бир чырдын чыгышына негиз жок. Албетте бул 4-марттагы шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу болуп кетиши мүмкүн. Бирок шайлоо чындап эле ачык-айкын, таза өтсө, мамлекет административдик ресурс колдонбосо, же болбосо шайлоо процессинин бардык тараптары туура аракет жасаса, анда чырдын чыгышына негиз болбойт.

“Азаттык”: Июнь коогасынан кийин мэр Мелис Мырзакматовду борбордук бийлик кызматтан алууга далалат жасап, бирок ордунан да козголто да албай койгон. Буга жергиликтүү тургундардын каршылыгы себеп болгону айтылган. Азыр элдин маанайы кандай?

Идирис Кубатбеков: Бүгүнкү күндө шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо менен шаар мэри Мелис Мырзакматовду кайра шайланат экен деген түшүнүктөгү элдердин тобу бар. Элдин көпчүлүк бөлүгү шаардык кеңештин депутаттарына караганда, “шаар мэри ордунда калабы, эртең муну мэрдиктен алып коюшу мүмкүнбү” деген сыяктуу көп суроолорго жооп издеп жатат. Мелис Мырзакматовду колдогон пикирлерди көп угуп жатабыз. “Мэр жакшы иштерди жасады эле, дагы бир канча ишти жасаганы жатты эле, эгер өтпөй калса митингге чыгабыз” деген адамдар тобу бар.

“Азаттык”: Сиздер буга чейин бир катар шайлоолорго байкоо жүргүзүп келгенсиздер. Бул шайлоо эмнеси менен айырмаланып жатат?

Идирис Кубатбеков: Биринчиден, Ош шаардык кеңештин тарыхында шайлоо алгачкы жолу партиялык тизме менен өтүп жатат. Экинчиден, бул шайлоодо биринчи жолу жогорку бийлик менен жергиликтүү бийлик бири-бири менен ымалага келбей, эки тарап болуп, бири-бирине өнөктөш эмес, альтернатива, атаандаш катары катышып жатат.

Үчүнчүдөн, биринчи жолу Ош шаардык кеңештин депутаттарынын саны да көбөйдү. Мурда 30 депутат болсо, азыр 45 депутат шайланганы жатат. Шаардык кеңештеги 45 орун үчүн 800дөй талапкердин ат салышуусу шаардагы көптөгөн адамдардын жана алардын талапкерлеринин шайлоого аралашып жаткандыгы менен бул шайлоо мурункулардан айырмаланып турат.

“Азаттык”: Шайлоого 8 партия катышып жатат. Бул азбы, же көппү?

Идирис Кубатбеков: Бул өтө аз. Себеби Кыргызстанда 150гө жакын партия бар. Бирок ар бир партия 65тен кем эмес талапкер көрсөткөндүктөн, талапкерлердин саны жетиштүү эле болуп жатат.

“Азаттык”: Шайлоого катышып жаткан партиялардын тизмесин иликтеп карап көрдүңүзбү? Эмнелерди байкай алдыңыз?

Идирис Кубатбеков: Карап көрдүм. Албетте талапкерлердин тизмеси кубандырарлык эмес. Кээ бир партиялардын тизмелеринде бир эле ишкана-мекеменин жетекчилеринен баштап, жөнөкөй кызматкерлерине чейин кирип калган учурлар бар. Кээ бир партия лидерлеринин жакын туугандары кирип калган учурлар бар. Айрым партиялардын тизмесинде такыр эле Ош шаарына таанымал эмес адамдар кездешет. Ошондуктан бул тизмедегилердин баары эле кадыр-барктуу, Ош шаарынын жүгүн тартып кете алат деп айта албайм.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG