Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:48

Оштук журналисттерде өзүн өзү чектөө күч


Оштук журналисттер иш үстүндө, Журналисттер аллеясынын ачылыш аземи, 8-январь, 2013-жыл
Оштук журналисттер иш үстүндө, Журналисттер аллеясынын ачылыш аземи, 8-январь, 2013-жыл

2010-жылдагы калабадан кийин Ошто иштеп жаткан журналисттердин арасында өзүн өзү чектөө күч алды.

Алар көбүнчө эл арасындагы ынтымакты түптөөгө салым кошо турган макалаларды жазууга ыктап калышты. Мындай билдирүү “Журналисттер” коомдук бирикмесинин медиа тармагында иштегендердин укуктарын коргоого арналган долбоорунун тыянагында айтылат.

Бул жагдай эл арасында журналистикага болгон ишенимди кетирип жатканын айтышат медиа-талдоочулар. Жергиликтүү журналисттер деле аларда өзүн өзү чектөө күч алганын моюндашат, бирок жарандарда аларга болгон ишеним солгундады деген божомолду четке кагышууда.

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин талдоосуна ылайык, соңку үч жыл аралыгында Ошто иштеп жаткан журналисттердин жазган макалаларында "кайсы бир тарапка зыян келтирип албайын" деген кооптонуулар байкалат.

Кандуу калабанын кесепети менен күрөшүү жүрүп жаткан аймакта жашаган журналисттер макала жазаарда дагы бир башаламандыкка себепчи болуп калбайын деген ойдо кылдаттыкка көбүрөөк көңүл бура башташкан. Анткени Ош окуясынын болушунда ошол кездеги МезонТВ жана ОшТВ сыяктуу телеканалдарда этникалык кагылышууга үндөгөн чакырыктар берилгени, калабанын болушунда ушул эки каналдын салымы бар экендиги айтылып жүрөт.

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин Оштогу өкүлү Бакыт Ибраимов журналисттердин арасындагы өзүн өзү чектөөнүн себептерин мындайча түшүндүрөт:

- Бул жаатта журналисттер менен сүйлөшкөн учурубузда, алар 2010-жылдан кийин ар бир макаланы, ал тургай чакан маалыматты жазып жатканда деле кылдат текшерип, анан чагылдырып жатканын айтышты. "Туура эмес маалыматтарды кетирип албайлы, журналисттер дагы бир тополоң болушу үчүн атайын ушундай макалаларды жазып жатат деген сөз болбосун" деп, журналисттер өздөрүнө болгон көзөмөлдү күчөтүшкөн. Мурда такталбаган маалыматтар көп чыгып кетчү, азыр бир маалыматты кылдат текшерип, анан жарыялашат.

Медиа-талдоочунун мындай пикирин жергиликтүү журналисттер четке кагышпайт. Үч жыл аралыгында бир канча мамлекеттик жана жеке жалпыга маалымдоо каражаттарында иштеп жүргөн Гүлзат Газиеванын бул жааттагы пикири төмөнкүчө:

- 2010-жылдан кийин менде деле өзүн өзү чектөө болду. Учурда деле бар. Себеби биз ушул жерде жашап жаткан соң, кээ бир маселелерде кылдат болушубуз керек. Журналист катары да, жаран катары да бизде бир милдет бар – биздин макалабыз дагы бир нааразылыкка себеп болбосун. Текшербей же шашып чыгара койгон маалыматыбыздан кимдир бирөө жабыр тартып калбашы керек.

Эл аралык "Рейтер" агенттигинин Оштогу кабарчысы Хулькар Исамова журналистикадагы өзүн өзү чектөө кандуу калабадан кийин гана жаралып калды деген пикирди колдобойт. Анын оюнча, буга чейин эле ар бир медиа өкүлдө бул чектөө бар болчу, болгону калаба аны күчөтүп койду:

- Журналистикадагы өзүн өзү чектөө 2010-жылдагы окуяларга чейин эле болгон, мындан ары да боло берет. Ар бир журналист кармана турган бир принцип бар, ал – адамга зыян келтирбөө деп аталат. Аны ар бир иштеп жаткан журналист карманышы керек. Ооба, биз сенсация издейбиз, биз эксклюзивдүү маалыматтарды алганга аракет кылабыз. Бирок ошол эле учурда бирөөгө зыян келтирип албайын деген ой дайым болот. Бул деле өзүн өзү чектөө болуп саналат. Июнь калабасы республиканын түштүгүндө жашап жаткан журналисттерге да аябай чоң таасирин тийгизди. Анын натыйжасында өзүн өзү чектөө күчөп кеткени да чын. Себеби кандуу окуянын болушуна Оштогу чоң эки телекомпанияны да күнөөлүү деп жыйынтык чыгарышты. Ошондон кийин ар бир журналист макала жазарда "жети өлчөп, бир кесүү" принцибине таянып калды. Башкача айтканда, өзүнө болгон көзөмөл күчөдү.

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин адистеринин талдоосуна ылайык, журналисттер арасында улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө ыктаган макалалар көбүрөөк жазылып, айланада болуп жаткан көйгөйлөр толук чагылдырылбай калууда.

Бакыт Ибраимовдун оюнча, бул абал эл арасында журналисттерге болгон ишенимдин солгундашына өбөлгө түзүп жатат:

- Журналисттер ынтымакты, достукту бекемдегенге багытталган макалаларды көп жаза баштады. Ушундай багыттагы иш-чараларды көбүрөөк чагылдырышууда. Себеби негатив маанайдагы макалалар элдин аң-сезимине терс таасирин тийгизет экен. Бирок ошол эле учурда көйгөйлөргө көз жумбаш керек. Себеби окурман, угармандар менен сүйлөшкөн учурда, алар журналисттер жакшылыктар жөнүндө көбүрөөк жазып жатканын сындашты. Көйгөйлөрдү жазбай жатышат деп, элдин ишеними кете баштаганы байкалат.

Деген менен Ошто иштеп жүргөн журналисттер жалаң гана жакшылыктарды чагылдырып калды деп айтууга болбойт. Алар көтөрүп жаткан темаларда аймактын көйгөйлөрү да байма-бай айтылып турат. Журналист Хулькар Исамова Оштогу кесиптештеринин жазган макалаларында 2010-жылдан кийин эл аралык нормалар так сакталып келатканын айтат:

- Ошто жашап, иштеп жаткан журналисттердин арасында бир тараптуу макала жазгандары дээрлик жок. Ар бир макаласында тараптардын пикирлери, ойлору жана сунуштары жазылат. Балансты сакташат. Ошто болуп жаткан көйгөйлүү маселелерди чагылдыруудан журналисттер токтоп калган жок. Ар бир жалпыга маалымдоо каражаттарында бул жактагы маселелер айтылып эле жатпайбы. Аны ушул жакта иштеп жаткан журналисттер чагылдырып жатат да. Ооба, кандуу калабадан кийин жакшылыктар жөнүндө жазууга дилгирленип калдык, бирок ошол эле учурда көйгөйлөргө көз жумуп отурган жокпуз. Кыргызстандын башка аймагынан же чет өлкөдөн келип-кеткен журналисттер Оштогу абал көңүл жылытарлык эмес деген таризде макалаларды жазып жатат. Бирок алар ашып кетсе бул жерде бир жумадай эле болушат, же 2-3 күн жүрүп кетет да, жаза беришет. Ал эми биз бул жерде жашайбыз, жашоо кандай экенин жакшы билебиз. Сенсация жаратам деп, каалагандын баарын жаза берүү туура эмес… Жашообуз ушул жерде уланып жатканын да унутпашыбыз керек.

Коомчулуктун арасында Ош мэриясынын жетекчилиги журналисттерге басым жасап, калаа турмушунун жакшы жактарын көрсөтүүгө үндөйт деген божомолдор да айтылып жүрөт. Адистердин талдоосуна ылайык, мындай абал мэрияга караштуу жалпыга маалымдоо каражаттарындагы макала-баяндарда көбүрөөк байкалат.
XS
SM
MD
LG