Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:41

Ош: Үстүбүздөн суу өтөт…


Союз таркагандан кийин андагы завод-фабрикаларга караштуу жатаканалар менчикке берилип кеткен. 30 жылдан бери ремонт көрбөгөн бул үйлөр эскилиги жетип, жашоого кыйын болуп калды.

Мурда кыш заводуна тиешелүү, азыр элге менчикке берилип кеткен Оштогу бир үй-бүлөлүк жатакананын үстүнөн суу өтүп, анда жашагандарды азапка салууда. Бир бөлмөлүү үйдө 2-3төн үй-бүлө жашаган учурлар да кездешет.

Айнаш Саитова үйүнүн үстүнөн агып түшкөн сууну күндө төгүп турат. Бир бөлмөлүү батиринин шыбын ал клеёнка менен тосуп койгон экен. Катар-катар жамгыр жааган күндөрү шорголоп өткөн суу түнү менен 2-3 челек болуп калат:

Айнаш Саитова
- Түнкүсүн үч жолу төгөм. 12 литрлик челектен 3 челек толуп калат. Шыптан өткөн суу үйдүн баарына жайнап кетпесин деп минтип клеёнка тартып койгом. Уктап калсаң ашып кетип, үйдүн баарына жайылат. Кээде унутуп калып, кийиздерибиз, кийимдерибиз, төшөктөрдөн бери суу болуп калат. Ушинтип эле жашап атабыз.

Ош шаарынын Мамыров көчөсүндөгү бул үй-бүлөлүк жатакананын 4-кабатындагы батирлердин баарынын үстүнөн ушинтип суу агат. Ал эмес суу алдыңкы кабаттарга чейин өтүп кеткен.

Курулганына 30 жылча болгон имараттын чатыры эбак эскирсе да, жашоочулардын аны оңдоп алууга каражаттары жетпей келет.

“Ал эми шаардык бийлик жардам берем деп убада кылган боюнча жок”,-дейт Айнаш Саитова:

- Жергиликтүү бийликке кайрылганыбыз кайрылган. Былтыр мэр акча бөлүнөт деп айткан, анан тополоң болуп кетип, ошол боюнча жок.

Жатакананын комитети, жашоочулар менен кошулуп барса “силерди 62-кезек кылып жазып койгонбуз. Кезегиңер жетсе чатырыңарды оңдоп беребиз” дешиптир. Андан бери кабар жок.


“Дубалдардан агып түшкөн суу үйдө нымдуулукту жаратып, балдардын баарын кесел кылды”,-дейт бул жердин дагы бир тургуну Назира Рахманбердиева:

- Сууктан балдарыбыз тез-тез эле ооруп калат. Жөтөлүп, температурасы көтөрүлүп кетет. Жамгыр жааса эле бизге азап.

Назира Рахманбердиева
Кышында түнү салып жаткан төшөктөрүбүздү күндүзү токмештерге кургатып, анан салабыз. Баары суу болуп калат, дубалдардан суу агып жатса.

Шарттын начардыгынан үй-бүлөлүк жатакананын көпчүлүк жашоочулары үйлөрүн таштап, башка жакка батирге чыгып кетишкен. Чыга албагандары бир бөлмөлүү үйдө 2-3төн үй-бүлө болуп жашагандары бар.

Минавар Заитова кичинекей бөлмөдө 2 баласы, келини, 6 небереси менен тураарын айтат. “Улуу сөздө уят жок, уул-келин менен бир бөлмөдө жашаш кыйын экен” дейт ал:

- Кичүү уулум үйлөндү. Эми жаңы үйлөнгөн немелерге кыйын болот экен. Бир бөлмөдө жашасаң, уялып... Анан айласыз башка жакка батирге чыгып кетишти. Ал жердин да акчасын төлөй албай, чет өлкөгө иштегени кетип жатышат.

Минавар Заитова
Үйүм жаман деп, чоң уулум үйлөнбөй жүрөт. Мына неберелеримди ата-апалары да Орусияда иштеп жүрүшөт. Үй алабыз деп, акча таап жүрүшөт. Балдарын минтип мен багып атам.

Ош шаарында мындай үй-бүлөлүк жатаканалар ондоп саналат.

Алардын баары дээрлик 20-30 жылдан бери ремонт көрө элек. Көпчүлүгүнүн үстүнөн суу өтсө, кээ бир жатаканалардын жертөлөсү сууга толуп калган. Тургундардын баары сырттан суу ташып ичишет.

Жашоочулардын арыз-муңу менен шаардык бийлик төрт имараттын чатырын жаап берди. Калган 20дан ашык жатакананын шарты катаал бойдон калууда.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG