Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:28

Ленин ордунан жылышы ыктымал


Ош шаарынын жаштары борбордук аянттагы Лениндин айкелин алып салып, ордуна эгемендикти даңктаган эстелик орнотуу демилгесин көтөрө башташты.

Оштун негизги аянтындагы Владимир Ильич Лениндин эстелигине карата терс пикирлер эгемендиктин 21 жылдык майрамынан соң күч алды. Эстеликтин астына көз карандысыздыкты даңктаган көрнөктөрдүн жазылышын интернеттеги Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучулары талкуулай башташты:

Зуля Каразакова: Эгемендик алганыбызга 21 жыл болуптур. Биз болсо дагы эле Ленинге таазим кылып жүрөбүз… Анын эстелигинин ордуна Кыргызстандын эгемендигин данктаган башка монумент тургузуу керек…

Сейитбек Кыдыралиев: Лениндин эстелигинин турушунда да маани бар: анткени Кыргызстан расмий жактан эгемендүү мамлекет болгону менен, идеология, маданият, илим-билим ж.б. нерселерде эгемендүү эмес!

Рустам Эгембердиев: Лениндин жаман саясаты да болгон чыгар, бирок ошол кезде анын аракети менен биримдик, ынтымак күчтүү болгон. Ошончо элдин башын бириктирип, достукта жашоого, окуганга, эмгектенгенге үндөгөнүн, жол көрсөткөнүн унутпайлы! Эстеликти алып салуу туура эмес. Тарыхты сыйлай билишибиз керек.

Интернеттеги талкууларда Лениндин ордуна Чыңгыз Айтматовдун же Исхак Раззаковдун эстелигин тургузуу керек деген пикирлер да бар.

Оштогу жаш активисттердин бири Жумамидин Сулайманкулов Лениндин айкелинин астында эгемендүүлүк майрамын белгилөө - Кыргызстан дагы эле Советтик түзүмдөн чыккысы келбей жашап жатканын айгинелейт деген ойдо:

- Эгемендик алганыбыз – Ленинден кутулуу болуп саналат. Бирок улуттук майрамыбызды ал кишинин эстелигинин астында тосконбуз туура эмес. Андан сырткары Ленин динге да каршы адам болгон. Биз болсо анын астына барып, Айт намаздарын окуп жатабыз. Менин оюмча, эстеликти алып салуу керек. Райондордун, айыл өкмөттөрдүн борборлорунда айкели тура берсин, бирок борбордук аянтта болбошу керек.

Шаардын дагы бир тургуну Таир Турсунбаев аянттагы эстеликти таптакыр алып салуу туура эмес деген пикирде. Анын оюнча айкелди башка жерге которуу керек:

- Ленинди туу тутуп, аны улуу инсан катары даңазалап жүргөн Коммунисттер партиясы бар. Аларды капа кылып албаш үчүн эстеликти башка жерге алуу керек. Мисалы, калаадагы Ленин көчөсүндөгү ыңгайлуу жерге койсо болот.

Манас эстелиги, Ош шаары
Манас эстелиги, Ош шаары
Лениндин эстелиги Манастын айкели орнотулганга чейин Оштогу эң чоң таш адам болчу. Аны алып салуу демилгеси шаардык бийликтин өткөн жылкы жыйындарынын биринде да көтөрүлүп, токтоп калган.

Шаардык кеңештин төрагасы Таалай Сабировдун айтымында, эстелик тууралуу жаштардын интернеттеги талкуусунан улам депутаттар жакында бул маселеге кайрылышы мүмкүн:

- Эгер көпчүлүк чечсе, Лениндин айкелин башка жерге жылдырсак болот. Бул маселени терең ойлонуу керек. Владимир Ильич биздин ушул күндөргө жетишибизге салым кошконун эсте тутушубуз керек. Быйылкы жылыбы, же келерки жылдабы, бул маселени карайбыз деген планыбыз бар.

Ош шаарынын борбордук аянтында турган бийиктиги 25 метрдей болгон Ленин айкели 1975-жылы орнотулган. Жакын арада калаадагы активист жаштар биригип, шаар бийлигине аны алдырып салууну өтүнгөн кайрылуу жолдошмокчу.

Лениндин Бишкек шаарынын борбордук аянтындагы ушуга эле жашташ эстелиги 2003-жылы эски аянтка көчүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG