Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:12

Ош базарындагы соодагерлер көтөрүлдү


Соодагерлердин митинги
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:38 0:00
Түз линк

Баш калаадагы Ош базарынын аймагында алды-сатты менен алектенгендер соода түйүндөрүн алууну токтотуу талабы менен митингге чыкты.

30-март күнү эрте менен Ош базарынын аймагынан жөө жүрүш менен келишкен адамдардын тобу Жогорку Кеңештин алдына (Ак үйдүн) келишип, бийлик башчыларынын сыртка чыгышын талап кылышты. Ал арада митингичилер Ак үйгө кирип баруу аракеттерин да көрүштү.

Шаар мэрин кызматтан алуу талабы коюлду

Колдоруна соода түйүндөрүн жайына калтыруу чакырыктарын жазып алышкан адамдар Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловду кызматтан алуу талабын койушту.

Митингичилердин бири бийлик өзүнүн айткан убадасына турбай жаткандыгына нааразы болуп жатканын белгиледи:

- Бизге мурда шаардык бийликтен убада беришип, алты айга чейин соода жайларыңарга тийбейбиз дешкен болчу. Бул убадаларын аткарышкан жок. Башка жумуш жок, анан биз кантип жашайбыз? Насыя акча менен иштегендерибиз көп. Биздин угушубузга караганда ал жерлерди тазалап туруп, түрктөргө чоң соода борборун курууга сатышат экен. Биздин кызыкчылыкты ким ойлойт?

Нааразылык акциясынын катышуучуларынын көпчүлүгү көнүп калышкан соода жайларын жергиликтүү бийлик бузуп жаткандыгына каршылыгын айтышып, сунушталып жаткан башка соода орундары аларды канааттандырбай тургандыгына токтолушту.

Маселе Жогорку Кеңеште каралат

Бир канча убакыттан кийин митингичилердин өкүлдөрүн Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков кабыл алды. Кабыл алууда болуп келген демилгелүү топтун өкүлү Сүйүнбек Султанбеков маселе парламентте карала турган болгонун митингчилерге түшүндүрдү:
- Биз айттык, биринчиден ошол мэрия бизге ыңгайлуу, эл келип соода кыла турган базар куруп берсин, анан бул жерди башкага сатабы же эмне кылат өздөрү билсин дедик. Ал жакта бизге ошол депутаттарга жеткире билсеңер анда маселе силерге чечилет. Жок аларды ынандыра албасаңар анда мэриянын пайдасында калат дешти. Биз тарапка чечилбесе, анда башка чараларга барабыз деп эскертип чыктык.

Ошол эле учурда Бишкек шаардык мэриясы Ош базарынын айланасында иштешкен соодагерлердин коюп жаткан талаптары орунсуз экендигин белгиледи. Мэрия тарабынан шаарды иреетке келтирүү боюнча иш-чаралардын алкагында мыйзамсыз күркөлөр жана соода түйүндөрү алынып, анын ордуна башка жактардан орундар сунушталып жаткандыгы айтылды.

Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов кирешеден ажырап жатышкан ал жактагы ири соода түйүндөрүнүн кожоюндары элди козутуп жатат деп эсептейт:

- Бүгүнкү күнү Ош базарынын айланасындагы көпчүлүк соода жайларынын ишкерлерин башка жактарга жайгаштырдык. Болгону мына мыйзамсыз курулган “Беш сары” жана “Кыял” сыяктуу базарлар калды. Мына ошолор гана бизге маселе жаратып жатышат. Анын кожоюндары мына ошол жерлерде иштеген элди уюштуруп, бизге каршы тукуруп, козутуп жатышат.

Нааразылык акциясына чыгышкан жеке ишкерлердин жана майда соодагерлердин маселеси Жогорку Кеңештин жакынкы жыйналышында каралмай болду. Парламент төрагасы тараптардын жүйөөлөрүн угуу менен чечим кабыла алына тургандыгын убада кылган. Митингичилер эртең кайрадан чогулуша тургандыктарын айтышып, таркап кетишти.
XS
SM
MD
LG