Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:36

Ош: маалымкат алуу машакаты элди жүдөттү


Ош
Ош

ИИМ жарандарга соттолгону же соттолбогону тууралуу маалыматтарды берүүнү автоматташтыруу долбоорун беш жылдан бери бүтүрө албай келет.

Бул арада жарандар бир аныктама үчүн үч миң сомго чейин чыгым тартып, бир-эки күндү жолдо өткөрүүдө.

Ош милициясынын имаратынын алдындагы бетон тепкичте бетин күндөн тосуп отурган Малика Азимова буларды айтты:

- Мен өткөн аптада, жума күнү келип справкага арыз таштагам. Дүйшөмдү күнү саат онго чакырган. Келгениме эки сааттай болуп калды. Дагы деле чыга элек. Эми түштөнүүгө чыгып кетпесе экен деп турам.

Мына ушинтип өлкө түштүгүнүн ар кайсы райондорунан келген жарандар күн сайын Ош облустук ички иштер башкармалыгынын эшигинде саргайып турушат. Алардын баары соттолбогону тууралуу тактаманын чыгышын күтүшөт.

Булардын бири Гүлмира Жоробаева уулуна соттолбогонун ырастаган маалымат алуу үчүн Өзгөндөн Ошко келген. Айылдан чыкпаган уулу шаарда бир кырсыкка кабылып калбасын деп кооптонгон эне чогуу келген экен. Алар соттолбогону тууралуу маалымкатты алуу үчүн алгач Ош шаардык ички иштер башкармалыгына арыз жазышы керек. Аны алып кетүү үчүн дагы бир жолу Ошко келип, эки күн убара тартып, жол киреге жана тамактанууга акча коротууга аргасыз.

- Биз азыр эле соттолбогону тууралуу маалымкат алууга арыз жаздык. Эми эртең кел деп жатышат. "Биротоло бүгүн эле жазып бергиле, эки күн убара тартпайын" десем көнбөй коюшту. Адамдарды убара кылбай бүгүн эле чыгарып беришсе болмок. Балам экөөбүз эртең дагы ээрчишип келүүгө мажбурбуз. Болбосо мага беришпейт экен. Негизи муну Өзгөндөн берсе деле болот эле да. Эмнеге элди убара кылып Ошко келтирип жатканына башым жетпейт.

Ош облустук ички иштер башкармалыгында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы 900 миңден ашык жарандын маалыматы топтолгон. Ал эми өлкө түндүгүндөгү жарандардын маалыматтары Бишкекте топтолот.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат аналитикалык борборунун башчысы Дилмурат Райимбердиев жарандардын кагаз түрүндө чогулган маалыматтары жыл аягына чейин электрондоштурулат деп ишендирди:

- Азыр бизде 900 миңден ашык адамдын маалыматы кагаз түрүндө картотекада сакталып турат. Аларды электрондоштуруу үчүн төрт адис иштеп жатат. Башкы маселе - ошол маалыматтарды бирден терип, компьютерге түшүрүү. Ошол электрондук маалымат базасын түзүп алсак, райондордогу ИИБ менен байланыштырып коюу көп деле маселе эмес. Анткени алар менен ансыз деле интернет байланыш бар. Бул боюнча жыл аягына чейин бардык маалыматтарды электрондоштуруу боюнча ИИМдин планы бар. Жыл аягына чейин маалыматтар электрондук түргө которулат. Азырынча алыскы Сүлүктү, Токтогул, Чаткал райондорунан да эл маалыматты бизден алып жатышат.

Бирок Ош облустук ички иштер башкармалыгынын ошол эле маалыматтык борборунун атын атагысы келбеген кызматкерлери маалыматтарды электрондоштуруу планы беш жылдан бери кагазда гана калып келатканын айтты. Анын белгилешинче, 900 миңден ашык жарандын маалыматын электрондоштуруу менен алектенген бир дагы кызматкер жок. Андан сырткары маалыматтарды электрондоштурууга керектүү компьютерлер да жок экен.

- Мен Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат борборунда иштегениме 30 жылдан ашты. Азырынча кагаздагы маалыматтарды электрондук түргө өткөрүү менен алектенген бир дагы киши жок. Бардык кызматкерлер азыр эл сурап жаткан маалыматтарды эртеден кечке архивден издөө менен гана алек. Электрондук маалымат базаны түзүү үчүн биринчи кезекте компьютерлер берилиши керек. Ага керектүү атайын программалар керек. Азырынча ИИМден бул техникалар келе элек. Муну биз эмес, министрлик чечет. Электрондук база түзүү долбоору беш жылдан бери айтылып келет. Бирок азыр ага бир дагы аракет жасалган жок. Азырынча биз справкаларды аз убакыт ичинде акысыз берип жатабыз.

Бул арада жарандар тууралуу маалымат алуу талабы барган сайын күчөп барат. Маселен өз кызматкерлеринен соттолбогону тууралуу маалыматты талап кылган мекеме-ишканалардын саны көбөйүүдө. Андан сырткары паспортту алмаштыруу үчүн же ишке орношуу үчүн жарандардын соттолбогону тууралуу маалымат сөзсүз суралууда.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынан ай сайын 3500дөн ашык жаран соттолгон же соттолбогону тууралуу маалымат сурашат. Бул арада эски тартип менен ишин уланткан ИИМ өлкө элин жол кире жана тамак-аш сыяктуу аргасыз чыгымдарга учуратып келет.

XS
SM
MD
LG