Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Диниятчылардын билими ойлондурат


Адистер жаштарды диний радикалдашуудан сактап калууну көздөгөн имамдардын өзү жалпы диний үгүт сөздөн башка жүйө айта албастыгын сынга алышууда.

Дин аалымдары Кыргызстандагы молдокелердин светтик билими чындыгында төмөн экенин моюнга алышат. Буга байланыштуу Ош облустук казыяты имамдардын теологиялык билимин жогорулатуучу кыска мөөнөттүү окуу курсун баштоого камынууда.

Оштун борбордук мечитиндеги медреседе он чакты окуучу куран сүрөлөрүн жаттап отурушкан экен. Медресенин окутуучусу Нургазы Эрматовдун экономика адистиги боюнча жогорку билими бар. Андан сырткары 9 жыл чет өлкөдөн диний билимге да алып келген. Ал тозок оту менен коркутуп, элди динге тартуу туура эмес деп билет. Бирок ал азыркы молдокелерде жакшы сөз, үлгүлүү жүрүш-туруш менен элди динге чакырууга жетерлик дарамет жок экенин жашырбайт.

- Биз азыр динди учурдун талабына жараша жакшы түшүндүрүп бере албай жатабыз. Себеби бизде дин менен светтик билимди айкалыштыра алган ири аалымдарыбыз аз болуп жатат. Азыркы көп молдокелер "исламга элди жакшы кабар менен, жакшы сөз менен жумшак чакыр" деген пайгамбарыбыздын буйругун аткара албай жатышат. Мурда динден такыр алыс жүргөн адамга "намаз окубасаң тозокко отун болосуң" деген сөз кандай катуу тиерин эске алуу керек. Дин да спорт сыяктуу, адам жеңил көнүгүүлөрдөн кийин гана оор көнүгүүлөрдү аткара баштайт. Динге чакыруу да ошол сыяктуу аста-аста болушу керек.

Адистер элди коркутуу жолу менен динге тартуунун кесепети кооптуу болорун эскертишет. Ош мамлекеттик университетинин тарбия департаментинин башчысы Замир Божонов "эл динди урматтап, динге суктанып барышы керек. Азыркы молдокелердин билимсиздигинин кесепетинен жаштар динге эмес, диний радикализмге ооп кетиши мүмкүн" деп кооптонот. Божонов диндеги тең салмактуулукту кармоо үчүн молдокелер ар тараптуу билимге ээ болушу шарт деп эсептейт.

- Кыргызстандагы ЖОЖдордо окуп жаткан 250 миң студент бул жерде беш жыл бою бардык нерсенин илимий далилин окуп жатышат. Ошондуктан алардын билими молдолордон бийик турат. Жашоодо болуп жаткан кубулуштарды бир эле диний жол менен түшүндүрүлгөнүнө алар канааттанбайт. Химияда ал мындай, физикада андай, "эй, молдоке, сен ката айтып жатасың" десе уят болот. Ошондуктан молдокелер адабиятты, философияны, педагогиканы, культурологияны, социологияны, политологияны, колдон келсе атеизмди кошо окуш керек. Себеби алар тажияларда, жумаларда беш парзды кайра-кайра айта бербей, заман менен бирдей аракеттене билиш керек. Тозокко түшөсүң деп коркута берсе, динди жарым-жартылай түшүнгөн жаштар намаз окубаган адамдын баарын жек көрүп, ошондой мамиле кылганга, элди жакшы-жаман деп, диний ишенимине карай бөлгөнгө ыктап кетишет. Бул өтө коркунучтуу.

Оштогу мечиттердин бири
Оштогу мечиттердин бири

Аймактардагы молдокелер ислам динин таратууда светтик билимди зарыл деп эсептешпегендей. Маселен, аймактардагы дин кызматкелеринин иш бөлмөсүнөн дүйнөлүк же кыргыз адабиятынын классиктеринин китептерин кезиктирүү кыйын. Ош облусунун казысы Самидин Атабаев да илимдин бардык суроосуна Курандан жооп тапса болот деп эсептегендерден.

- Куран - Алланын сөзү. Ал адабият, математика, астрономия сыяктуу бардык илимди өзүнө камтыган. Эгерде ким Куранды окуган болсо, анда күн сайын жаңы-жаңы маалыматтар пайда болот. Бирок биз антип эле отурган жокпуз. Азыр медреселерге светтик илимди да киргиздик. Азыр медреселерде балдар психология, методика, педагогика, география жана Кыргызстандын тарыхы сабактарын окуп жатышат.

Аймактардагы молдокелердин басымдуу бөлүгү орто билимдүү инсандар. Облус казысы да убагында бир-эки сүрөнү жатка айта алган эле адамдар айыл имамы болуп калганын танбайт. Адистер болсо орто билимден жогору сабаты жок имамдардын айынан коом радикалдашып жатканын айтып келишет.

Учурда Ош облусунун аймагында 14 диний окуу жай бар. Алар: эки Ислам институту (окуу мөөнөтү төрт жыл), беш жогорку медресе (окуу мөөнөтү төрт жыл), беш ортоңку медресе (окуу мөөнөтү үч жыл), бир башталгыч медресе (окуу мөөнөтү эки жыл), бир куран жаттоо медресеси (окуу мөөнөтү үч жыл).

Бул окуу жайларда окуган 1228 балага 111 окутуучу сабак берет. Диний окуу жайлардын окуу программасына диний сабактан сырткары кыргыз тили, Кыргызстан тарыхы, информатика, орус тили, дене тарбия жана кол эмгек сабактары киргизилген. Бирок биринде да химия, физика, геометрия, биология сыяктуу илимий сабактар киргизилген эмес.

XS
SM
MD
LG