Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:09

Тоту куштун тилин тапса болот


Оштук Ибрагим Эргешов тоту куштун кырктан ашуун түрүн багып, тирилик кылат.

Африка, Малайзия сыяктуу ысык өлкөлөрдү мекендеген канаттууну Кыргызстандын шартына көндүргөн мекендешибиздин үйүн тоту куштардын мекени деп койсок да болот.

Канаттуулар үчүн дарбазадан кире бериштен тарта короонун этегине чейин жай жана кышка ылайыкталып жасалган чон капастарды көрөсүз. Жако, Ара жана башка түрдөгү куштарын Ибрагим аке шаардагы эки үйүндө багат.

- Тоту куштарга кызыгуу мага атамдан өткөн. Эс тартканымдан эле үйүбүздө тоту куштар бар болчу. Азыр алардын так саны канча экенин билбейм, аябай эле көп.

Ибрагим аке колунда канча тотусу бар экенин билбегени менен, арасынан бирөө жоголсо, ошол заматта эле байкайт экен.

Канаттууларды Малайзия, Жаңы Зеландия, Австралия жана Африкадан Өзбекстан аркылуу алып келет. Аталган өлкөлөрдө анын канаттуу бизнеси менен алектенген достору бар. Андан сырткары Казакстан жана Орусияда да тоту куш баккан кишилер менен дайыма байланышып турат.

Ибрагим Эргешов Совет доорунда Оштогу Насос заводдо иштеген. Ал кезде тоту куш багуу анын хоббиси гана болсо, эми негизги кесибине, жумушуна айланган.

Тотуларын майдаланган жүгөрү, күрүч жана жашылчалардан жасалган салаттар менен багат.

Күн сайын майда күрүчтөн 8 литрлик казанда толо ботко даярдайт. Бул үчүн күнүгө бир жарым миң сом каражат сарптаган мекендешибиз канаттууларын сатып тирилигин жүргүзөт. Жүргүзмөк түгүл иши өрдөп, бала-чакасы менен кыйла эле бутуна туруп алды десек да болот.

Тоту куштар түрүнө, чоң-кичинесине карап баасы миң сомдон үч миңге чейин сатылат. Каарманыбыз андан тапкан пайдасына эки уулуна машине, үй-жай кылып берген. Ушул бизнестин арты менен апасы, жубайы жана өзү да ажыга барып келишиптир.

Ибрагим аке баккан тоту куштардын негизги кардарлары казакстандыктар менен орусиялыктар. Өлкө ичиндеги канаттуулар сатылчу айрым дүкөндөргө ал кишинин колунан чыккан тотуларды алып кетишет.

- Бишкектеги зоодүкөндөрдөн да келип алып кетишет. Көбүнчө казакстандыктар келишет. Алар андан ары Орусияга алып барып сатышат. Новосибирск, Омск, Томск шаарларынан да кардарлар келип турушат.

Ибрагим аке багып жаткан тоту куштардын арасында сүйлөгөнгө жөндөмдүүлөрү да бар. Бирок каарманыбыз аларды көбөйтүп, сатуу менен алектенгендиктен сүйлөгөндү үйрөтпөйт.

Ибрагим Эргешов канаттуулардын догдуру болуп калган. Чет элдик китеп-журналдар аркылуу тоту куштардын жана башка чымчыктардын оорусу, аларды дарылоонун жолдорун да үйрөнгөн.

Чет өлкөдөн алгачкы келген күндөрү куштар жаңы шартка көнгүсү келбей, бир-эки күн кыйналышат да, анан үйрөнүп кетишет. Тамак-ашы убагында берилип, үзгүлтүксүз көзөмөлдөн улам чанда гана сыркоолошот.

2010-жылдагы коогалаңда жүздөгөн тотуларынын тагдырын ойлогон Ибрагим мырза аларды учуруп жиберүүнү да пландаган. Тилекке жараша атышуу жана от коюулар анын үйүнөн алысыраак болуп, куштары сакталып калган.

Ал багып жаткан тотуларынын басымдуу бөлүгү азыр жумурткалап жатат. Бир айдын аралыгында, бул үйдөгү куштардын катарын дагы жүздөгөн балапандар толуктайт.

Кушчу мекендешибиз тоту куштардан сырткары 30га жакын канарейка жана 2 тоос багат.

XS
SM
MD
LG