Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:01

"Таанышып алалы, атым Полковник"


Ош шаарында Полковник аттуу киши жашайт. Бул ысымды ага Ата мекендик согушта Панфилов дивизиясында кызмат өтөгөн атасы берген.

Полковниктин бир туугандарынын ысымдары Лейтенант, Капитан, Майор жана Генерал Панфилов. Алар Кыргызстандын түрдүү аймактарында жашашат. Айрымдары кайтыш болгон.

56 жаштагы шайыр мүнөз Полковник Үсөнов ачык-айрым күтүп алды. Ал киши менен маегибиз үй-бүлөлүк альбомду барактоодон башталды:

- Мына, бул сүрөттөгүлөр ага-инилерим. Бул мен – Полковник. Бул болсо Майор, азыр Өзгөн районундагы Эркин-Тоо айылында турат. Бул – Лейтенант, ал жумушу менен Ысык-Көлгө барып, ошол жакта отурукташып калды. Капитан агам да ошол жакта. Барскоон айылында иштеп, ошол жерлик болуп кетишкен. Капитан агам жана Генерал Панфилов иним көз жумушкан.

Үсөновдун айтымында, аларга мындай аттарды ыйгарууга атасынын аскердик жашоого кызыгуусу себеп болгон экен. Экинчи Дүйнөлүк согушта Панфилов дивизиясында кызмат өтөгөн Мамы Үсөн уулу жеңиштин урматы үчүн балдарына аскер чининдеги аттарды берген.

Полковник аганын башынан ысымына байланыштуу көп кызыктуу окуялар өткөн. Ысымын далилдөө үчүн дайыма чөнөтүгүнө паспорт же аскердик билетин салып жүрөт (“Азаттыктын” кабарчысына да бардык документтерин көрсөтүп, далил үчүн сүрөткө тартып алууну сурады). Жаш кезинде кыздар менен таанышуу учурунда ыңгайсыз абалга тушуккан учурларын мындайча эстейт:

- "Атым Полковник" десем, таң калыша берчү. Ишенбей, документимди сурашат. Ысымым чын эле ушундай экенин далилдөөдөн кээде тажап да кетчүмүн. Андай учурларда таанышкандарды алдап, кыргызча эле аттарды айтып коёт элем.

Полковник ага-инилеринин ичинен жалгыз гана аскер адамы болду. Совет доорунун соңку жылдарында аскерий кызматта иштеп, капитан наамын алган. Өмүрүнүн көп бөлүгүн соода жана өндүрүш тармагына арнаптыр.

Баса, ал кишиге ысымынын пайдасы да көп тийчү экен. Ошондой окуялардын бири 1980-жылы Москвада өткөн олимпиадалык оюндарга тейлөөчү кызматта жүргөн учурда болгон:

- Олимпиадага барган кезде аты-жөнүбүз жазылган бейжикти мойнубузга асып жүрчү элек. Анан эле андагы Полковник Үсөнов деген жазууну окугандар, бул киши чекист турбайбы, КГБдан келген экен дешип, эң жакшы орундарды бошотуп беришчү. Полковник деген атым менен сыймыктанам. Ушундай ысым берген үчүн ата-энеме рахмат.

Полковник ага жубайы Калбүбү Кыргызбаева менен жогорку окуу жайда бирге окуган. Калбүбү эже ал кишинин келишкен келбетине гана эмес, ысымына да ашык болгонун жашырбайт:

- Алгач таанышкан кезибизде ысымын Полковник деп айтса, тайпадагы студенттер аябай күлгөн элек. Бирок агаңар келишкен жигит болчу. Бардык кыздар ашык элек. Армияны бүтүп келгени үчүнбү, башка жигиттерден айырмаланып турчу. Келбетине кызыктымбы же ысымы өзгөчө болгон үчүнбү, айтор жактыргам.

Ал эми кызы Айдана болсо Полковник кызы деген фамилиясы менен дайыма сыймыктанарын, атүгүл көп учурда фамилиясынын пайда берээрин айтат:

- Коллежде мугалимдер фамилияларды окуп жатып, мага келгенде бир саам ойлонуп калышат да, анан «Чын эле атаңдын аты Полковникпи?», - деп сурашат. Жакында Казакстанга барган учурумда аябай кызыктуу окуя болду. Чек арадан аскерлер элдин баарын аябай кылдат текшерип өткөрүп жатышкан. Мага келгенде паспортумду бир карап эле өткөрүп жиберишти. Таң калдым. Казак аскерлери "оригиналдуу фамилияңыз үчүн текшерүүдөн бошоттук", - дешти… Мен фамилиям менен сыймыктанам.

Полковник деген ысым Үсөновдун мүнөзүнө да таасир эткен. Шайыр болгону менен үй-бүлөдө темирдей тартип сактаганга аракет кылат.

Учурда сегиз баланын атасы жана жана он алты неберенин бактылуу чоң атасы. Үй-бүлөдө ымыркайларды аскер чиндери менен атоо салты азыр токтогон. Мунун себебин Полковник ага «дээрлик бардык чиндер бир туугандарыма ыйгарылган, аларды кайталагым келбейт», - деп түшүндүрдү.

XS
SM
MD
LG