Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:11

Кан жол боюнда жашагандар кабатыр


Ош-Бишкек жолунун боюндагы үй
Ош-Бишкек жолунун боюндагы үй

Ош-Бишкек унаа жолунун боюндагы Учкун айылынын 35 жаштагы тургунун катуу ылдамдыкта келаткан унаа койдуруп кетип каза болду.

Жергиликтүү элдин айтуусунда, Ош-Бишкек жолу курулгандан берки 10 жыл аралыгында ушул эле Учкун айылынын 28 тургуну жол кырсыгынан ажал тапкан. Учурда маркумдун айылдаштары бийликтен жол кыймылына көзөмөлдү күчөтүүнү талап кылышууда.

Кандуу окуяга күбө болгон Учкун айылынын тургуну Жылдыз Ураимов жолтандабас койдуруп кеткен айылдашы ооруканага дароо жеткирилгенине карабай каза болуп калганын айтууда.

- Саат он жарымдарда кечинде үйгө кирген маалда жол жактан тарс эткен үн чыкты. Чуркап чыксам ак түстөгү "Жип" бирөөнү сүзүп токтоптур. Жолдо бир бала жатыптыр. Бетин карасак айылдашыбыз канжалап жатыптыр. Анан ошол эле машинеге салып, дароо ооруканага жеткирдик. 20 20 ВА деген кызматтык номур экен.

Учкундуктардын маалымдашынча, жол курулгандан берки 10 жыл ичинде айылдын 28 тургуну жол кырсыгынан ажал табышкан. Айыл жашоочусу Таир Ажиматов канжолдо катуу келаткан унаага урунуп каза болуу Ош-Бишкек жолун бойлой жайгашкан бардык эле айылдарда кадимки көрүнүшкө айланганын билдирди.

- Жолдогу өлүмдөр бир эле биздин айылда болуп жаткан жок. Наркы айылга барсаң, паланчаны машине койдуруп кетиптир дейт, берки айылга барсаң түкүнчөнү койдуруп кетиптир дейт. Өзүңдүн айылыңа келсең дагы бир айылдашыңды койдуруп кеткен болот. Бул токтобой койду. Бир күндө жок дегенде бир же эки адамды машине койдуруп кетип жатат. Элибиздин негизги көйгөйү ушул болуп калды.

Ош облустук МАИнин жетекчи орунбасары Султаналы Эгембердиев кырсыктарды болтурбоо чаралары такай аткарылып жатат деп билдирди.

- Айылдын кире бериш жеринде тийиштүү жол белгилери турат. Мисалы, Учкун деген айылга кире бериште ылдамдык алтымыштан ашпаш керек деп турат. Кууп өтүүгө тыюу салган белгилер да турат. Акыркы убактан бери биз бул айылда жол кыймылын көзөмөлдөөнү күчөттүк.

Бирок айыл тургундары облустук жол кайгуул кызматынын ишине такыр канааттанышпайт. Айыл жашоочусу Мала Акназаров МАИчилердин көзөмөлүнүн начардыгынан улам, неберелеринин өмүрүнөн кооптонуп жатканын айтты.

- Бул жолдордон машинелер 120-140тан ылдый жүрүшпөйт. Шуулдаганы шуулдаган. Бул жерге ГАИлер келип, талдын түбүндө отурушат же тээтиги бурумдагы көлөкөдө турушат. Чөнтөгүн толтуруп алып кете беришет. Түндө бир да ГАИ көрбөйсүң. Алар пул керек болгондо эле туруп калышат. Биздин өлкөдө тартип болобу жокпу? Жакында мектептер ачылат. Биз неберелерди сыртка чыгаргандан коркобуз.

Буга чейин айыл тургундары Учкун айылына жок дегенде бир жол чырак койдуруу талабын жергиликтүү бийликтерге коюп келишкен. Бирок жол чырактын баасы кымбат деген жүйө менен айылдыктардын талабы ушул күнгө чейин орундалбай келет. Айыл активисти Канат Калбаев бийликтердин убадасынан майнап чыкпай жатканын айтат.

- Айылга жок дегенде бир жол чырак койдуруу боюнча Жогорку Кеңешке арыз жазганбыз. Облустук ГАИге барып жол чырак орнотууга уруксат алганбыз. Алар жөө адам өтүүчү жол чырак орнотууга уруксат беришкен. Айыл өкмөткө айтсак сметалык баасын билиш керек деген. Сураштырып көрсөк жаңы жол чырактын баасы 1 млн., эскиси 500 миңге чейин болот экен. Айыл өкмөт аны биз май айына чейин кылып беребиз дешкен. Эми дагы эки айда орнотобуз деп атышат.

Кара-Суу районунун онго жакын айылы Ош-Бишкек унаа жолунун боюнда жайгашкан. Андагы ар бир айылда кеминде эки миңден эл жашайт. Бирок Ош-Бишкек жолу менен айыл жолдорунун бир да кесилишине жол чырак орнотулган эмес.

XS
SM
MD
LG