Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:43

Куруучу менен иш берүүчүнүн соту создукту


Коогалаңда жабыркагандар үчүн курулган жаңы үйлөрдүн бири.
Коогалаңда жабыркагандар үчүн курулган жаңы үйлөрдүн бири.

Өндүрүштө иштеп жүрүп бутун кокустатып алган Бөрүбай Мамышев бир жылдан бери "Ошайылкурулуш" ишканасынан чыгымдарын өндүрө албай келет.

Былтыр 20-апрелде июнь коогасында жабыр тарткандарга арналган турак жай курулушунда жүк ташуучу болуп иштеп жүргөн Бөрүбай Мамашевдин бутуна "Ошайылкурулуш" ишканасына таандык кран түшүп кетип, алигиче балдак менен жүрөт.

Жабырлануучу кырсык үчүн ишкананын жетекчиси Алмаз Исмаиловду айыптап, аны сотко берген. 670 миң сом компенсация төлөп берилсин деген шаардык соттун чечимине макул эместигин билдирген ишкана жетекчиси Жогорку Сотко кайрылган. Азырынча сот жыйынтык чыгара элек. Макул эместигин ал минтип негиздеди:

- Ал киши ошол күнү жумушка мас келген. Бригадир аны жумушка кабыл албай, үйүнө жөнөткөн. Бирок Бөрүбай кетпей, жүрө берген. Мастыгынын айынан ушундай кырсыкка кабылып отурат.

Алмаз Исмаилов
Алмаз Исмаилов
Исмаилов Жогорку Сот шаардык соттун чечимин күчүндө калтырса, мыйзамды аткарууга аргасыз болорун билдирди.

Жабырлануучунун эжеси жана жактоочусу Насират Мамышева өз кезегинде иш атайылап создугуп жатат деген ишенимде:

- Соттун өкүмү чыкканына эки ай болду. Сот тарабынан прокурорго кайра иш козгоо жөнүндө кагаз да келген. Бирок прокурор "биз мыйзамдын чегинде иштеп жатабыз" деп жатат. Исмаиловдун кызыкчылыгын көздөп жатат деген шегим бар.

Шаар прокурору Атай Шакир уулунун айтымында, алар ишти шаардык милицияга өткөрүп беришкен. Бирок тергөөчү мында эч кандай мыйзам бузуу жок экенин айтып, кылмыш козгоодон баш тартуу чечимин кабыл алган.

- Тергөөчүнүн чечими туура же туура эместигин текшерип, анын бир жыйынтык чыгарабыз. Биздин ишибиз ошол. Тергөөчүгө "кылмыш ишин козго" деп түздөн-түз көрсөтмө бере албайбыз.

Ишти токтотуу чечимин кабыл алган тергөөчү Өмүрбек Низамов бул боюнча пикирин мындай билдирди:

Бөрүбай Мамышев
Бөрүбай Мамышев
- Териштирүү убагында Исмаилов тарабынан эч кандай мыйзам бузуу болбогондугу аныкталды. Ал соттун чечимин аткарбайм деген жок, жогорку органга гана кайрылды. Чечим күчүндө кала турган болсо, компенсация төлөп берем деп мүлкүн сатыкка да койгон.

Бирок Бөрүбай Мамышев тартип коргоо органдары жоопкер тарап менен ымалашып алган деген шеги бар:

- Мыйзамсыздыктарга чыдабай калдым. Шаар прокуроруна бир канча жолу келдим. Эч кандай өзгөрүү жок. Тергөөчү кылмыш ишин козгобойм дейт. Муну кандай түшүнсөм болот? Бир жылдан бери балдак менен жүрөм. Андан көрө жанымды кыйып, өлүп кете бергеним жакшы. Ишти ушинтип создуктура беришсе, айла жок, өмүрүмдү кыям...

Бөрүбай Мамышев 42 жашта. Аялы бир топ жыл мурун каза болгон. Азыр бойго жете элек эки кызы бар. "Ошайылкурулуш" ишканасына жүк ташуучу болуп киргенге чейин мугалим болуп иштечү.

XS
SM
MD
LG