Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:14

Зиядуллого жапа тырмак жардам берилүүдө


2010-;sks Июнь коогалаңында ок жеген 15 жаштагы Зиядулло Журабаев. 21.01.2011.
2010-;sks Июнь коогалаңында ок жеген 15 жаштагы Зиядулло Журабаев. 21.01.2011.

Июнь коогалаңында ок жеген 15 жаштагы Зиядулло Журабаев 19-январда Оштон Бишкекке которулуп, 26-январдагы ийгиликтүү операциянын натыйжасында тизесинде калган автомат огу алынды. Ага өлкөдөгү бир катар бейөкмөт уюмдар жана карапайым атуулдар колдоо көрсөтүп жатат.

Бишкектеги Улуттук оорукананын урология бөлүмүндө.

Бул жерде шаршембиден (19-январдан) бери Зиядулла Жоробаев (Зиядулло Журабаев) аттуу өспүрүм дарыланууда.

Аны Оштон "Улыбка" балдар кору, Бишкектеги “Балдарга Жаңы жылдык белектер” долбоору, "Эркиндиктин добушу" уюму, "Сезим" кризистик борбору жана башка бир катар кыргызстандык атуулдар уюштурган кайрымдуулук жардамдын аркасында Бишкектеги ооруканага жеткиришкен.

Зиядулло Оштогу Черемушки кичи районунун тургуну, төрт бир туугандын улуусу.

Анын "Азаттыктын" кабарчысына айтканына караганда, былтыр июндагы улуттар аралык кагылышуу маалында, тактап айтканда, 12-июнь күнкү атышуулар маалында ал ата-энеси, бир туугандары менен баш калкалай качып баратканда ага ок жаңылганн.

“Азаттык”: Буга чейин дарыландың беле?

Зиядулло Журабаев:
Ооба, Оштон карашты. Ооруду.

“Азаттык”:
Азырчы?

Зиядулло Журабаев:
Саал аягым ооруп жатат.

Ош коогалаңында талкаланган турак-жайлар
Кансырап жатып калган өспүрүмдү дароо Оштогу балдар ооруканасына жеткиришип, денесинен октор алынган.

Бирок бир жак бутунан аксап жатканынан улам, жергиликтүү дарыгерлер баланын табарсыгында октун сыныгы калган болушу мүмкүн деген шек менен Бишкекке жиберишкен.


“Азаттык”: Денеңде дагы эле ок бар деп ойлойсуңбу?

Зиядулло Журабаев: Ооба.

“Азаттык”: Кайсы жериңде?

Зиядулло Журабаев: Мына...

Өспүрүм Зиядулло оң жак тизесин көрсөттү.

Бишкектеги дарыгерлердин айтымында, Зиядуллонун денесине кирген үч октун дээрлик баары тең алынган.

Бирок темирдин майда сыныктары жамбаш сөөгүнүн тегерегинде бир аз калган. Бирок алар эч коркунуч жаратпайт, дешет адистер.

Урология бөлүмүнүн башчысы Нурбек Садырбеков Зиядуллого жардам берип, бекер жардам көрсөтүүгө даяр болгонун, бирок операция жасоо зарылчылыгы чыкпаганын "Азатыктын" кабарчысына айтты:

- Баланын абалы жакшы, температурасы жок, өзү басып жүрөт. Биз УЗИ, рентген жасадык. Табарсыктын көлөкөсү, иштеши таза, ичинде октун сыныктары жок, заара кылганы жакшы, анализдери таптаза.

Бирок эмне себептен бала бир жак бутунан аксап басып жатканын билүү үчүн эми травматология боюнча адистерден текшерилет.

Эгер алар зарыл десе жаткырып, дарылашат.

Бирок балага атайын калыбына келтирүү курсу гана талап кылынат дейт адис.

Зиядуллонун апасы Одина Журабаева айым баласы окко кабылган күндөрдү эстегиси келбейт.

Болгону азыр Зиядулло аксап басып калганынын себебин билип, дарылатып алсам деген тилеги бардыгын "Азаттыкка" билдирди:

- Бала аксап, ооруп жатат. Ичим ооруп жатат дегенинен бизди бул жерге жөнөтүштү.

Июнь окуяларын иликтеген Улуттук комиссиянын маалыматы боюнча, Кыргызстандын түштүгүндө былтыркы кагылыштан каза болгон 426 адамдан тышкары 1930 адам ар кандай жараат алган.

Ал эми Кыргызстандын саламаттык сактоо министрлиги түштүктөгү когалаңда жабыр тартып, медициналык жардам сурап кайрылгандардын жалпы саны 2300дөн ашык деп билдирүүдө.

Бирок алардын канчасы балдар болгону боюнча мамлекеттик органдарда да, бейөкмөт уюмдарда да азыр бирдиктүү маалымат жок.

Интернет булактарында июнь окуялары учурунда набыт болгон балдардын саны сексендин тегерегинде болушу мумкүн деген сөз да так эмес, дешет адистер.

Жабыр тарткан өспүрүмдөрдүн бири - Зиядуллого жапатырмак жардам бергендердин арасында кыргыз, орус, өзбек, украин жана башка тектеги кыргызстандыктар болушту.

Алар Зиядуллонун саламаттыгынын акыбалы тууралуу бири-бири менен "Фейсбуук" коомдук тармагы аркылуу маалымат үлөшүп жатышты.

P.S. Соңку толуктоо. Ийгиликтүү операция

Быйыл 26-январда Кыргызстандын ордо шаары Бишкектеги Улуттук ортопедия жана травматология борборунда июнь окуяларында үч ок тийген 15 жаштагы Зиядулла Жоробаевге (Зиядулло Журабаев) ийгиликтүү операция жасалып, анын тизесинде калып калган ок алынды.

Зиядулланын апасы Одина (Адина) Журабаева шаршембидеги операциядан соң байланышкан “Азаттык” үналгысынын кабарчысына бул операция ийгиликтүү болгонун айтып, бишкектик дарыгерлерге ыраазычылык билдирди.

Кыргыз саламаттык сактоо министри, таанымал дарыгер Сабырбек Жумабеков бир саатка жакын созулган бул операция жеңил болгонун айтат:

- Ок тизе муундун артынан кирип, эки сөөктүн ортосуна такалып калган. Ошону алып салдык. Ал ок алынбаса баланын басканына кыйын болуп, кан тамырга да зыянын тийгизмек. Кадимки эле автоматтын огу экен.

Министр мындан сырткары баланын башка жерлерине да октун чачырандылары тийгенин, бирок ал анын ден соолугуна кооптуу эмес экенин белгиледи. Бирок эгер зарылчылык болсо бул чачырандылар да алынат.

Зиядулла эми биротоло сакайып кеткенче дарыгерлердин көзөмөлүндө болот. Министр Сабырбек Жумабековдун айтымында, өспүрүм эми сылтыбай түз басып калат.
XS
SM
MD
LG