"Биринчи байлык - ден соолук" дегендей, эгер ден-соолугуң болбосо башка байлыктын адамзатка кереги деле жоктур. Биздин өлкөдө медицина тармагы кандай? Дарыгерлер жетиштүүбү же көр оокат деп кээ бири талаалап кетсе, кээ бири өз кесибин таштап, соода менен алек болгондор андан көп. Дарыгерлерибиз жетиштүү болуп, медицина тармагы күчтөнүп, көп операциялар практика түрүндө жүргүзүлсө - биздин эл, минтип башка өлкөгө үзүлбөгөн үмүт менен мусаапыр болуп барбастыр эле. Менин айтайын дегеним, урматтуу окурман, Пакистан өлкөсүндө дарыланып кеткен кыргыз жарандары тууралуу.
Татаал турмушта кандай гана ооруу-кырсык болбойт. Ошондой илдеттерден арылуунун бири бөйрөктү трансплантациялоо - же жөнөкөй сөз менен оорулуу адамдын иштебеген бөйрөгүн алып салып, ага башка таза бөйрөк салуу. Мен деле андай балээ илдетти уккан эмес экенмин. Жакында Кыргызстандан келген оорулуу адамдар ойго салып, колума калем алууга түрткү болду. Пакистанга биздин Кыргызстандан 10го чукул кыргыз жарандары келип, ийгиликтүү операция болуп, дарыланып кайтышты. Анда сөз ошолордун бири тууралуу...
Жүзү купкуу болуп, кан жүгүрбөгөндөй сезилген кичинекей кыз дегеле бул жашоодон үмүтүн үзгөндөй сезилет. Атын сурасаң да жооп бергиси келбей, эч нерсеге көңүлү жок, оорудан кыйналганы сезилип турду. Ага карабастан, биздин элчиликтин кызматкерлери көңүлүн көтөрүп, сөзгө тартышат: "Кыргызстандан кандай келдиңер? Кыйналбай эле жетип алдыңарбы?" деген сыяктуу ал-жай сурашкандан кийин "Кыжалат болбогула, баары жакшы болот", деп келгендердин көңүл көтөрүштү. Пакистанга дарыланууга келген оорулуулардын баары элчилик аркылуу келишет. Элчиликтин кызматкерлери аларга жасала турган операция жана оорукананын башчысы менен сүйлөшүүдөн тартып, бардыгын алдын-ала даярдап коюшат. Келген мекендештерибиз болсо бир жагынан оорудан жабыр тартып турса, экинчиден бөтөн эл, бөтөн жерде тил түшүнбөй, биздин элчилик бар экенине ыраазы болушуп, анын кызматкерлерге рахматын айтышат. Кичинекей кыздын операциясы жакшы өтүп, эртеси баарыбызды кубантты. Купкуу болгон бетине кан жүгүрүп, жаңы жашоо башталгандай, көздөрү жайнап турду. Бир жагынан жакшы өткөн операцияга кудуңдап, дагы бир кыргызым жаңы жашоого умтулат деп кубансак, экинчиден, ушундай медицина, дарыгерлер, операциялар бизде эмнеге жок деп ичти тызылдатат. Аттиң...
"Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет" дегендей, акчасы бар кээ бирлер минтип башка өлкөгө барып дарыланып, өмүрүн узартат. Ал эми колунда акчасы жоктор эмне кылышат, алар эмне болот деген суроо ар бирибизде пайда болоору шексиз. Эгер өзүбүздүн Кыргызстанда баары жетиштүү болсо, биздин эл минтип үзүлбөгөн үмүт менен башка өлкөгө барбастыр эле. Бул жашоодо бирөөлөр ден соолукка зар, бирөөлөр дүйнөгө кор турбайбы. "Керегем сага айтсам, келиним сен ук" дегендей, урматуу окурман, айта берсек сөз көп. Биздин Кыргызстан да өнүгүп-өсөөр, десеңиз! Ал эми биздин Пакистандагы элчиликтин жамаатына ден соолук, жардамга зар мекендештерге дайым аянбастан көмөктөшө берүүсү үчүн күч-кубат тилектейм.
Эльнура Какеева,
Исламабад шаары