Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:19

Парламентте Текебаевдин иши каралды

Парламент Өмүрбек Текебаевдин камалышын кызуу талуулады.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Жанарбек Акаев "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаевге каршы көрсөтмө бергендер арасында кимдер бар экенине кызыкты.

Бүгүн парламенттин жыйынында УКМК жана Башкы прокуратура башчыларына суроо берип жатып ал:

- Абдулла Юсупов, Рыкунова, Маевский, Модин деп жатабыз. Көрсөтмө бергендер арасында булардан башка да адамдар ишене тургандары барбы? Же жалаң эле ушундай адамдарбы? - деди.

Текебаевди жана "Ата Мекен" партиясын мародерлукка жана "Мегаком" боюнча алдамчылыкка тиешеси бар деп айыптаган Кыргызстандын жарандары Абдулла Юсупов жана Раушан Рыкунова өзүлөрү түрдүү кылмыштарга байланыштуу сот жообуна тартылган жарандар экени белгилүү.

Ал эми Текебаевдин камакка алынышына себепчи болгон орус жараны Леонид Маевский Орусияда жалган жалаа үчүн жоопко тартылганын ММКлар жазууда.

УКМК жана Башкы прокуратура Текебаев кылмышка аралашканы тууралуу далилдер бар экенин билдирүүдө.

Эгерде орусиялык жаран Леонид Маевский Өмүрбек Текебаевге пара берген болсо ал дагы жоопко тартылышы керек. Бул тууралуу парламенттин 1-марттагы жалпы жыйынында "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары билдиришти.

- Кылмыш кодексинин 328-беренесине ылайык пара берген адам да жазага тартылышы керек. Эмне үчүн Маевский камалган жок. Текебаев менен Маевскийдин статусу бирдей. Бирин пара берген деп, экинчисин пара алган деп жатасыңар. Экөө тең шектүү. Бирок, бирин камап, экинчисин бошотуп койдуңуздар, - деп нааразы болду депутат Каныбек Иманалиев.

Башкы прокурор Индира Жолдубаева Леонид Маевский арыз берүүчү экенин, тергөөнүн жүрүшүндө анын бул кылмыш ишиндеги орду, ролу жана аракеттерине да укуктук баа берилерин айтты.

Каныбек Иманалиев Леонид Маевский ортомчу катары Маматкеримовго акча бергенин айтып жатканын, бирок анын көзү өтүп кеткендиктен кайсы негизде калгандары кармалып жатканына кызыкты. УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевдин жообу төмөнкүдөй болду:

- Маматкеримов бир эпизод. Андан тышкары дагы бир нече эпизод бар. 700 миң турат. Бирок, анын ким аркылуу берилгенин тергөө кызыкчылыгына байланыштуу айта албайм. Биз эмне үчүн "Мегакомдун" акцияларынын 49 пайызы улутташтырылып, 51 пайызы сыртта калып калган деген соболго юридикалык негиз издедик.

Сегизбаев "Мегаком" компаниясынын 51 пайыз акциясынын мамлекетке өтпөй калганына Текебаевдин күнөөсү барбы деген суроого жооп бере алган жок.

Айрым депутаттар Текебаевди камакка алууга негиз болгон арыздын ээси, орус жараны Леонид Маевский да жоопко тартылышы керек деп сунушутоодо.

Маселен, "Республика Ата-Журттан" депутат, вице-спикер Алтынай Өмүрбекова:

- Эгер Маевский пара бергени чын болсо ага карата да чара көрүлүшү керек жана аны экстрадициялоо зарыл. Ал пара бердим деп айтып жаткан өлкөнүн мыйзамдарынын негизинде жооп берүүгө милдеттүү. Абдил Сегизбаев туура айтты, мыйзам баарына тең болушу керек. Андыктан процедуралар да бирдей болушу зарыл, - деди.

Кыргызстандын эли Улуттук коопсуздук комитетинин "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаевге карата жүргүзүп жаткан ишин колдойт. Бул тууралуу ушу тапта Жогорку Кеңештеги жыйында КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина билдирди.

Карамушкина 2010-жылдагы мародерлук кылгандар жоопко тартылыш керек деген оюн айтып:

- Мыйзам жазган Текебаев эмне үчүн жоопко тартылбашы керек? Тергөө мыйзам чегинде жүрүп жатат. Мыйзам бузган адам жоопко тартыларын ар бирибиз өзүбүздөн баштап көрсөтүшүбүз керек. Өзүнүн саясий ресурсунан колдонгондордун баары мыйзам алдында жооп берсин. Көздөн жаш төгүлүп, үйлөр өрттөнүп жатканда айрымдар жеке кызыкчылыгын көздөп, байыганга аракет кылган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG