Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:37

Жаңы Конституция долбоору жана жаш саясатчылар


Жаштар форумунун катышуучулары
Жаштар форумунун катышуучулары

Бүгүн Бишкекте жаштар форуму ишин аяктады. Анда учурда сунушталып аткан Баш мыйзамдын жаңы долбоору эксперттер, жаштар тарабынан талкууланды. Жаштар Убактылуу өкмөттүн парламенттик башкаруу системасына өтүү идеясына өз сунуш-пикирлерин айтышты.

Убактылуу өкмөт сунуштап жаткан Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулаган форумга жүзгө жакын жаштар уюмдарынын өкүлдөрү, лидерлери катышты. Иш-чарада Убактылуу өкмөттүн башчысы Роза Отунбаева болду. Ал өз сөзүндө учурдагы өкмөт жаштар үчүн ачык экенин, алардын сунуштары көңүл жаздымда калбай турганын айтты:

-Бизде акылдуу, прогрессивдүү, интеллектуалдык деңгээли жогору жаштар көп. Бирок алар өз иштери менен эле алек болуп жүргөндөй туюлат. Аларды биз жакшы көрө албай жатабыз. Силер саясатка аралашкыла, партияларга мүчө болуп киргиле, өз идеяларыңарды сунуштагыла. Биз жаштар менен иштешүүгө даярбыз.

Жыйында Баш мыйзамдын жаңы долбоору кызуу талкууга алынды. Жаштар долбоорду иштеп чыккан жумушчу топтун мүчөлөрүнө суроолор менен сунуштарды беришти. Көптөр бул долбоор парламенттик делгени менен анда президенттин укуктарынын бир даары ошол эле бойдон калганын айтышты. Ошондой эле парламент чоң укук, чоң мүмкүнчүлүк алганы менен, анын жоопкерчилиги долбоордо жазылбаганын белгилешти.

Мисалы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алишер Мамасалиев буларга токтолду:

- Эгерде парламенттик кризис болсо, же Жогорку Кеңеште коалиция түзүлбөй калса, мындай кризистен кандай механизмдер аркылуу чыкса болоорун Баш мыйзамда так көрсөтүү керек. Болбосо депутаттар жоопкерчиликти сезбейт.

Жыйын учурда парламенттик шайлоого жаңы түзүлгөн саясий партияларга катышууга укук берүү маселеси кызуу талкууланды. Жаштардын көбү эгерде бийликке ири 2-3 партия келсе, ал партиялар үстөмдүк орнотушу мүмкүн деген чочулоолорду билдирди. Андыктан жаңы түзүлгөн партияларга дагы шайлоого катышуу укугун берүү сунуштары жасалды.

Жаш саясатчы Азамат Аттокуров мындай дейт:

-Мурдатан иштеп жаткан партияларга дагы, жаңы эле түзүлгөн партияларга дагы шайлоого катышуу укугун берүү зарыл. Калк өзү тандасын. Биз бийлик үч бөлүктөн турсун деп сунуштап атабыз. Биринчи, көпчүлүк добушка ээ болгон партия, экинчиси жеңилген бирок парламентке өткөн партиялар. Ал эми үчүнчүсү аймактардан бир мандаттуу округдардан шайланган депутаттар. Мына ушундай системада баланс болот.

Жаңы Баш мыйзам долбоорун иштеп чыккан комиссиянын мүчөсү Гүлнара Искакова буга төмөнкүчө жооп кайтарды:

-Парламентте көп сандагы партиялар болсо, анда парламент ыкчам, сапаттуу чечимдерди кабыл ала албай калат. Анткени жамааттык жоопкерчиликсиздик деген түшүнүк бар. Парламентте аз бирок ири саясий партиялар болсо, калк ким кандай чечимдерди кабыл алып, ким кандай иштеп атканын көрөт. Көп, майда-барат партиялар болгондо кайсынысы кандай иштеп атканын көрүп, аларга баа берүү кыйын болот.

Жаш укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова Конституциянын жаңы долбоорунда адам укуктары боюнча бөлүмгө өзгөчө көңүл бурганын айтат. Ал ар бир сүйлөмдү дыкаттык менен карап чыгып, жакшы жакка өзгөрүүлөрдү көрө албаганына кейиди:

-Биз беш жылдан бери жарандардын тынч чогулуу укугун чектеген мыйзамды жокко чыгаруу тууралуу айтып келе жатабыз. Баш мыйзамдын долбоорунда "тиешелүү органдарга алдын ала билдирүү жиберген соң гана тынч жыйын өткөрүүгө болот" деген шарт дале бар экен. Мындан тышкары адам укуктары боюнча эл аралык нормалар тууралуу дагы долбоордо кеп жок. Конституция, эл аралык нормалар жана ички мыйзамдарды колдонууга жарандардын укуктары бар деп кошуп коюу керек.

Баш мыйзамдын долбооруна ылайык, парламенттик шайлоого жаш курагы 25тен өткөндөр катыша алат. Форум катышуучулары жаштардын парламентке келүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү үчүн 21 жаштан жогору болгондорго шайлоого катышуу укугун берүүнү сунуштады. Конституциялык кеңешме мүчөлөрү жаштардын ушул жана башка сунуштары эске алынып, талкууланаарын айтышты.

XS
SM
MD
LG