Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:31

Тажыматов: Орусия Кыргызстанды байлагысы келет


Саясат таануучу Санжар Тажыматов Кремль Кыргызстанды жалгыз гана Орусиянын таасири астындагы мамлекетке айландырууга кызыкдар деп эсептейт.

- Орус эксперттери Кыргызстан Транзиттик борборду чыгарам деген убадасын аткарбаса, ишенимден чыгат деген пикирин айтты. Мындай билдирүүнүн артында эмне турушу мүмкүн?

- Бул жерде Борбор Азиядагы геосаясый кырдаал эске алынышы керек. Аймактагы өлкөлөр эгемендүүлүк алгандан бери биринчи кезекте Орусия, Кытай, АКШ, Евробиримдик, Пакистан жана Түркиянын таасири күч болууда. Айрыкча Орусия, Кытай жана АКШныкы. Биз азыр дүйнөлүк державалардын чоң оюнунун майданында турабыз.

Орусия жогорудагы маселени эмне үчүн коюп жатат? Себеби бүгүнкү күндө Борбор Азия Орусия үчүн эң чоң стратегиялык мааниге ээ. Аймакта өзүнүн таасирин сактап калуу – Орусиянын дүйнөлүк держава боюнча калышына, бул мамлекеттин биримдиги жана коопсуздугуна зор таасири бар. Ошондуктан Орусия Кыргызстанды Борбор Азияда өзүнүн кызыкчылыгын ишке ашыруунун таяныч пунктуна айландыруу максатын койгондой...

Расмий Москва Кыргызстанды жалгыз гана Орусиянын таасири астындагы мамлекетке айландырууга кызыкдар. Транзиттик борбордун бул жерде турушу алар үчүн жакшы натыйжа бербеши мүмкүн. Ошондуктан Орусия үчүн аталган борборду Өзбекстанга же Орусиянын өзүнө же Казакстанга жылдыруу маселеси турат.

- 2014-жылы коалиция күчтөрү Ооганстандан чыгарылгандан кийин террордук коркунуч күчөп, мындай кооптуу жагдай биринчи кезекте НАТО күчтөрүн колдогон мамлекеттер үчүн түзүлөт деген да ой айтылды...

- Жогоруда аталган мамлекеттердин өзүнчө кызыкчылыгы жана позициясы бар. Позиция жагынан алып караганда, ЖККУ боюнча Орусия бул жерде коопсуздукту камсыздоо позициясында турганын көрсөтүп турат. Ошол эле учурда АКШ Борбор Азиядагы эл аралык коопсуздук маселесин алгандай болуп турат. Бирок бул позиция гана. Ал эми кызыкчылык башка...

- Кыргызстан тышкы саясатында көп вектордуу багытты карманаарын айтып келет. Бирок мындай тактика соңку жылдары өзүн актабай калды деген пикир канчалык жүйөөлүү?

- Азыркы чоң оюндун айлампасында, башкача айтканда, Орусия, Кытай жана АКШ Борбор Азияда чоң оюн жүргүзүп жатканда бул аймактагы мамлекеттер үчүн мындай саясат жүргүзүү жылдан жылга мүмкүн эмеске айланууда. Өзүңүздөр байкагандай, аталган өлкөлөрдүн бизге таасир этүү жолдору өтө көп. Ошолор аркылуу бизге басым жасаганы көрүнүп эле турат. Ал эми көп вектордуу саясат жүргүзүү үчүн Борбор Азияда интеграция жүрүшү керек. Бирок азыр бул аймак андай процесске даяр эмес.
XS
SM
MD
LG