"Азаттык": Байкоочу кеңештер институту башында түзүлгөн максатына жеткен жок деген пикирлер бар. Бул институтту күчтөндүрүү үчүн эмне жетишпейт?
Азамат Акелеев: Таптакыр эле ишке ашпады дегенге болбойт. Ар тараптан карап көрсөк, бир топ эле жетишкендиктер болду. Биринчи кадам болду. Эми экинчи жолкусунда тандоо иштерин жакшыраак жүргүзүп, билимдүү, тармакты жакшы билген, Байкоочу кеңештин ишине активдүү катыша турган, тажрыйбасы бар адамдарды тандап, ошолорду тартуу керек.
Биринчи кадамда деле жалпысынан жакшы иштер, айрым министрликтерде көзгө көрүнүктүү эле жылыштар болуп, натыйжа берди. Байкоочу кеңешке мүчөлүккө сынак болуп жатат. Катышам дегендер 17-ноябрга чейин документтерин тапшырса болот. Мамлекеттик органдардын ишине өзгөртүү киргизем, тажрыйба топтойм деген активисттер, эксперттер сынакка катышып, мүмкүнчүлүктөрүн сынап көрүшсө болот.
"Азаттык": Мурдагы Байкоочу кеңештердин учурунда айрым бир министрлик, структураларда алардын бары-жогу билинген эмес. Ушундан улам Байкоочу кеңештердин макамын карап көрүп, күчтөндүрүү зарылбы деген суроо туулат?
Азамат Акелеев: Мисалы, Каржы министрлигиндеги Байкоочу кеңеш жакшы иштеди. Биздин кеңеште билимдүү, тажрыйбалуу адамдар топтолгон үчүнбү, кандайдыр бир деңгээлде ачык-айкындуулукка жетиштик. Мисалы, мамлекеттик сатып алууларды, мамлекеттик бюджетти интернетке чыгардык, коомдук угуулар болуп турат дегендей.
Байкоочу кеңештерде жигердүү иштеген мүчөлөр боло турган болсо, анда ага эч кандай макамдын кереги жок. Ал өзүнүн иш-чаралары аркылуу коомчулуктун көңүлүн буруу менен өздөрүнө тиешелүү министрлик, органдардын ишин өзгөртүүгө жетишсе болот. Көп учурда маселе ошол кеңешке тандалган адамдарда болуп жатат. Мисалы, Байкоочу кеңештердин иштей албаган мүчөлөрү, тармакты жакшы билбеген, башында максатын түшүнбөй, же өзүнүн кызыкчылыгы менен келген адамдар бар.
"Азаттык": Мүмкүн Байкоочу кеңештердин жоопкерчилигин күчөтүү да зарылдыр?
Азамат Акелеев: Сиз жакшы билесиз, Транспорт министрлигинин Байкоочу кеңеши бир сыйра тарап, кайра чогулду. Анткени министрликтеги коррупция, мыйзам бузууларга каршы күрөш башталганда Байкоочу кеңеш экиге бөлүнүп калды: бир тарабы министрликти жактап, экинчи тарабы, тескерисинче, айыптап дегендей. Ошондуктан ушундай пикир келишпестиктер болбош үчүн Байкоочу кеңештерде көз карандысыз адамдар болууга тийиш. Ошондо гана кандайдыр бир кепилдик болушу мүмкүн.
Байкоочу кеңештерге тандоо иши жакшы жүрүш керек, маалымат жеткирип, элди сынакка жигердүү катышууга чакыруу керек. Анткени катышуучулар көп болсо, алардын арасынан татыктуусун тандап алууга да жеңил болот. Ошондой эле министрликтер да Байкоочу кеңештерди бардык иш-чараларга катыштырып, ачык-айкын саясат жүргүзүүгө тийиш. Алар да бул мүмкүнчүлүктөрүн кеңири колдонушу керек. Анткени министрликтин иш алып баруусунда коомдун пикири абдан маанилүү.