Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:33

Апта: "Кыргызгаз" үчүн күрөш кызыды


Жогорку Кеңештеги оппозициялык фракциялар “Кыргызгазды” “Газпромго” бир долларга сатууга каршы болушу өлкөдө бийлик менен оппозицияны тирештирчү жаңы жагдайды пайда кылды.

"Кыргызгазды" сатуу боюнча маселе узап бараткан жумада кайрадан көнүл чордонуна чыкты. Парламенттеги оппозициялык “Ата-Журт” жана “Республика” фракциялары “Кыргызгаз” ишканасын “Газпромго” бир долларга сатуу боюнча келишимге каршы чыгышты.

"Ата Мекен" ойлонууда

Буга чейин бул келишимди башкаруучу коалицияга кирген КСДП жана “Ар-намыс” фракциялары колдоп берген. Ал эми “Ата Мекен” фракциясы бир жактуу позициясын билдире элек. Алар парламенттин пленардык отурумунда өкмөт башчынын жоопторуна жараша чечим кабыл алууну көздөшүүдө.

“Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Ташболот Балтабаев мындай дейт:

- Биз колдойбуз да, колдобойбуз да деп айткан жокпуз. Ратификациялоо үчүн алып келгенден кийин баары бир палатада чечилет, ошондуктан палатага чыккандан кийин талкуулап, бир чечимге келебиз деген жыйынтыкка келдик.

Балтабаевдин пикиринде, Кыргызстан газ үчүн Өзбекстандан көз каранды. Ал эми газ алууда Ташкенди ийге келтирүү оңой болбой жатат. Ошондуктан Кыргызстан Орусия же Өзбекстанды тандаш керек деген маселе чыгууда.

Кыргыз бийлиги Кыргызстанга “Кыргызгаз” эмес, газ керек деген ураан менен 26-июлда Москвада келишимге кол койгон. Ал келишим ратификацияланса, Кыргызстан “Кыргызгазды” мурунку карыздары жана болгон мүлкү менен “Газпромго” 1 долларга өткөрүп берет. Орусия Кыргызстанды газ менен камсыздоо милдетин мойнуна алат жана Кыргызстандагы газ инфраструктурасына беш жылдын ичинде 20 млрд. рубль же 600 млн. доллардан ашуун инвестиция салышы керек.

Кыргыз өкмөтү “Кыргызгазды” сатуунун дагы бир себеби катары Өзбекстан менен газ боюнча келишимге жетишүү кыйын болуп жатканын негиз кылат. Башкача айтканда, кыргыз бийлиги жыл сайын кыш түшөөрдө Ташкенде “эшик каккылап” турууну каалабайт.

Оппозиция болсо бийлик кирешелүү жана монополист ишкананы башкара албай жатат деп айыптоодо. “Ата Журт” фракциясынын лидерлеринин бири Акматбек Келдибеков “Кыргызгазды” 1 долларга өзү сатып алам деп чыкты. Бул фракциянын жаңы шайланган лидери Мыктыбек Абдылдаев “Кыргызгаз” менен кошо жерлердин өтүп кетиши Конституцияга каршы келерин эскертти:

- Конституциянын 12-беренеси бар. Анда жер жана анын байлыктары, жаратылыш ресурстары мамлекеттин гана менчиги болот деп жазылган. Премьер-министр жана өкмөт аны четке кага албайт.

“Республика” фракциясы “Кыргызгаздын” “Газпромго” өтүшү менен Кыргызстандын Орусияга көз карандылыгы күчөйт деп, келишимди кайра карап чыгууну сунуштады.

Бул жагдайлар “Кыргызгазды” менчиктештирүү иши саясатка айланып баратканынан кабар берет. Оппозиционерлер кыябы келип турган шартта бийликти сындап, мамлекетти сатып түгөтүүдө деп саясий упай топтоодо. Ошентип бийликтин "бизге "Кыргызгаз" эмес, газ керек" деген урааны аркылуу "Кыргызгаздын" 1 долларга сатылышына олуттуу оппозиция түзүлүп калды. Парламенттеги эки фракция ачык каршы болсо, бир фракция жагдайды карап калды.

Кумтөр аркылуу упай топтоого бийлик да кириштиби?

Парламенттик шайлоо жакындаган сайын популисттик багыттагы кадамдар бийлик тарабынан да жасала баштады. Маселен, "Кумтөрдүн" 50% алуу менен тарыхый адилеттүүлүк калыбына келет деген жогорку жетекчилер эми кенди улутташтыруу мүмкүнчүлүгүн айта башташты. Буга чейин алар 50% ашыкты талап кылууну саясий оюн катары баалашкан эле. Маселен, президент Алмазбек Атамбаев жана өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев "Кумтөрдөгү" Кыргызстандын үлүшүн 67% жеткирүү аракетин парламенттик шайлоонун жакындашы менен байланыштырышкан. Эми болсо президент Атамбаев "Кумтөрдүн" 67% эле эмес, кенди бүтүндөй мамлекеттин колуна алуу мүмкүнчүлүгүн айта баштады.

Бул шайлоо өнөктүгүнө бийлик да киришип, саясий күчтөрдүн ортосунда “убадалар жарышы” башталганынан кабар берет.

Экинчи жагынан, бийлик башчыларынын Кумтөрдү улутташтыруу мүмкүнчүлүгүн ачык айта башташын канадалыктарга басым катары түшүнүүгө да болот. Анткени муну менен кыргыз президенти, парламент жана өкмөт бир позицияда экенин “Центерранын” жетекчилигине көрсөтөт. Эгерде канадалыктар "Кумтөрдүн" көпчүлүгүн Кыргызстанга бербесе, анда алар таптакыр куржалак каларын ачык эскертишет.

Бирок бийлик башындагыларда "Кумтөрдү" улутташтыруу олуттуу максат болсо, анда эл аралык сотто Кыргызстандын утулуп калуусуна мүмкүнчүлүк түзөөрүн эксперттер эскертишүүдө.

Кыргызстандын мурунку юстиция министри Марат Кайыпов:

- Улутташтыруу деп коё турган болсок, Кыргызстанды сотко бергенге “Центеррага” биз өзүбүз жол ачып беребиз. Улутташтырып алсак, утулуп калуу мүмкүнчүлүгү да бар. Андан көрө ошол келишимди жокко чыгарып, андан кийин “Центерра Голд” менен тең ата сүйлөшүш керек. Экинчиден, Атамбаев да, премьер-министр Сатыбалдиев да бир ооздон "Кыргызстанда адистер жок, юристтер жок, соттошсок утулуп калабыз" деп айтып атышат. Эч убакта андай бечара болбош керек. Адистер бар. Сунуштарды бергенбиз. Ачып карап окуп коюшкан жок.

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдырахманов да улутташтыруу кендин талкаланышына жеткирет деп эскертти. Кыргызстан Тоо-кенчилер бирикмесинин башчысы Орозбек Дүйшеев улутташтыруу Кыргызстанды ири суммадагы чыгашаларга алып келээрин айтат.

Бирок "Кумтөр" маселесинде демилгени колдон чыгара баштаган бийлик аны кайра колго алуу үчүн жана келечектеги шайлоого упай топтоо үчүн кенди улутташтырууну олуттуу түрдө карап жаткандай. Айрым өкмөт мүчөлөрүнүн коомчулукка ачык айтылбаган пикирлери да мына ошону тастыктоодо.

Парламенттик шайлоо жакындаган сайын жаңы партиялар түптөлүп, саясий күрөштө жеңип чыгуунун камын көрүп жатышат. Маселен, жакында эле “Эмгек” партиясы курултайын өткөрсө, андан кийин КСДП жыйырма жылдыгына карата курултай чакырды. 16-ноябрда болсо “Бир бол” аттуу партия экинчи курултайын чакырды. Бул партияны “Республикадан” бөлүнүп чыккан депутат Алтынбек Сулайманов түптөгөнү маалым. Келерки жылы партиялардын мындай парады азыркыдан да шоокумдуу жана түркүн-түстүү болооруна шек жок.

Экономикада эмне кеп?

Саясий жүрүштөрдөн өксүгү жок Кыргызстан экономикасын бутка тургуза албай убара. Өкмөт быйылкы жылдын он айында экономика 10% ашуунга өскөнүн даңазалап жатканы менен, ал өсүш негизинен Кумтөрдө алтын дурус казылганына байланыштуу. Кумтөрдөн башка өнөр жайы эч кандай өсүш берген эмес.

Дурус көрсөткүчтөргө салым кошуп жаткан курулуш тармагы, Кыргызстандагы көмүскө экономика жана мигранттардын акчасы, Кытай насыясынын таасир экени маалым.

Ал эми Кыргызстан чоң үмүт артып турган энергетика, тигүүчүлүк жана текстиль тармактары жыл башынан аксап келатат. Энергетика тармагы Токтогул суу сактагычында суунун аздыгына байланыштуу төмөндөсө, тигүүчүлүк өрүш алып кете албай, өксүп турат.

Экономика министрлигинин макроэкономикалык башкармалыгынын башчысы Насирдин Шамшиев Кыргызстандын тигүү тармагы Орусия жана Казакстандын талабы өскөн кардарларын канааттандыра албай калды дейт:

- Тигүүчүлүккө, текстилге Орусия жана Казакстанда суроо-талаптын азайышы таасир этип жатат. Булар биздин негизги соода өнөктөр. Себеби инфляция өтө төмөн болуп жатат. Инфляция төмөн болгондой негизинен суроо-талап азайат. Анын үстүнө Орусияда суроо-талаптын структурасы өзгөрүүдө. Синтетикалык кездемеден тигилген товарларга суроо-талап азайып атат.

Быйылкы жылдын он айындагы көрсөткүчтөргө токтоло турган болсок, ички дүң өнүм 110.2% өскөн. Тармактар ичинен курулуш 121.5%, негизги капиталга инвестиция 114%, кызмат көрсөтүү 112%, айыл чарбасы 103.3% өскөн.

Ал эми электр энергиясын өндүрүү 3%, Кумтөрдү кошпогондо тоо-кен тармагы 7% ылдыйлап кеткен. Тигүү жана текстиль тармагындагы төмөндөөлөр Кыргызстандын экспортунун көлөмүнүн ылдыйлашына алып келген.

Быйылкы жылдын тогуз айында экспорт жалпысынан 1 млрд. 57 млн. доллар болуп, 3% төмөндөгөн. Импорт 4 млрд. 273 млн. доллар болуп, дээрлик 13% өскөн. Натыйжада тескери сальдо төрт эседен ашып кеткен.

Инфляция он айда 2%, ал эми орточо эмгек акы 11 миң сомго жеткен.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG