Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:40

Бишкек мэри жер саткан-сатпаганы иликтенет


Ата-Түрк паркына курулуп жаткан үй.
Ата-Түрк паркына курулуп жаткан үй.

Мэр Иса Өмүркулов Бишкектин парк зоналарында жерлерди сатып жатканын Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын мүчөсү Данияр Тербишалиев билдирип чыкты. Мэрия аны толук төгүнгө чыгарууда. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары болсо мамлекеттик сыр дегенге шылтоолоп, Бишкектин генералдык планы берилбей жатканын билдирүүдө.

КСДП фракциясынын мүчөсү Данияр Тербишалиевдин парламенттеги билдирүүсүнө караганда, Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов 2010-жылдын соңунда борбордун башкы планына өзгөртүү киргизген. Мына ошол өзгөртүүлөргө ылайык өзгөчө кароодо турган жерлер менчикке бериле баштаган дейт депутат Тербишалиев:

- Мына ошол өзгөртүүлөргө ылайык өзгөчө кайтаруудагы Жеңиш, Ата-Түрк, Жаштар эс алуу жайларынан, Каражыгач багынан менчикке жер берилген. Бул жерлерден жер берүү схемасы 2006-жылдан бери уланып келатат. Жеңиш паркынан 2006-жылы 8 гектар жер берилген. “Ата-Түрк” эс алуу жайынан 50 гектар, Жаштар эс алуу жайынан 10 гектар, Кара-Жыгач токоюнан 20 гектар жер тилкеси берилген.

Бишкектеги Ата Түрк паркына курулган үйлөр.
Бишкектеги Ата Түрк паркына курулган үйлөр.
Депутат Тербишалиев бул эс алуу жайларынын кээ бир бөлүктөрүндө 1 гектар жер 1 млн. долларга бааланарын кошумчалады.

Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев депутаттын маалыматын иликтеп чыгаарын айтты.

Ал эми Бишкек шаарынын мэриясы депутат Тербишалиевдин сөзүн 28-мартта толук төгүндөп чыкты. Мэриянын басма сөз кызматынын жетекчиси Чынара Усупбаева:

- Биз депутаттын билдирүүсүнө такыр макул эместигибизди билдиребиз. Ал билдирүү депутаттын компетентсиздигин жана маалыматы жоктугун билдирет. Бишкектин Генералдык планына өкмөт гана өзгөртүү киргизе алат. Ал мэр киргизди деп жатат. 2010-жылдын апрель айынан бери парк зоналарынан жер бөлүү токтотулган. Ал эле эмес мурун берилген жерлерди кайтаруу боюнча аракеттер жасалып жатат.

Ошол эле мезгилде мэриянын басма сөз кызматынын жетекчиси депутаттын сөзү түштүк магистралында жайгашкан “Ала-Тоо” ресторанына байланыштуу болсо керек деп, бирок ал жер Жеңиш паркынын аймагына кирбесин кошумчалады.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Эрнис Докенов парк зоналарында жана башка жерлерде жүрүп жаткан курулуштар жер берилип жатканын тастыктайт дейт. Мына ошол жерлер качан жана ким тарабынан берилгенин аныктоо мүмкүн болбой жатат. Анткени Генералдык планды жана башка документтерди бизге көрсөтпөй жатат дейт Докенов:

Бишкектеги Ата Түрк паркына курулуп жаткан үйлөр.
Бишкектеги Ата Түрк паркына курулуп жаткан үйлөр.
- Мен берген жокмун, мага чейин берилген деп жатпайбы Иса Өмүркулов. Негизинен ал келгенден бери берилип жатат. Мэрдин мен берген жокмун дегенинин бир чети туура. Анткени ал документтерге кол койгон жок. Анын орун басарлары, Капиталдык курулуш боюнча башкармалыктардын башчылары коюп жатат. Ошон үчүн айтып жатат мен берген жокмун деп. Бирок анын буйругу менен берилип жатат. Бул мыйзамсыз. Бизге маалымат берилбей жатат. Ошон үчүн биз депутаттарга бергиле, биз көрүшүбүз керек, билишибиз керек деп жатабыз.

Шаардык кеңештеги КСДП фракциясынын мүчөсү Жусуп Бошкоев Бишкектин Генералдык планын депутаттар көрүүсүнө мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи. Ошол эле мезгилде парк зоналарынан жер берилүүдө деген билдирүүнү шаардык кеңеш карарын айтат:

- Жанагындай сөз болуп жаткандан кийин комиссия түзүп, аны карашыбыз мүмкүн. Анткени маселе дагы көтөрүлүшү ыктымал.

Бошкоевдин маалыматы боюнча, 2-апрелде шаардык кеңештин сессиясы болот. Сессияда биринчи маселе Бишкектин бюджетин бекитүү болмокчу. Андан кийин кошумча маселе катары парк зоналарында жер берилди деген маалымат каралышы мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG