Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:44

Бийликчил партиялар деле жакындарын тартууда


Кыргызстанда аткаруу жана жергиликтүү бийлик органдарына башкаруучу коалицияга кирген депутаттардын жакын туугандары көбүрөөк дайындала баштады.

Мурунку бийлик учурунда президенттин жакындары таасирлүү орундарды ээлеп алса, азыркы кезде ал партиялык деңгээлде кайталанып жатабы?

Бийлик орундарга туугандарын жайгаштыруу жагынан коалицияда “Республика” фракциясы алдыда. Бул түшүнүктүү. Анткени “Республиканын” лидери өкмөттү жетектеп турат.

Фактыларга токтолсок, азыркы мезгилге карай “Республика” фракциясынын лидери Канат Исаевдин иниси Талант Исаев республикалык МАИ кызматына башчы болуп дайындалды.

Дагы бир “республикачы” депутат Нурбек Алимбековдун иниси Давлетбек Алимбеков өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болсо, Бакыт Төрөбаевдин бир тууганы Аскарали Төрөбаев жоюлуп кеткен Финансы полициясынын ордуна түзүлгөн Экономикалык кылмыштуулукка каршы мамлекеттик кызматтын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды.

Район акимдерин дайындоодо мына ушундай көрүнүштөр орун алган. Маселен, “республикачы” Назарали Ариповдун бир тууганы Тилеберди Арипов Лейлек районуна аким болду. Ноокат районунда көрүнүктүү “республикачы” Алтынбек Сулаймановдун адамдары отурукташып калышкан.

Жарандык коомдун өкүлү Качкын Булатов кадр саясатынын мындай жол менен жүргүзүлүшү коррупцияга каршы күрөшүүгө тоскоол болот деп, Башкы прокуратура тарабынан айыпталып жаткан Аскарбек Шадиевге байланыштуу окуяны мисал келтирди:

- Мурун Бакиевдин үй-бүлөлүк кланы болсо, азыр партиялык клан. Эч айырмасы жок. Алар деле уюшулган топ болсо, булар деле уюшулган топ болуп жатат. Мына, Шадиевдин үстүнөн кылмыш иш козголду эле, парламентте колдогон депутаттар көп болуп жатат. Андай болбойт да. Бизде министрлердин баарын эле парламент колдосо, анда булар “уюшулган кылмышкерлер” болуп калат.

“Республика” фракциясынын мүчөсү Курманбек Дыйканбаев аткаруу бийлигине чет өлкөлөрдө билим алган башка жаштар келип жатканын белгилеп, буларга токтолду:

- Эми булар саясатты аныктаган биринчи орундарда эмес. Алар аткаруучу, орун басар, бөлүм башчы болуп иштеп жатышат. Кыргызстан алакандай элебиз. Керек болсо куда-сөөк, жек-жаат, таеке бизде көп да. Анын баарын эсептеп көрсөк чырмалышкандар көп. Династия болуп келаткандар бар. Ошон үчүн аткаруу бийлигине азыр башкача көз караш менен караш керек. "Азыр аткаруу бийлигине убакыт берип, иштей алабы? Мына бул мекеме керекпи" деген маселени коюушубуз керек.

“Кылым шамы” өкмөттүк эмес уюмунун лидери Азиза Абдирасулованын айтымында, коалицияга кирген фракциялар кызматтарды бөлүштүрүп, бири-бирин көзөмөлдөбөй калганы кемчилик болуп жатат:

- Партия-партия болуп бөлүп кеткенден кийин партия өзү чечет, анын ички иши дегендей болуп калышты. Ошондуктан “Республика” партиясына кайсы министрлик, кайсы аймак тийген болсо, башка партия, мисалы, ошол эле “Ата Мекен” же КСДП “Республика” кимди дайындаганын көзөмөл кылбай, "бул партиянын ички иши, биз ага киришпейбиз" дегендей болуп жатат. Булар кадрдык саясатка үстүртөдөн карап коюшту. Жоопкерчилик, көзөмөл деген жок болуп калды. Бул дагы биздин парламенттик башкаруунун жетишпеген жагы, кемчилиги болуп жатат.

Азиза Абдирасулованын пикиринде, партиялардын артында кландар, тууган-уруктар болуп жатканы мына ушундай көрүнүштөргө алып келүүдө.

Жакын туугандарын, балдарын жылуу-жумшак жайларга жайгаштыруу “Республика” фракциясында эле эмес, башка фракцияларда да орун алган. Жакын тууганы аркылуу “майлуу-сүттүү” ишкананы арзан сатып алган депутаттын чыры да коомчулукка маалым.

Мындай тенденциялар коррупцияга каршы күрөштүн натыйжалуулугун азайтпай койбойт. Анткени бир бийлик бутагында отурган жетекчи, экинчи бийлик бутагындагы тууганы кемчилик кетирсе, аны коргоп калууга бардык аракеттерди жасаары турган иш.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG