Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:07

Башкы прокурордун орун басарлары алмашты


Башкы прокурордун биринчи орун басарлыгынан бошогон Рыскул Бактыбаев.
Башкы прокурордун биринчи орун басарлыгынан бошогон Рыскул Бактыбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев башкы прокурордун үч орун басарын алмаштырды. Бул коррупцияга каршы күрөштү күчтөндүрүү максатында жасалганы айтылууда. Мындай кескин чечим ар кандай жоромолдорго жол ачууда.

Президент өз буйругу менен Рыскул Бактыбаевды башкы прокурордун биринчи орун басарлыгынан, Байтемир Ибраев менен Бакыт Осмоналиевди башкы прокурордун орун басарлыгынан бошотту. Алардын ордуна Нурлан Жээналиев, Людмила Усманова жана Уланбек Халдаров дайындалды.

Президенттин маалымат катчысы Кадыр Токтогулов бул чечимди коррупцияга каршы күрөштү күчтөндүрүү кадамы катары түшүндүрдү:

- Белгилүү болгондой, президент Коргоо кеңешинин быйылкы жыйынында бул органдын кадрдык потенциалын жогорулатуу керектигин айткан. Мына ушунун негизинде жаңы орун басарлар ишке киришти. Учурда башкы прокуратуранын алдында коррупцияга каршы күрөш, коомдук коопсуздук боюнча чыккан жардыкты аткаруу талабы турат. Жаңы дайындалган адамдар баш прокурор менен бирдикте мына ушул милдеттери аткарышы керек.

Алмазбек Атамбаев январь айындагы Коргоо кеңешинин жыйынында коррупциянын гүлдөшүнө прокуратура органдарынын начар иши да себепчи болуп жатканын белгилеп, сот жана прокуратураны тазалоо зарылдыгын билдирген. Андан көп өтпөй башкы прокурор Аида Салянованы кабыл алып, 2010-жылдагы апрель, июнь окуяларынын күнөөлүүлөрүн, банк уячаларына байланышкан ишти ачууну жана коррупционерлерди ашкерелөөнү талап кылган.

Жарандык коом ичинде мамлекет башчысынын бул кадамын кубаттагандар арбын. Маселен, “Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова кызматтан алынган орун басарлардын ишинде күмөндүү жагдайлар болгонун белгилейт:

- Президенттин бул чечимин абдан кубаттайбыз. Себеби, баш прокурордун мурунку орун басарлары бүдөмүк иштерге киришип, мыйзамга каршы иштерди жасап келген эле. Мен ойлойм, буларга кылмыш иши да козголуп, соттун алдында турса керек. Бул кадам коррупцияга каршы, мыйзамдуулукту орнотууга реалдуу кадам, тазалануу процесси.

Мурдагы башкы прокурор Кубатбек Байболов да прокуратурадагы өзгөрүүлөр өз маалында жасалганын айтууда:

- Менимче, Коргоо кеңешиндеги прокуратуранын дарегине айтылган кемчиликтердин негизинде ушундай чечим кабыл алынды. Чындыгында эле маселелер көп болуп жатпайбы. Маселен, мен башкы прокурор болуп дайындалган учурда эле ушул сыяктуу чечимдерди сунуштасам, кабыл алынган эмес. Анда абал бир аз олку-солку болуп турбады беле. Бирок эртедир-кечтир ушуга окшогон чечим кабыл алынышы керек болчу. Керек болсо мындан да орчундуу реформалар жасалышы керек.

Башкы прокурордун биринчи орун басарлыгынан бошогон Рыскул Бактыбаев ишиндеги кемчиликтерден улам кызматтан алындым деп эсептебейт. Анын айтымында, кадрдык алмашууларды бул органдагы кезектеги кан алмашуу катары кароо керек:

- Мен бул кызматта үч жарым жылдан ашык иштедим. Ал учурда апрель окуясы, Ош окуясы жана башка өлкө тагдыры үчүн маанилүү окуялар болуп өттү. Өзүмдүн баардык кесиптик илимим, билимимди ушул кызматка арнадым. Эми азыр президенттин кабыл алган чечими мага эле эмес, жалпы орун басарларга тийиштүү болду. Демек, прокуратурага жаңылануу керек. Буга мен макулмун.

Кыргызстанда прокуратура органдары мурдагы бийлик тушунда саясий тапшырма аткарган мекеме деген атка конгон. Адвокат Нурбек Токтакунов бул ирет да прокуратурада реформаларды жүргүзүүнүн ордуна, эл көзүнө өзгөрүүлөр болуп жаткан түр көрсөтүү үчүн гана Алмазбек Атамбаев жакын адамдарын бул кызматка тарта баштады деген пикирде:

- Бул дайындоолор жөн гана саясий орун алмашуу сыяктуу сезилип жатат. Учурда бардык жерде өкмөттө, жаңы президент шайланган соң өзгөрүүлөр болуп жатпайбы. Ушул сындуу эле башкы прокуратурадагы өзгөрүүлөрдү ушундай саясий орун алмашуу, же жаңы бийликтин өзүнө жан тарткан адамдарын коюу катары эле баалаймын. Болбосо, прокуратурада принципиалдык өзгөрүүлөр болооруна көзүм жетпейт.

Башкы прокурордун биринчи орун басары болуп дайындалган Нурлан Жээналиев буга чейин Жалал-Абад облусунун прокурору, ал эми орун басарлар Уланбек Халдаров Бишкек шаарынын прокурору жана Людмила Усманова башкы прокуратуранын кадрлар башкармалыгын башчысы кызматын аркалап келген.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG