Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:51

Кайран Доке...


Дооронбек Садырбаевдин Ала-Арча көрүстөнүндөгү эстелиги, 2009-жылдын 30-майы.
Дооронбек Садырбаевдин Ала-Арча көрүстөнүндөгү эстелиги, 2009-жылдын 30-майы.

13-февралда Кыргыз Республикасынын Баатыры, белгилүү коомдук, саясий жана маданий ишмер Дооронбек Садырбаев тирүү болгондо 73 жашка чыкмак.

2008-жылы апрель айынын башталышында парламент жыйынын чагылдырсамбы деп Жогорку Кеңешке барып калдым. Жыйындар залынын кире беришинде депутат Дооронбек Садырбаев турган экен, Учураша калсам: “Эч кимге интервью бербейм. Журналисттер бардыгыңар Бакиевдин этегине намаз окуп калдыңар. Бээ десе, төө деп жазып калдыңар” деп эле мурду менен бир тийди. Ой, Доке, өңгө өңгө, “Азаттык” качан сиздин айткандарыңызды бурмалады. Сизге мен журналист катары эмес чыгармачыл иниңиз катары салам айтып, баарлашкым келип турат,- деп жооткоттум.

Ошондо кайран Докем мыйыгынан күлүп, анан кызуу кепке кирип кетти эле. Ошондогу маектен үзүндү:

- Азыр атка минерлер өзүнүн жанын сакташ үчүн прокурорду сактайт. Прокурор өзүнүн жанын сакташ үчүн сотту сактайт. Сот өзүнүн жанын сакташ үчүнминистрди сактайт. Мына уюгушкан, үйүгүшкөн кылмыштуулук деген ушул. Мындайча айтканда, мамлекетте карапайым адамдын тагдыры тууралуу кичинекей болсо дагы ойлонгон, мамлекеттүүлүк жөнүндө, кыргыз эли жөнүндө терең ойлонгон жетекчилердин жок болуп жатканы кейиштүү, - деген жарыктык Докем.

Ошентип кызуу сөзгө кирип кеткен экенбиз, бир кезде ашказанын басып, ооруксунуп отуруп калды. Ашказаныңыз ооруп атабы?.. Сизди ууландырды деген чын го? - десем: “Ээ балам, бул бийлик ууландырмак түгүл тирүүлөй өрттөгөндөн да кайра тартчудай эмес, буларды кудайга койдум”, - деп эрдин тиштеген.

Ошондон көп өтпөй кайран Докем о дүйнө салып кете берди.

Учурунда Докенин жанында үзөнгүлөш жүрүп, сырын жакындан билген коомдук ишмер Азимбек Бекназаров ошондо аны ким ууландырганы табышмак бойдон калганын айтат:

- Бу киши ооруканга жатып калды. Ошондо Данияр Үсөнов баш болгон бир топ адамдар дары-дармегинен жардам берип жүрдү. Ошондо “ууланып калдым”,- деп атайын ооруканага жатып жүрдү. Эми ооруканага жатканы чын. Дарыланганы чын. Анан ошондон кийин ден-соолугуна жакшы келе албай жүргөнү чын. Бирок ким ууландырды, кантип ууландырды, ал жагын айта албайбыз.

Азимбек Бекназаров ошондой эле эл деп күйгөн Доке Каркыранын Казакстанга берилишине каршы ошол кездеги оппозициянын Түптөгү жүрүшүндө бийлик уюштурган албуут аялдардын оппозицияга каршы кылыгына өкүнгөн бойдон кеткенин кошумчалайт:

- Саясатта дагы карапайым эл тарабында болуп, эл үчүн чыркырап таламын талашып жүрдү. Дайыма ушул “Кыргызым” деп турган киши эле. Өлөөрүнө жакын баягы Каркыраны талашып Түп районуна буту аксап, балдагын таянып барганда чагымчылар жумуртка ыргытып, таш атканда бутуна таш тийген. Биз бир машине менен бардык эле. Келатканда дагы бир машинеде элек, анан Докем ыза болуп калды. Аябай капа болду. Ошондо“Бу элибиз качан оңолоор экен. Качан бирөөлөрдүн акча-буюмуна алданганын токтотоор экен”,- деген өкүнүч менен келип, ошол арманы ичинде кетти.

2009-жылы 30-майда Ала-Арча көрүстөнүндө Дооронбек Садырбаевдин бейитине эселиги коюлуп, андагы эскерүү кечесинде азыркы президент Алмаз Атамбаев: “Бизге азыр Докебиздей аксакал абдан жетишпей атат. Эмнеге биздин турмуш барган сайын онолбой баратат!? Анткени Докебиздей кыргыздын аксакалдары таптакыр эле азайып калды. Мына мен Докебизди кыргыздын Бакай бабабызга, Кошой бабабызга теңейт элем. Анткени кыргыз жери, эли үчүн өмүрүн, ден-соолугун берди”, - деген эле.

Мына ошол Докемдин каза болгондугун бир жылдыгында экс-президент Роза Отунбаева да: “Докемдин турмушунун баары эле күрөш болчу. Докем революциянын башында турган адам, Докем Кыргызстан азаттыкта болсун, эгемендүү болсун, кыргыздар сабаттуу болсун деп өмүрүн берген адам. Ушундай жалындуу инсан, жүрөгү күйүп турган адамдар Кыргызстанда көбүрөк болсо, кыйла жакшы жашайт элек,”- деген баасын берген.

Ал эми белгилүү коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев болсо Дооронбек Садырбаев көп кырдуу талант болгонун белгилеп, саясатта дагы, коомдук иштерде дагы өзгөчө орду, бектен-оттон тартынбаган көйкашкалыгын белгилеп, анын экинчи арманы - “Кайран эл” тасмасы Коопсуздук кызматынын камагына алынып, экранга чыкпай калганы экенин айтты.

- Дооронбек Садырбаев кыргыз деп күйгөн, эли үчүн жанын садагага чабууга даяр намыскөй инсан эле. Анын 1991-жылы бир ирет көпчүлүккө көрсөтүлгөн айтылуу “Кайран эл” деген тогуз бөлүктөн турган кинотасмасын УКМК камакка алып, раматылык Апсамат Масалиев да уруксат бербей койгон. Мына ошол тасма дагы эле Коопсуздук кызматында катылып жатат. Андагы кыргыз элинин башынан кечирген оор трагедиясын азыркы муундарга көрсөтүп, патриоттуулукка көрсөтүш керек эле.

Топчубек Тургуналиев ошондой эле Дооронбек Садырбаевдин чыгармаларында дагы акыйкаттык, адилеттик, эл-жер деген темалар басымдуулук кылаарын белгиледи.

Дооронбек Садырбаев 1939-жылы 13-февралда Жалал-Абат облусунун Ноокен районундагы Апыртан айылында туулган. Ленинграддагы Театр, музыка жана кинематография институтунан билим алып, “Кыргызтелефильм” студиясында 70тен ашуун даректүү, “Арман”, “Айыл мозаикасы”, ”Махабат дастаны”, “Акбаранын көз жашы” өңдүү 16 көркөм тасма, Үркүн тууралуу “Кайран эл” тарыхый-публицистикалык фильмин тартты. 90-жылдардагы Ош окуясы тууралуу дагы видеотасма тарткан. Ошондой эле Садырбаевдин калемине таандык адабий чыгармалардын сегиз жыйнагы жана 700дөн ашык публицистикалык макалалары жарык көргөн.

Бир катар ырларына обон да жаралган. Дооронбек Садырбаевдин “Раймалынын ыры” деген ырына маркум, обончу Асанкалый Керимбаев төмөндөгүдөй обон чыгарган.





Дооронбек Садырбаев 2008-жылы 27-майда Чүй облустук ооруканасына оор абалында түшүп, бир күн өтпөй каза тапкан эле. Көзү өткөндөн эки жылдан соң, өлкөдө бийлик алмашкандан кийин, 2010-жылдын 29-октябрында маркум Докеге “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамы ыйгарылган.

XS
SM
MD
LG