Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:36

Алымбай Султанов иштен алынды


Алымбай Султанов
Алымбай Султанов

Премьер-министр Маңзатты көзөмөлдөө кызматынын ишин сындап, анын жетекчиси Алымбай Султановду үч орун басары менен жумуштан бошотту.

Премьер-министр Темир Сариев 1-июлда аталган кызматтын жыйынында маңзатка каршы күрөштү сынга алды жана жетекчиси Алымбай Султановду үч орун басары менен жумуштан бошотту.

Маңзатты көзөмөлдөө кызматынын иши жана жетекчиси Алымбай Султанов боюнча орун басарларынан түшкөн арыз-дооматты текшерүү үчүн өткөн айда мекемелер аралык комиссия түзүлгөн.

Премьер-министр Темир Сариевдин маалымат катчысы Бакыт Асановдун ырасташынча, комиссия аталган кызматта оор кырдаал түзүлгөнүн, иши натыйжалуу болбой калганын аныктады:

- Темир Сариев Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын жогорку жетекчилеринин ортосундагы араздашуу ишке терс таасирин тийгизгенин сынга алды. Мамлекеттик орган жетекчиси менен орун басарларынын бири-биринин үстүнөн арызданганы анын тажрыйбасында биринчи жолу болуп жатканын белгиледи. Бул кызмат өлкөдөгү баңгизаттарга каршы негизги координациялык мамлекеттик орган болгонуна карабай, эч кандай координациялык иштерди жүргүзбөгөнүн айтты. Премьер-министр аталган кызматтын негизги милдети трансулуттук уюшкан кылмыштуу топторунун контрабандалык каналдарын аныктап, жок кылуу экенин эскертип, акыркы жылдары мындай ишмердик жүргүзүлбөй калганын сынга алды.

Маңзатты көзөмөлдөө кызматынын ичиндеги араздашуу май айында эле белгилүү болгон эле. Өкмөттүн жыйынында аталган кызматтын башчысы Алымбай Султановго анын орун басарлары нааразы экени айтылган. Султанов болсо орун басарларын ишин эптей албайт деп айыптаган.

Кыргызстанда маңзатка каршы Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет өңдүү күч структураларынын баары күрөшөт. Атайын кызматтардын генералы Артур Медетбеков Маңзатты көзөмөлдөө кызматы мүмкүнчүлүгү жана каражаты чоң экенине карабай чабал болуп жатканын, айрыкча маңзаттын оор түрүн кармоодо көрсөткүчтөрү начар экенин белгиледи:

- Мисалы, быйыл УКМКнын кызматкерлери, ал жактагы чакан бөлүм 150 килограммдан ашык героин кармады. Бул Маңзатты көзөмөлдөө кызматынын бир канча жылдык көрсөткүчүн кошкондогу жыйынтыгын алар бир эле жолу берип коюшту. Оор маңзат делген апийим, героинге каршы күрөштө чоң ийгиликтерге жете элек. Алардын башка укук коргоо органдарына караганда акчасы да, мүмкүнчүлүктөрү да, маяналары да жакшы. Маңзатты көзөмөлдөө кызматынын иши соңку беш жылда начарлап кетти.

Медетбеков маңзат соодасына күч түзүмдөрдүн өкүлдөрү өздөрү аралашкан фактыларга токтолду. Тазаланууну, күрөштү эң ириде өздөрүнөн башташы керектигин кыйытты:

- Маңзат соодасында укук коргоо органдарынын айрым адамдары отурганы жашыруун деле эмес. Ири өлчөмдөгү маңзаттын Кыргызстан аркылуу ташылышына күч түзүмдөрүндөгү ыплас кызматкерлер себепкер. Айрыкча бул өлкөнүн түштүгүндө күч алган.

Маңзат соодасына байланыштуу күч органдардын өкүлдөрүнөн сырткары коомдук-саясий ишмерлер, журналисттер жана аты чыгып калган партиянын мүчөлөрү да кармалган учурлар болгон. Талдоочу Александр Зеличенконун баамында, маңзат соодасы мурдагыдай эле гүлдөп жатат:

- Маңзат боюнча кырдаал оор эле. Кыргызстан эми күрөшкөнгө аракет кылып жатат. Бирок өлкөнүн чарк-чамасы чектелүү да. Ошондуктан башка мамлекеттер, эл аралык уюмдар менен биргелешип аракет кылуу керек. Азыр маңзатты аз өлчөмдө ташыгандар эле кармалып жатат, ал эми маңзат соодасын уюштургандар, аны жетектеп башкаргандар, мындайча айтканда, акулалар кадимкидей эле жүрүшөт. Алардын көбү коомчулукка деле белгилүү.

Алымбай Султанов Маңзатты көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси болуп 2012-жылы дайындалган. Ал президент Алмазбек Атамбаев менен куда. Кызматта турганда бир дагы жолу маалымат жыйын өткөрүп, теле-радиого интервью берген эмес. Анын ордуна премьер-министрдин жардыгы менен Ички иштер министрлигинин 10-башкармалыгынын жетекчиси Рафик Мамбеталиев дайындалды.

Мурунку президент Курманбек Бакиевдин тушунда Маңзатты көзөмөлдөө кызматы керек эмес деген жүйө менен жоюлуп кеткен жана апрель ыңкылабынан кийин кайра түзүлгөн болчу.

XS
SM
MD
LG